Мен суу ташыйм

Мен суу ташыйм күрткүлөргө карабай,
Барган сайын кыйын болуп баратат.
Бирок кандай оор болсо да, жадабай
Ардагыма суу ташысам жарашат.

Таңдан кечке музду тешем балталап,
Өзөн тоңуп, айта көрбө күн суугун.
Ал, жаркыным, чакаларды кайталап,
Муздан чайнап, аш бышырып, кир жуугун.

Бир күрткүдөн бир күрткүгө умтулуп,
Кең пейилден чылым чегем үч ирет.
Мен суу ташыйм өлгүчөктү жулкунуп,
Анан билбейм, бул ишти ким бүтүрөт.

Анан кандай? Элестетип кайгыргам:
Сен өзөндү карап турдуң капада,
Эстейсиң го ак сүйүүңдү айрылган,
Эстен чыгып суу тоңгону чакада...

Азыр эрте, узак болсун ылайым
Карды таптап, чыйыр салган түндөрүм.
Таң калып да, жакшы билет Кудайым:
Жер бетинде неге жашап жүргөнүм.