Владислав Отрошенко

Отрошенко Владислав Олегович (1959-ж. т.) — жазуучу, эссечи. РФнын Өкмөттүк сыйлыгынын (2014), «Ясная Поляна» сыйлыгынын (2003) жана башка орус, европа сыйлыктарынын лауреаты.
Новочеркасск шаарында туулган. М. В. Ломоносов ат. ММУнун журналистика факультетин аяктаган. Радиодо иштеген, сабак берген. Европа университеттеринде орус адабияты боюнча докладдарды жана дарстарды окуган. «Пасхалык хокку. Үч саптар» аттуу алгачкы китеби 1991-жылы жарык көргөн. «Азиз, мени жетеле», «Ишенимден тыш киши», «Жаратмандыктын жашыруун тарыхы», «Сүрөт альбомуна тиркеме» романдары ж. б. чыгармалары орус коомчулугунда гана эмес, эл аралык да таанылууга ээ болгон. «Гоголиана жана башка тарыхтар» эссе китеби менен «Сухов-Кобылин. Орус драматургунун кылмыш иши жана тагдыры тууралуу роман-иликтөө» даректүү романы интеллектуалдык бестселлерлерден болуп саналат.
Европалык сынчылар Отрошенкону «Түштүк адамы, фантастикалык дүйнө менен сезимталдык атмосферасынын лирикалык ойлоп табуучусу» деп аташат; аны Милорад Павич жана Маркес менен салыштырышат. Жазуучунун негизги темаларынын бири — орус казактарынын турмушу. Сынчынын пикири боюнча, Отрошенконун чыгармачылыгындагы казактардын образдары «казачествону шолоховдук кароонун антиподу. Отрошенконун казактары — бул өзгөчө эстетикасы бар орус самурайлары болуп саналат» (ПавелБасинский).