Алмаздардагы асман
We would like to commission a short story from you to be inspired by the
quotes from Checkhov that are attached to this letter. We do not expect you
to write in the style of Сhekhov, just to use these ideas as inspiration for
your own. / Биз сизден ушул катка тиркелген Чеховдун цитаталарына
шыктануу менен жазылган аңгемени алгыбыз келет. Биз сизди
Чеховдун стилинде жазып дебейбиз, бул идеяларды тек гана өзүңүздүн
чыгармачылыгыңызга шык-дем катары колдонуңуз.
Жазуучу Гдовдун чет өлкөдөн алган катынан үзүндү.
Жогорку класстын окуучулары үчүн сөздүк аркылуу которгон — автор.
Ар кандай жамандыктарда жасап салып, артынан бырылдап ыйлаган
адамды эмне кыл дейсиз?
Антон Павлович Чехов(2)
M-me Р. О. Аромат сайма жоолугун оң көзүнүн сууланышкан сол четине сайма жүзаарчысын басып алып мен аны туптуура отуз үч жыл илгери Түндүк муз океанына куюуучу Е аттуу улуу сибир дарыясынын боюндагы К деген шаардын тургундары болуп турган кезибизде таштап кеткен болчусуң деп тили тилине тийбей жемелеп жатты.
— Анда сенин митаам ит экениңди кантип гана байкабай калдым экен — деп шыпшынып койду. — Митайым ит гана артка адреси жок ушундай коштошуу катын жөнөтө алмак. Сүйүү катына: «жооп ордуна марканы тиркейм».
— Эми... бул деген, эгер биле турган болсоң, кыз кыялы болгон да. Сен ошону каалап жатсаң, мага эмне, болбойт бекен? Айтмакчы, өзүңдөн көр, сен эмне үчүн менин бөлмөмө тирүү корозду түртүп киргизип ийдиң эле? — деп жөн салды каяша кылымыш эттим бул жаңы орус катынынын бир мүнөттүк ачуусу таркап, ал кайрадан шатыра-шатман, чечкиндүү жана ачык-айрым калыбына качан келерин чымыркана күтүү менен.
Иш мындайча болгон, биз Розалия Осиповнанын барында бираз кымбатыраак(3) «Русский стандарт» арагынан бираз ичип алганбыз. Ал аракка, сыягы Америкада аны ушинтип үйрөтүп коюшса керек, хрусталь бокалга эки чакмак муз менен апельсин ширесин аралаштырып ичип жатты. А мен тек гана жарым ыстаканды туздалган бадыраң менен балп эттиргем(4). Розалия Осиповна Аромат ушунча жыл ичинде бадыраң туздоо искусствосун өздөштүрүүгө жетишиптир, а мурда акча үчүн үлбүрчөктүү үңкүрлөрдөгү жер астындагы сибирь көлдөрүндө акваланг менен сүзүп, денесин саткандан башка эчтеке жасаганды билчү эмес. Розалия Осиповна ал кезде чынчыл комсомолка, спортсменка жана суучул болчу. Аны азыркыдай, Роза деп чакырышчу. Бирок фамилиясы таптакыр башкача эле, а кандай экенин азыр таптакыр эстей албай койдум. Же Кукушкина, же болбосо Христанюк(5) беле? Эс-тутумум начарлап кетти: склероз, чогулган туздар, подагра, жогору кан басымы, гастрит, простатит, звиздец(6).
— Чаң жол, анан артында жыш бадалы,
Бираз күткүн, эс аласың сен дагы, —
деп кыңылдап койдум жөн гана.
— Эмне-е? — деп таңгала карады Розалия Осиповна.
— Бул өз кезегинде Гетеден, же Гейнеден, а балким Хайнриха Хайнеден(7) көчүрүп алган акын Михаил Лермонтовдун ойлору(8). Орус акыны Лермонтов тек жагынан шотланддык, а немис Хайне — еврей болгон. Пушкин — эфиоптук, Тургенев — татар, Лесков — англичан, Достоевский — поляк, Чехов, албетте, чех болгон. Бардык өлкөлөрдүн пролетарлары, бириккиле! — деп түшүндүрдүм мен.
— Көрсө сен ушундай турбайсыңбы ээ, мен азыркыга чейин түшүнө албайм, — деди ал мени согончогумдан башыма чейин карап.
— Менби? Чоң иштерге жөндөмдүү карапайым интеллектуал орус жигитимин. Тактап айтканда, кайсы бир саясаттан тышкары, анча-мынча жарнамасы жана порнографиянын чегиндеги эротикасы, айына 2500 доллар маянасы менен жаңы жылтырак журналдын маданият бөлүмүн жетектешти билем.
— А муну сен көрдүң беле? — деп ал мага адепсиз, бирок кооз жана бираз көңүл козутар ишаратты көрсөттү.
Ачык айтып коюш керек, арадан арбын жылдар өтсө да ал анча өзгөрбөптүр. Жаштайынан спорт менен машыгуу, а андан ары, мисалы, түз жүрүп, туура тамактануу деген ушундай турбайбы, баамымда. Баягысындай эле арыкчырай, сымбаттуу, илбирс мүчө(9). Бир сөз менен айтканда — илбирстин эле так өзү.
Анын атасы, Осип Пинхасович Аромат Витебск шаарындагы кембагал кондитердин үй-бүлөсүндө туулган. Сабаты жок, бардыгына өз акылы менен жетишкен. Өзүнөн өзү тамчы-тамчы кул сыгып чыгарып, революционерлердин катарына кошулган, Марк Шагалды таанычу, ЧКда кызмат өтөгөн. Аякта ал ишенимдүү тез өсүп, эгерде аны өзүнүн эле кесиптештери 1950-жылы космополитизм менен күрөшүү демилгесинин алкагында атып салышпаганда анын сөөгү түптүз эле Москванын Новодевичьево көрүстөнүндө, маселен, Хрущевдун же Кагановичтин катарына коюлмак. Анын энеси, Надежда, фамилиясы боюнча Кукушкинабы, же Христанюкпу, ал дагы көпөстөрдөн болчу, ал дагы революционерка эле. Бирок аны революцияга махабат ээрчитип келген.
Анткени, ал мастыгы менен кез-кез революция үчүн акча кошуп, бийик көркөмдүктөгү Станиславскийге демөөрчүлүк кылган, бирок өзү Кичи Дмитровка деген москва көчөсүндөгү заңгыраган сарай-үйдө жашаган, адеп-аклак жана дене-тулку жагынан аябагандай комсоо Максим Горький менен достук байланышы бар кайсы бир бузуку москвалык көпөс-декаденттин үй кызматчысы болуп иштейт. Ал көз кырынан бир да этекти кур кетирчү эмес. Ошону менен бирге ал ошол кездеги орустун эмгекчил жана кылмышкер элинин оор акыбалын даңазалаш үчүн атактуу Сахалин саякатына аттанаар алдында Чехов дал ушул үйгө токтогонун айтып, абдан сыймыктанар эле. Ал аны жуунуп жатканда шыкаалап, ушундай бир жөпжөнөкөй жупташуу актысы үчүн аз эмес акча сунуштаса да ал эмне үчүн макул болбой жатканына башын катырып, үй кызматчысына асыла берчү.
Акча менен арактан акмакка айланган бул буржуй(10) ошентип бул дүйнөдө кумардан башка дагы чыныгы махабат болорун түшүнгөн жок. Ал, кокус, анын ыпылас кир үйүндө жыбырап-жайнаган, ошондуктан терминаторду(11) бул жакка тез-тезден чакырууга туура келген жана ошондон улам махабат оту тутанган таракандар менен бүргөлөрдү кыргычка үй кызматчысы Надя ашык болуп калганын уккан болсо жөн гана шылдыңдай каткырып күлүп тим болмок. Күндөр өтүп жатты. Көпөстүн үйүндө ар убак механикалык пианино ойноп, чуру-чуу, кажы-кужу, бирок чыныгы бакыт жок болчу. Ошентип ал Ницце шаарында асынып өлдү (же аны большевиктер асып салышкан, андай да аңыз бар). Артына «Кош бол, мен парусту көтөрүп, жеңилденүү менен рулга турдум» деген өзүнүн Максим досунун жаштык-мастык ураан ырынын үзүндүсү жазылган кызыктай кат таштап туруп асынып алыптыр. Бирок үй кызматчысы Надя бир ирет жупташуу актысы аяктаган соң эс алып жатып, капилеттен пролетардык чыдамсыздыгы ойгонгондуктан кичинекей тараканчы Оско: «Кел ай, биз аны, өлүп кетсин(12), бул семиз чочкону зоокумарин(13) менен биротоло ууландырып салалы, мен бүгүн ага килкилдек кайнатып берем, мен ага алдагы уудан канча керек болсо, ошончо аралаштырып салайын» деп сунуш кылган кезде ал али тирүү эле. Подпольщик жана болочок чекист Осип Аромат: «Жок, Надюша, революцияны таза кол менен жасаш керек. Мен ойлойм, бул желмогуз жакын арада өзү эле өлөт. А эгер дароо өлбөсө, бардык эле эзүүчү тап катары баары бир кырып-жоюуга туш келет», — деп каардана баш чайкаган. Айтканындай чыкты анысы.
— Карасаң-ай, а сен дүйнөнүн дүрбөлөңдөрү менен түйшүктөрүнүн арасында толугу менен сакталып калыпсың. Коммунизм талкаланды, СССР таркап кетти, террористтер бизди ар күнү жин даарыган(14) солчул интеллектуалдардын топуктуу тилектештиги астында жардырып жатышат. А сен андан да аша сулуу тартып кетипсиң. Чынымды айтсам, мурда сен көзайнекчен саал сертирээк көрүнчүсүң. Ал эми азыр көздөрүңө контакттык линза койдуруп алгансыңбы? — деп сурадым мен.
— Линза, — деп кыска жооп узатты ал өз ойлору менен алаксып.
Розалия Осиповна кайра куруу мезгилинин(15) алдында Израилде, Италияда, Англияда, Францияда, Америкада жашоого үлгүрдү, бирок эч бир жер жаккан жок. Ошентип ал азыр алоолой сүйгөн өз мекенине качандыр бир кездерде СССРден Батышка алып чыгып, ошону менен бирге кыз кезиндеги фамилиясына катталып, көңдөй баш большевиктерге мурдагы Кукушкинанын (же Христанюктун), а азыркы сионистка Ароматтын өзүнүн тарыхый мекенине кайтып келүүгө укугу бар экендигин далилдөө менен атактуу орус-француз авангардистинин жесири катары кайтып келген. Ал демонстрацияларга, пикеттерге катышып, бийликтин бетине «Күнү-түнү кайталоодон тажабайм, элимди менин коё бер!»(16) деп тартынбастан ырдачу. «Совкада»(17) сүрөтчүнү, албетте, баалашкан жок, кээ бир тилине алы жетпегендер негизи жок эмес деп айтып чыгышкандай, ал эки ирет жиндиканага жатып чыкты. Ал абдан чоң эксцентрик болгон. Баш кошкон биринчи түнү ал шейшеп ордуна салтанат столуна салынган кир дасторконду төшөөнү буюрат, ал эми өлөр алдында байыркы Бер-лез-Альп шаарындагы алардын кооз вилласында ар күн сайын түшкү тамактан соң кечилканага кетем деп катынын коркутчу. А аялы болсо бул жарым эс жаман ошол кечилканага өзүнүн ири акчаларын керек кылат деп чочулагандыктан буркурап ыйлачу экен. Кээде Розалия Осиповна ал, кыязы, ашынган гомосексуалистпи деп ойлоп, андан да катуу буркурачу. Бул дүйнөдө баары бүтөт. Азыр анын эмгектери миллиондорго бааланат, а ал болсо кайрадан өз үйүндө. Арбаңыз, кайра-кайра(18), мекеним! Арбаңыз, сүйүктүү борборум Москва!
— А эмне үчүн сен мага ошондо үйлөнгөн жоксуң? — деп сурады Розалия Осиповна жини кашая түз беттеп.
— Өзүң элестетип көр, сен азыр, кудайга шүгүр, жерге бекем турасың го. Эми, ушундай бир поэтикалуу нике болсо, а кийин — кандай акмактар, кандай балдар болот эле! — деп кыйпычыктаган болдум мен.
— Кайдагы балдар? — деп түшүнбөй калды Розалия Осиповна.
— Эми, бул, мындайча айтканда, сен экөөбүз.
— А акмактар ким болот ошондо?
— Дагы эле сен экөөбүз.
Розалия Осиповна күрсүнүп алды да, ментолу бар «Вог» тамекисин шашпай чегип алды.
— Жок, сен орус макалында айтылгандай: «Акмак-акмак, а самын жебейт» дегендерден эмессиңби.
— Мен жакында бул ылакаптын: «Азиз-сокур, а самын жебейт» деген жаңы вариантык уккам, — дедим мен.
— Так ушундан улам мен сени мерез итсиң дебатпаймбы. Сен менин бардыгы шылдыңдашчу «эл душмандарынын» балдарынын жатагында тарбияланганымды жакшы билчүсүң. Ал тургай Трахтенбауэр деген кичинекей мектеп окуучусу, мыкты окуган шылуун, япон шпионунун(19) уулу мени эч качан күйөөгө тийбейсиң деп айрөктөгөн. Менин ичим бат-баттан өтүп кетчү, ошондо ал кыйшалактап: «барышняга(20) касторка берип шылдыңдашты, ошондуктан күйөөгө тийген жок» деп сүйлөнөр эле. Ошого карабастан сен белгисиз жакка жашынып кетип, мага ушунчалык жаман мамиле жасадың. Орустар кандай мыкаачы калк, анын ичинде сен дагы! Силерди чечендер жардырып туура кылып жатышат.
— Эй, канчык! — деп кыйкырдым мен. — Бизди жардырышканы туура болуптур ээ? А Израилде, а Испанияда, а World Trade Centerде, а «Норд-Остто», а Түндүк Осетияда террористтердин окуучуларды атып салгандары дагыбы? Трахтенбауэр, сенин айтымыңда, орус беле? Осетин балдары дагы орустарбы? Менин ата-баларым, маселен, кеттер болчу. Ушундай эл барын билесиңби? Кеттер, же енисей остяктары, Сибирдин нагыз түпкү калкы болуп саналат, биз түбү бир америкалык индеецтерден да көп болчубуз, а азыр мени кошкондо болгону 1204 киши калдык. Ооба, мен акмак болчумун, бирок азыр акылыма келгем, Россияда орустары болобу же башкалары болобу, кимиси гана болбосун акыл-эси барларынын бүт бардыгы, эгер алар бир сааттык өз идеалдары үчүн өлүп кетүүнү каалабастан, жашагысы келсе тынчтыкта өмүр сүрүшү керек.
— Ачууланба, алтыным, — ал сөңгөктөй катуу манжалары менен менин жалындап чыккан кулагымдан сылап койду. — Мен азырынча Ахмед Закаевди колдоп-таяган Ванесса Редгрейв эмесмин го, ботом. Мен туура эмес айтып алганымды моюнга алам, ал үчүн мени кудай өзү жазалайт. Кечирип кой, бирок аялзаты ачуусу келгенде эмнелерди гана келжиребейт дейсиң. А мен катын болгом, катын бойдон кала берем, — деп койкоңдоп койду ал.
— Муну эч ким танбайт, — деп бурк эттим мен. — А менин кошунам, аракеч-өтүкчү Лазарь Пафнутьич, ачуусу келгенде, катыны андан маянасын(21) тартып алган сайын: «Мен үйлөнгөндө эле катын болуп калгам!» деп боздочу. А мен болсо катын(22) болгон жокмун! Сен кандай ойлойсуң, эмне үчүн?
— Эми, айтчы, эмне үчүн, эгер сен, албетте, буга ушунчалык ишене турган болсоң, — деп күлдү ал.
— Эмнеге?
— Катын болуп калбаганыңа. Анткени сенин ажылдаганың кудум аялдардыкындай болуп атпайбы, талашпагын, мен бул жылдар ичинде жаман эмес психолог болуп бүткөм.
— Сенин акчаларың менен ким болбосун жаман эмес боло алат, — деп ороңдодум мен. — Мен катын болгон жокмун, анткени мен сага үйлөнгөн жокмун. Мен, аймакчы, ушу кезге чейин үйлөнө элекмин.
— Эми, бойдок болсоң, сенин алдагы жаман мүнөзүңдү көтөрө албай акыркы аялың үйдөн кууп чыккандыктан бой жүргөн чыгарсың дейм болжолумда. Сен тескери ойлоп жүрбө, мен, албетте, сен тууралуу териштирип күбөлөмө чогулткан эмесмин.
— Ооба, сиздер капиталисттерден эмгекчи элди(23) кантип ардантышты тез үйрөнгөн экенсиздер, — дей салдым.
— «Биз» дегениң ким?
— Жаңы орустар.
— Бирок мен еврейкамын да, — деп күлүп койду ал.
— Бирөөсү башкасына тоскоолдук кылбайт, — деп жооп узаттым мен.
Анткени биздин сөз туюкка барып кептелген, менин иштерим начар болчу.
Карт большевиктердин(24), «мыйзамсыз репрессиялангандардын»(25) кенжеси. Жетим кыз. Комсомолка. Өз жашоосу үчүн акваланг менен акча тапкан сэлфмэйдвумен(26). Диссидентка. Эмигрантка. Бай айым. Биз экөөбүз тең Түндүк муз океанына куюучу Е аттуу улуу сибирь дарыясынын боюндагы К деген шаарда жашап турганда мен аны менен кандай гана шатыра-шатман жана сылык-сыпаа махабат кумарына батпадым дейсиң. Экөөбүз жашачубуз. Ал пединституттун студенттик жатаканасында, а өзүм болсо менин балалык козголоңчул сөздөрүмдү угуп калганда: «Азыраак сүйлөп жүрсөңчү, болбосо сени байлап кетишет, бизди дагы кутултпайт»(27) деп өмүр бою корунуп-коркуп, тек гана боз баскан баштарын секин чайкап тим болушчу бардыгы жетиштүү советтик ата-энелеримден мага калган абдан зор китепканасы бар жылуу батирде турчумун. Мен андан мекеним менен кошо айрылгам. Анткени СССР менин мекеним болчу! I was born in USSR(28). А азыр жогоруда саналып өткөндөрдүн бири да жок, болгону карылык менен Розалия Осиповна Аромат гана калды. Эх, чиркин, бүткүл совет элдери таң эрте коммунизмди куруш үчүн жапырт жумушка жөнөп жаткан маалда менин балконумда ЭМЕТИШИП жатуу бизге кандай гана ыракат эле!
— Ошондой болсо дагы, сен эмне үчүн бут сүрткүчтүн астындагы ачкычты алып, менин бөлмөмө тирүү корозду коё бердиң эле? — деп эскердим мен.
— Биз жалпы кыздар(29) болуп, биздин ошол тамашаны баалайт болуш керек деп ойлогонбуз. Биз базардан корозду уурдай качып, сен үйгө келсең, а үйдө какылыктап короз жүрсө, аябагандай күлкүлүү болсо керек деп ойлогонбуз.
— Ал узакка жашаган жок, — дедим мен.
— Кандайча? — деп көзүн тостойтуп туруп калды.
— Ошондойчо, мен аны мууздап, бышырып жеп койдум.
— Эмне үчүн?
— Эмне үчүн эмес, а эмнеликтен десең. Кыжырым кайнагандыктан. Мен «күнү бою музыка ойноп, биздин роман созулуп кетти»(30) деп ырдаганымдан улам. Мен коммунисттерди көргүм келчү эмес, ошого карабастан советтик жазуучу болууга умтулгандыгымдан улам. Мен биз, буюрса, алмаздардагы асманды далай ирет көрөбүз деген келесоо сөздөрдү жек көргөндүгүмдөн улам. Эгерде мен корозду жеп таштабасам, анда мени өздөрүнүн сүрөтчүсү катары мени чайнап жутушмак.(31) Чайнашты, соруп бүтүрүштү, анан түкүрүп салышты.
— Акмак десе. Акмаксың, иттин баласысың.
Ал саймалуу жүзаарчысын кайрадан жаш чайган, бул ирет оң көзүнө басты. А мен аны кучагыма кыстым. Андан араң-араң сезилер аңкыган жыт келип жатты. Биз экөөбүз тең таттуу үргүлөп турдук. Розалия Осиповна Аромат, Москвада саясаттан тышкары, анча-мынча жарнамасы жана порнографиянын чегиндеги эротикасы менен жаңы жылтырак журналды чыгарууга белсенген басма бизнесинин акуласы! Розалия Осиповна, сен ушунчалык ардактуусуң. Мен сени сүйөм. Мен сени, Роза Кукушкина (же Христанюк) өмүр бою сүйчүмүн, өлүп кетейин!(32)
Ал менин аргасыз ойлорумду туйган сымал:
— Мен дагы сени ар дайым сүйчүмүн, — деп көздөрүн бекем жуумп, араңдан зорго сөзүнүн аягына чыкты. Анан минтип кошумчалап койду: — Бирок баары бир мен сени өзүмдүн журналыма кызматка албайм. Ачууланба, алтыным, бирок сени менен көйгөйлөр аябагандай арбын болот деп чочулайм.
Ошентип ал кайрадан укмуштай кооз, бирок адепсиз ишаратын кайталады. Мен калдастап калдым. Москвада түн караңгылап, кремль жылдыздары гана жаркырап жанып турган. Тегеректе жапайы капитализм(33) салтанат куруп, бирок мага анын баары бир болчу.
— Биз дагы алмаздардагы асманды көрөбүз, — дедим ооз учумдан.
P. S. Ал ушул аңгемени жазгандан кийин жазуучу Гдов тарабынан котормочу үчүн түзүлгөн эскертмелер
(1) «Ваня байке» пьесасынын аягындагы сөз.
(2) А. П. Чехов. II жазма китепчеси. Чыгармаларынын жана каттарынын отуз томдук толук жыйнактары. 17-т. 51-б. Москва, 1980, «Илим» басмасы. Чеховдун калган фразалары кара тамгалар менен белгиленди. Чеховдун жазма китепчесинен сунушталган тогуз үзүндүлөргө мен онунчусун: ошол эле китепчелерден алынган механикалык пианино дегенди кошуп койдум. Никита Михалковдун ушундай эле аталаштагы киносуна мунун эч кандай тиешеси жок.
(3) Кымбатыраак, карапайым кептин кошумча мааниси.
(4) Ичтим, ороюраак айтылган карапайым кеп.
(5) Карапайым орус жана украин фамилиялары.
(6) Аягы, финалы. Абдан орой. Адепсиз сөз атайылап эле аңгеменин каарманынын дарттарынын тизмегин сандырак кылып бүтүрөт.
(7) Гейненин атынын немисче айтылышы.
(8) Лермонтовдун «Гетеден» деген ырынан өзгөртүлүп алынган цитата. Түз мааниси: «Жол чаңдатпа, / дирилдетпе жалбыракты... / Бираз чыда, / эс аласың сен дагы...»
(9) Менин неологизмим, башкача айтканда мышык түрдүүлөр.
(10) Советтик айтым. Жөн гана буржуа дегенге караганда бир топ келекелүүрөөк.
(11) Шварценеггер ойногон атактуу америкалык фильмдеги каармандын атына окшоштуруп койдум.
(12) Каргап-сөккөн сөз.
(13) Кемирүүчүлөрдү жок кылуу үчүн колдонулуучу уу зат.
(14) Жинди дегенди билдирген орой сөз.
(15) 1991-жылдан кийин.
(16) Ошол жылдардагы «диссидент-тангычтардын» шлягер-ыры. Фараонго кайрылуу. Уландысы: «Еврей элин мекенине коё бер».
(17) СССР аталышынын бок сузчу калак дегендей жийиркеничтүү айтылышы.
(18) «Кайрадан» деген сөздүн ордуна атайылап бузуп айтылган сөз.
(19) Албетте, жалган шпиондун.
(20) Келекелүү каймана ат.
(21) Айлык акы. Карапайым кеп.
(22) «Аялга айланган» деген орус сөзү бар, т. а. эркек касиетин жоготуп, аялга окшоп калды.
(23) Какшык кеп, советтик үгүт-наасатта калыпка айланган.
(24) Массалык советтик террорду репрессиянын айрым бир учурлары катары көрсөткөн 60-жылдардагы советтик эвфемизм-калып.
(25) Советтик калып. Революционердин алгачкы муундары, дээрлиги Лениндин тарапташтары.
(26) Муну кантип которушту билбейм. Ал сөз азыркы орус тилине төл сөздөй аралашып кетти.
(27) Сибирь элдеринин ылакап кеби. Түз мааниси: советке каршы айтылган калжырак кептериң үчүн камалып кетсең, биз эч жакка жашырына албайбыз дегенди билдирет.
(28) Муну кантип которушту билбейм. Бул атактуу америкалык патриоттук «I was born in USA» деген ырга үндөш.
(29) Жатакананын бир бөлмөсүндө чогуу жашагандар.
(30) Булат Окуджаванын белгилүү ырынан так эмес цитата.
(31) Жеп коюшмак, ороюраак карапайым кеп.
(32) Орой, адепсизирээк карганып-актануу.
(33) Негизи, мунун түбү short story — келжирекке кетип кайра калыбына кайтчу реализмдин, кээде ал тургай натурализмдин нак өзү эле. Каармандын сөзү — калыпка салынган жандуу кеп.



