Аялдар пляжы
Биз поездде таанышкан үч «афганчы», үч бойдок, үч лейтенант Кара деңиздин жээгине келдик. Моокум кангыча бир эс алалычы!
— Кудайга шүгүр, иштен бошонор алдында болсо да, эркектердин баскан дабышын уктум, — деп лифтти күтпөстөн тепкичтен ылдый түшүп баратканда нөөмөтчү жарк этти. Санаторийдин босогосун бысмылда деп аттаганда эле бизге жылмая баштагандыктан, ал көптү билген шекилдүү.
— Биз келгенден кийин иштен бошонуштун эмне кереги бар? — анын бизге жакындыгын сезип түптүз суроо салдык.
— Менин бойдок жашоом соңуна чыкты, жигиттер. Күйөөм келип, Киевге чакырып жатат.
Бизге, албетте, анын күйөөсү бар экени жаккан жок, ошол себептүү бөлмөбүздү көздөй бастык. Бирок, бир нече сааттан кийин келгенибизди жууп бүтүп, ага арыз-муңубузду айтып кирдик:
— Нина эже, бул жерде көңүлсүз го.
— Жалаң «лыжа тепкичтер» болсо ушу да, — деди коридордо тапочкасын шалпылдатып сүйрөп бараткан генералды кош көңүл узатып жатып. — Көңүл ачмак кайда, эптеп аман-соо жүрүшсө болду да.
— Көңүл аччу жерди акырын бизге шыбырап койбойсузбу?
— Э-э, өзүңөр деле таап аласыңар. Ал үчүн акылдын кереги жок, жалжылдаган көздөр менен каалоо болсо эле табылат. Ошондо мени да чакырып койгула.
Нина эже айлакерленип жаткан: он жылдан ашуун санаторийде иштеген жылдыздуу жана жайдары келин бул жерди коён жатагына чейин билээр, ал тургай өргүүдөгү адам менен бир кеч өткөрүүгө даяр ар бир селкини билээр.
— Эч нерсе эмес, эч нерсе эмес, акыркы күндү өткөрүп жаттыңар беле, — деп бизге соороткондон тышкары дагы бир нерсе керек экендигин түшүнүп, бизди жооткотту. — Оболу жол жүрүп чарчадыңар, баш-аягыңарды жыйнагыла, андан кийин көрө жатабыз.
Эженин сөзүн уктук. Эки күн бою өргүүнү белгиледик, ал тургай ашканага түшкөн жокпуз. Мунусуна шүгүр, компанияда дайыма азыраак ичкен адам табылат эмеспи. Олег биздин раениматорубуз болду. Эртең мененкисин муздак пиво, базардан алынган бадыраң, түштө жаңы куурулган балык. Бул жагынан ал бизди уятка калтырган жок, заматта бутубузга тургузчу. Жоопттуу адам деп ушуну айт.
— Эс алып жатасыңарбы, жигиттер? — деп кээде ичи күйүп, кээде ичинен жаман көрүп, кээде биз өзгөчө күүлдөп кеткенде коңшу «лыжачылар» тизгинибизди тартып турушчу.
— Өзүбүзгө келип жатабыз, — деп тикебизден тик туруп калчубуз улуу офицерлер алдында, бирок дароо эле кезектеги банкадан тост көтөргөнгө ашыкчубуз, бизди тартипке чакыргандарды алыс-алыс жөнөтүп жатып.
Биздин минткенге акыбыз бар эле, анткени биз Ооганстандан эс алууга келген биринчи офицерлер элек. Согуш жаңы эле башталган, биз али баатыр да боло элек, бактысыз да боло элек кез: бизди табышмактуу жана сырдуу чөйрө гана курчап турганы талашсыз. Анткени биз каардуу өлкөдөн кайтып келдик, алыстан коркунучтуу, атүгүл өлтүрүшкөн өлкөдөн кайтып келбедикпи. Атүгүл эч кимибиз эч кандай жеңилдиктер тууралуу ооз ачканыбыз жок, эч ким эч нерсе талап кылган жок жана эч нерсеге нааразы болгон жокпуз. Демек, биз аткаминерлерге жана айланабыздагыларга жакпаганыбыз менен, түйшүк тарттыла элек кезибиз эле.
Өз демилгелери менен ызы-чуу салгандар врачтар эле. Алар штабдан, башкармалыктардан, демек, жогорку жетекчилик курамдан, санаторийге жолдомолордун бир бөлүгүн афганчылардын алдына «керекпи, ме, алгыла» деп чачып жиберишкени ырас.
Андан баш тартканыбыз жок. Ооганстанда күтүлбөгөн жерден өмүр бизге кимдир бирөөнүн белгисиз колундагы морт чөйчөктөй көрүнө түштү. Мына деп, ок-дары, тер, консерва, күйүк, тол, мылтык майы, солярка жыттанган; аскерлер киргенден кийин алгач аман калган бизге ич өткөк, жара, биттерди баштан өткөргөн; аял дегенде эки көзүбүз төрт болгон каруу-күчкө толгон жигиттерге күтүлбөгөн жерден Кара деңизге кырк беш күндүк «аюу» өргүү бекер берилип жатканы үч уктасак түшкө кирбес эле.
Ансыз да күнгө катуу күйгөн жүздөрдөн улам жана түштүк поездинин вагонунан тартып эле кыжылдап көбөйүп чыккан майда чиновниктерге кайдыгер мамиледен улам биз, «ооганчылар», дароо эле бири-бирибизди алдыртан аныктап, ресторандын жанында ийиндеш туруп калдык. Анан Нина эженин алдында дагы кудум ошенттик Үчөөбүз. Ооганчылардын алгачкы дооруна ылайык — бүтүндөй чектелген контингент десек жарашат.
Мына ошол үчүн ичип жаттык — кайтып келгенибиз үчүн, Гиндукушта калган досторубуз үчүн. Чындыгында, биз аны ичкен жокпуз — биздин акылсыздыгыбыз жана жаштыгыбыз сайрандап жатты. Биз али артыбызга кылчая элекпиз, бирок алдыда боло турган нерселерден таптакыр корккон жокпуз. Мыкты мезгил эле, чындыгында.
— Жигиттер, уруксатпы? — деп күндөрдүн биринде эшигибиз тыкылдап калды.
— Ой, Нина эже! — соопкер Реаниматор элден озунуп, босогодо турган нөөмөтчүнү бир кучактап алды.
— Ай, жигиттер, менимче токтой турган убакыт келди окшойт. — Үч күндөн бери жыйнала элек башаламан болгон үстөлдү карап башын жаңсады.
— Офицер мырзалар, — арабызда десантчы эмеспи, эң ачык-айрымыбыз Виктор банкадагы кызыл «Изабелланы» төгүп-чачып, төрт стаканга бөлүп куюп толтурду.
— Офицер мырзалар, алдыбызда биздин досубуз жана чырайлуу айым турат, мындан ары анын сөзү биз үчүн мыйзам. Нина эжеке, акыркы стакан сиз үчүн. Калганын төгүп салмай. Заремба, — деп мага буйрук берди.
Мен банканы алып, винону кол жуугучка куюп, биз сыймыктануу менен нөөмөтчүнүн алдына турдук.
— Жо-ок, тизелеп тургула, — деп күтүлбөгөн мейманыбыз дароо сөздү илип кетти, мурдун көтөрүп.
Биз килемге жыгылып, чыканагыбызды токсон градустук бурч жасап, алаканыбыздын артына стаканды коюп, калтыратпаганга аракеттенип оозубузга алып бардык. Жеңилденүү менен эриндерибиз стаканга чап жармашып, дароо алып жибердик. Ичимдиктен бошогон стакандарды бир мезгилде айлантып өйдө ыргытып, аны шарт этип тосуп алып, нөөмөтчү чочуп «ой» дегиче болбой анын бутунан жанына көмкөрөсүнөн коё салдык.
— Нина эжеке, сиз үчүн, сиз үчүн... — Виктор андан да чоң ыраазычылык билдирүүгө мүмкүнчүлүк издеп жатты, бирок анын көзүнө эч нерсе илинбеди, оюна дагы эч нерсе келген жок, ордунан ыргып туруп тельняшкасын чече салды. — Нина эжеке, мына булар, солярка сасыган жөө аскерлер, бечара мабуталар, менден жалбарып сурашканда бербей койгом. Мына эми сизге тартуулайм.
— Ой!
— Нина эжеке, — деди Реаниматор анын сүйүнүчтүү көз ирмемин шарт бузуп, колун алдыга сунду. — Бир секунд.
Ал буту менен шкафтын эшигин тээп ачып, сумкасын өзүнө карай сүйрөп келди. Шарт этип сыдырмасын сыдырып, ичине колун салды дагы «жумалык» деп аталган аялдардын трусилеринин комплектиси салынган жылтырак пакетти сууруп чыкты.
— Нина эже. — Ошол маалда мен тумбочканы ачып, туткасы бүктөлмө ошол учурдагы эң бир кооз көз айнекти сунуп калдым.
Биздин айымыбыз жаш балача келишимдүү чакан мурдун шыр тартып, көз жашын токтотууга аракет кылып кирпиктерин ирмегиледи. Нина эже тургай биз дагы өзүбүзгө ичибиз эзилип, ыйлаганга даяр болчубуз. Адамга мына ушинтип күтпөгөн жерден ырахат тартуулап жатканыбызды баамдап тургандан болсо керек. Белек алганга караганда, белек берген чындап эле жагымдуу.
— Жигиттер, — деп шыбырап, коногубуз бизди кучактап өзүнө тартып, баарыбызды четинен өбө баштады. Анан оюна бир нерсе кылт эткенсип, көздөрү мелтирей түштү дагы: — Кирмей жок, — деп ваннага кирип кетти.
Бирибизге бирибиз сыймыктанып, бири-бирибизди карап, жабылган ваннанын эшигин тиктеп калдык.
Адатта ар бир аял ажайып, муну жакшы түшүнүш үчүн бир аз сеп этип алыш керек. Ал эми биз ченемсиз көп ичкендиктен, Нина эжеке бизге пикирлеш жана дос гана эмес, аны жандап кечти чогуу өткөрө турган аял заты катары дагы көз алдыбызга тартыла түштү. Реаниматор менен Десантчынын оюнда деле ошол нерсе аралап жүргөнүнө мен эч шек санабайм, анткени ваннанын эшиги ачылганда баарыбыздын оозубуз ачылып, селдейип калдык.
Нина эже бизге жалгыз тельняшкачан чыкты. Ал Реаниматор берген «жумалыгынын» комплектисин ачтыбы, билбейм, анткени тельняшка тизесине чейин жетип турган, бирок бюстгальтери жок экени анык эле: тикчийген көкүрөктөрү кездеменин алдында бош солкулдап, тельняшканын ак-көк сызыктары менен биздин да тынчыбызды алып, делебебизди козгоп турду. Нина эжеке көз айнекти тагынып, мода көрсөткөн модель сыяктанып, колун кылыктана өйдө көтөрүп, бир бутун алдыга коюп, ошол калыбында катып калды.
Нинанын тыкан, чымыр, күнгө күйгөн денесин биз жутуп ийчүдөй суктануу менен, соолуга түшкөн көзүбүз менен тиктеп калдык. Ой-тобо: дээрлик бир жумадан бери нөөмөтчү менен жакын тааныштардай жүрөбүз дагы, мындайын таптакыр билбептирбиз да...
— Суу кечти, чүчпара жешти, — деп балп эттирди Виктор эч кандай себепсиз эле. Эптеп бир сөз кыстарайын дегени го.
— Мен дагы эле көңүлгө толо аламбы? — деп коногубуз кылыктана чачын силкип, тельняшканы эки эли өйдө карай тартты.
Оо жараткан, Ооганстанда бир жыл жүргөн эркектерди эмне деп шылдыңдаганы! Десантчы жутуп ийчү көздөнүп, айланага жалт карады, бирок Реаниматор экөөбүз билмексенге салып, энөө адамдай түр көрсөттүк, былк этип ордубуздан козголгон жокпуз: Нина эжеке өзү эч кимди өзгөчө бөлүп көрсөткөн жок, демек, бардыгыбыздын мүмкүнчүлүгүбүз бирдей.
— Нина эже, сизге төрт саат убакыт беребиз, — деп Виктор жашыруун каткан парашютту «ачты». — Туптуура төрт сааттан кийин эки курбуңуз менен деңиз жээгиндеги ресторандан күтөбүз.
...Акча болгондо шапар тепкенге не жетсин.
Эки эселенген ооган айлыгынын аркасы менен биз, ага лейтенанттар дагы ашыкча акча алып калганыбызга шүгүр.
— Мырза офицерлер. — Виктор бизди тегерете тиктеп, менюну колуна алды. — Бүгүнкү кечте мен оң кол эрежесин сунуштайм.
Мен да, Реаниматор да анын эмне экенин билчү эмеспиз. Менин эсиме физикадан бир эреже келе калды, бирок ошентсе да баарыбыз баш ийкедик — албетте, оң колдун эрежеси. Бир нече мүнөт мурда ресторанга келип, биз кандай гана абалга туш келгенибизди, мадырабаштарча сызга олтуруп калганыбызды дароо түшүндүк. Тегерегибизде кандай гана кыз-келиндер жок дейсиз, каалаганыңды четинен чертип алсаңыз болчудай. Эми Нина эжебиз элүү жаштагы бир белгисиз бирөөлөрдү алып келсе кантебиз...
— Да-а — деп Реаниматор өкүнүч менен үн созду, Десантчы экөөбүз макул болуп үшкүрүп койдук.
Бирок биз ийиндерибизде погон бар экенин эстедик, алар менен чындап сыймыктанчубуз, ошол себептүү тишибизди кычыратып, айланадагы кыз-келиндерге сук артпоого аракет кылып, тагдырыбызга туш келген нерсени күтүп жаттык. Нина эжеке капыстан шайтандыкындай мүйүздүү селкилерди ээрчитип келсе дагы, биз бүт Кара деңиз жээгиндеги бирден-бир сулуулары сыяктантып, алардын алдында болгон өнөрүбүздү көрсөтмөкпүз. Принциптен улам ошентмекпиз.
Бирок Нина эжеке — оо, биздин Нина эжекебиз кандай гана керемет! Көзү ачыла элек мыйларга окшотуп биздин мурдубузга кык сүйкөп койду го. Ал жаркыраган сары чачтуу эки кыздын коштоосунда жарк этип чыга келди. Же мүйүздүү шайтандарды элестеткен жаныбызга бизге ошондой көрүндү окшойт. Адегенде Нина эжекебиз кимге туш келээрин түшүнгөн жокпуз. Десантчылардын шамдагайлыгы кайда калды эле?
— Мына, биз бул жердебиз, келиңиздер, — Десантчы үстөлүнөн ыргып туруп, кашык-вилкалардын жанында биз сатып алган розалар жаткан жерлерди жансап көрсөттү.
Нина эже курбуларына кайрылып: «мен силерге эмне деп убада бердим эле?» дегенсиди. Деди дагы Десантчы экөөбүздүн ортобузга отура кетти.
— Мен ага лейтенанттарды тааныштыра кетейин, — деп тамаданын милдетин колго алып, өзгөчө кубанычтуу Виктор бизди тааныштыра баштады. — Олег, — деп Реаниматорду көрсөттү. — Айтмакчы, эң мыкты сапер. Ал эми бул — Алексей Заремба, Мекендин түштүк чектериндеги биздин чалгындоо кызматыбыз. Ал эми мен, Виктор, аба-десанттык аскерлериненмин, муну билбеген киши жок чыгар.
— Оля, Лена, — Нина эже курбулары менен тааныштырды
Дал ушул жерде Десантчы Оляны аркы жагына отургузуп, Нина эжени мага калтырып, кайталады:
— Мырзалар жана жолдоштор, бүгүн кечинде мен оң колдун тартибин сунуштайм.
— Анысы кандай? — деп суроо узатты Оля ага карай эңкейип.
Алардын чачтары чырмалыша түшкөндө мага кеп төркүнү ачык боло түштү: Олядан бирото кол жуудум. Тымызын үмүт менен үстөлдүн тигил четине көз чаптырсам, ал жерде Реаниматор Ленага сумкасын отургучтун артына илип коюуга жардам берип жатыптыр. Ошентип, жеңилүү тагдыры мага туш келген тура. Эх, Нина эже, Нина эже! Курбуларымдын жүзү жез табактай жылмаңдабаш үчүн өзүңүзгө окшогон курбулардан алып келсеңиз жакшы болмок экен.
— Бардыгы жөпжөнөкөй, Оленька, — деп Десантчы дале кычырап жатты. Албетте, мындай буттарды көргөндө мен деле койкоңдоп турмакмын. — Оң кол эрежеси — бааларды алаканыңыз менен жаап, өзүңүзгө жаккан нерсени алуу. Ал эми сол кол кол эрежеси — тескерисинче, баага ылайык жупуну кыймылдамай.
— Эң сонун, — деп Лена алаканын чапкылап жиберди. — Мен дагы оң кол эрежесин колдойм.
Мен өзүмдү кандай алып жүрүүнү ойлонушум керек эле. Же бардыгына, айрыкча нөөмөтчү аялга, бул жерде эң бактысыз адам ким экендигин эскертип туруу, же тескерисинче, эптеп бир айласын таап, тескерисин далилдөө.
Сахнада барабандар даңкылдап, менин шериктерим оозун жыйгыча мен ордуман ыргып туруп, Нина эжени колунан кармадым:
— Биз бийлегени кеттик. Дасторконду жайгандан кийин бизди чакырып койгула.
— Бизди дагы, — Реаниматор сөздү илип кетти. — Мына бул жаш жигит заказ кылат, — деп жакындап келген официантка Викторду көрсөтүп жаңсады.
— Бүгүн ал оң кол болуп иштеп жатат, — деп мен кошумчалап койдум.
Десантчы бул ирет биз аны алдап кеттикпи же жокпу деп көпкө ойлонду. Аңгыча биз ортодо бийлеп жаткандардын арасына аралашып кеттик.
— Мен силерди Виктор башкарат деп ойлогом, — Нина эже жылмайып койду. — Азаматтар. Мейли, айлана берсин.
Мен Нинага жакындадым, бактыга жараша мындай тар жерде бул табигыйдай сезилди. Белинен коомай кармадым:
— Бүгүнкү кеч сага арналат, Нина.
Мен жаш айырмасын алдым дагы, сындырып алыс ыргытып жибердим. Мен мындай деп чечтим: мен өзүмдүн азыркы абалымды жаркыратып, өзгөлөр таң калгыдай бийиктикке көтөрөм. Ичтери күйсүн. Жылмайып кой, Ниночка, сен жылмайганда тиштериң заматта жаркылдап чыгат, ошондо көздүн жоосун аласың. Сенин сымбаттуу келбетиң бар, мен азыр сезип турам, кыймылдуу денең бар экен. Бутуң, албетте, курбуларыңдыкына окшобойт, бирок сулуу буттар алыстан гана кызык, жакын жерден маанисин жоготот. Кел, бийлейли!
Олег менен Лена дагы бизге жакындашты — алар дагы жылмайышып бактылуу.
— Нина эже деле кычырайт, — деп мени колдоо үчүнбү же мени чаламандын чак түшүндө тоноп кеткени үчүн кечирим сураганыбы, айтор, Реаниматорг мага чын жүрөктөн шыбырагансыды.
«Кел, анда алмашып албайлыбы» деп ойлодум ичимден. Бирок айтканга келгенде ойлогонумдун тескерисин айттым:
— Ниночка керемет!
Олег таң кала кашын серпти: шамдагайын кара мунун! Аңгыча музыканттар жай бийге өтүштү, мен кучак жайып Нинаны кучагыма кабыл алдым. Ал дароо бүт денеси менен мени карай ыктады, мен анын көкүрөгүн, курсагын, буттарын сездим.
— Олег сени сулуу деп айтты, — деп шыбырадым, эриндерим менен тармалдашкан чачына катылган кулагын издеп таап.
— А сен кандай дейсиң? — деди Нина менин ийнимен башын өйдө көтөрүп.
— Эч нер-се де-бейм, — деп үнүмдү создум.
— Эм-не-ге? — деп мени кайра туурады ал.
— Өзүңдүн касиеттериңе сыймыктанып мурдуңду асманга көтөрбөсүн деп.
Нина мени сынай тиктеп, тамашалабаганыма ишенип, жарк этип жылмайып койду. Ал кайрадан көкүрөгүмө ыктай калды.
— Эй, уктап калбагыла, — Реаниматордун үнү жакын жерден угулду. — Виктор чакырып атат.
— Мына, Ниночка, бакытты ушунтип былчыйтышат: кимдир бирөө бир жакка чакырып жатат, эми ал жакка барышың керек, — деп үшкүрүп койдум.
— Кел,барбай эле коёлу, — деп ал көзүн сүздү.
— Биз барбайбыз, — деп жаныбызда тегеренип жүргөн жупка мен дароо кабарлай салдым.
Дал ушул жерден мен Ленанын көзүнө көзүм урунду. Анын көзүндө ичи тардык кылт этти деп ант бере алам. Ал өзүнүн курбусуна караганда сулуураак, эң негизгиси жашыраак экенин жакшы билчү жана сезиминин тереңинде, сыягы, көңүл борборунда болууга даярданып алган окшойт. Бирок Нинага биринчи мүнөттө эле тайсалдабай, ойлонбогон жасалган жакшы мамиле Ленанын өзүнө жетишпейт турду.
Кеченин башталышы, албетте, анча мааниге ээ эмес. Маанинин баары кеченин акырында. Анын үстүнө Лена чындап эле эң жакшысы, эң сулуусу, кандай кылган күндө дагы бул кашкайган чындык эмеспи. Атүгүл Десантчы да бул жерден утулуп калды. Мен Нина менен Оляны кошуп, жалгыз Ленага алмаштырмакмын.
— Макул, кеттик, болбосо бокалга калемпирден кошуп коюшат, — Нина менин абалымды сезгенсип, озунуп дасторконго жөнөдү.
Ошол кечтеги менин абалымды Кудай эч кимге ыйгарбасын. Өзүңдү башкача эмес, дал ушундай алып жүр деп буйрук бергениң — кептин баары эмес. Ооба, баары эмес. Менин маанайым бирде айымымдын назиктигине ичим жылыса, бирде ал уюштурган бүгүнкү амалы үчүн аны жек көргөнгө чейин чарпылып турду.
Какшыктарым, жаңсоолорум досторума да тийип жатты. Аным абдан ачык билинип турганданбы, айтор, алар мага бир нече жолу тынчсызданып, «кечени бузба, кийинчерээк чечебиз» деп жалбарган көз караш менен карап жатышканын сездим.
Аттиң, аттиң, Нина, эмнеге ушундай сулуу кыздарды алып келдиң эле! Мына, Ленаны караңызчы, жөн эле жаркылдайт — ийкемдүү, тим эле чытырайт, эне сүтү оозунан кете элек кези. Ал эми кафеде эсептешип — «кайрып берүүнүн кереги жок» дегенден кийин көчөгө чыкканда биротоло көңүл чөктү. Биз бөлмөнүн ачкычын кайтарып берген эмеспиз, Реаниматор ачкычты темир кулагынан өйдө көтөрүп:
— Биринчи болуп ким барат? — десе болобу.
Кыздар бири-бирин тиктеп калышты, бул нерсе аларга байланыштуу эле. Мына ушул жерден Нина кайрадан демилгени колго алып, менин маанайымды өзүнүн пайдасын карай бурду:
— Силер такташа бергиле, — деген боюнча ачык эле мени колтуктап алып жөнөдү.
Бул ирет ичи тарлык сезими Десантчы менен Реаниматордо козголо туштү бейм: алардын курбулары ийиндерин куушуруп тим болушту.
— Шампаныбыз жаныбыздабы? — сумканы текшерип, Нина мени колуктады дагы: — Жолугушканча... — деп кол жаңсап койду.
Кара деңизде жайдын түнү болбойт. Көчөлөр, пляждар, курорттук шаарлардын аянттары түнкү жылдыздардын алдында да эс алууну билишпейт. Эс алуучулардын теңинен көбү Ыраакы Чыгыштан учуп келип, убакыт айырмасын тааныгысы келбегендей туюм калтырат. Бул таасирди сейилдеп жүргөндөрдүн жашы боюнча эч кандай айырма жок экени дагы бекемдеди: жаштардын ак көйнөктөрү, блузкалары гана эмес, карылардын ак чач баскан баштары да көзгө урунуп жатты. Ал эми түнкүсүн тынч, жылдыздар жаркырайт, деңиздин суусу шашылбай шарпылдайт. Тегеректеги аялдардын баары жакшы, баары сонун, баарынан сонуну — колуңду созуп кармай ала турганы — эч нерсе эмес, эч нерсе эмес, мен жөн эле — деп жылмайсаң, колтугуңа назданып ыктай кеткени. Аялдын дал ушундай ишенчээктигинен улам эркектер башын жоготуп коёт тура. Ооба, болгондо дагы, жакын арада эч кандай атаандаш буттар жок болгондо дагы. Ченем менен сеп этип, тантыраган жагымдуу сөздөрдү сен гана айтып тим болбостон, сага да: жанымда сенин турганың, ушунчалык карылуу жана кунт коюп уккан адам болгону кандай жакшы, — деп тынымсыз эсиңе салып турганы жагымдуу эмеспи...
— Эч адам бир жок жерге баралычы, — деп мен сунуш киргиздим. — Албетте, эгерде мындай жерди таба алсак.
Биз ансыз деле ошол жакка бараткан окшойбуз: Нина мага бекемирээк ыктап, кадамын бир аз ылдамдатты. Эл барган сайын суюла баштады, мен шаарга көз чаптырдым, бизди артыбыздан узатып бараткан бардык чырактарга көз чаптырдым.
— Коркуп атасыңбы? — деп Нина намысыма тийгиси келди көрүнөт. Бут кийимин чечип, уйку-соонун арасында катуу оонактап жаткан көбүктөнгөн көлдүн жээги менен басып баратты.
— Мен корксом жалгыз сууктан корком. Биз түштүк-чыгышка бараткандай сезилип жатат.
— Биз аялдар пляжына барабыз.
Ошенткени менин мүдүрүлгөнүмө Нинанын айткан кабары эмес, томуктай таш күнөөлүү болуп чыкты. Бут кийимимден кумду силкип жатканымда ал мага кайтып келди, мени качан кучактайт деп күтүп турду: кучакка оролгон аял дароо коргоосуз калат, Нина да боюн таштап, тынчый калды.
— Сен бүгүн менин кечим деп айттың, мен сууга түшкүм келет. Сени менен. Анан жээкте шампан ичип алалы. Менин оюмча, мындай окуя менин жашоомдо эч качан кайталанбайт, ошондуктан... — Нина сөздү улантпастан унчукпай калды.
— Ал жерде... аялдар көппү? — деп сөздү башкага бурууга шаштым: бүгүнкү күндөгү менин тагдырыма туш келген окуя аз келгенсип, көз жашы, ички сырын төкмөй же ачуусун чыгармайдан оолак болууга умтулдум.
— Мен жалгызмын. Эмне, сага бирөө жетишсизби?
— Сен жалгыз эле жетиштүүсүң, — деп мен бир аз амалданып койдум. — Кеттик.
— Мына, келдик дей бер.
Деңиз менен жардын ортосундагы кумдун жана таштардын тар тилкеси — аялдардын пляжы ушулбу? Ал тууралуу көп аңыз кеп уккандыктан өзгөчө бир нерсени көрөм деп күткөм. Мында болсо экзотикадан — мемиреген деңиздеги ай төгүлгөн жол гана бар экен.
— Мени кучактачы.
Мен анын сөзүн эки кылганым жок.
— Бүгүн сага мени менен болуш бир аз ыңгайсыз болуп калды окшойт, — деп күтүлбөгөн жерден Нина керелден кечке мен ойлогон нерсени айтып салды. Мен, албетте, ачууланууга аракет кылганымда, оозумду колу менен жаап койду. — Мен баарын көрүп, сезип турдум, кичинекей эмесмин. Бирок, ошентсе да, сен мага эң сонун кеч тартууладың. Сага ыракмат! Мен, албетте, онунчу класстын окуучусу болуп көрүнгүдөй кыздар менен келе алмакмын, бирок... силерди аядым. Бирок өзүм баш тарта алган жокмун. Колумдан келген жок, кечирип кой. Мен компанияда болгум келди.
— Болдучу Нина. Мен чын эле сени менен өзүмдү жакшы сезип жатам.
— Чын элеби? Билесиңби, мен кээде аны сезип турдум. Эки күндөн кийин мен кетем, досторуңдан айырмаланып, сен эркин болуп каласың. Сен кааласаң — ал менин каяша кылайын деген дагы бир аракетимди токтотту, — каалайсыңбы, сага дагы бир нерсе айтайын?
— Айт.
— Сенин досторуң сенден айырмаланып бүгүн санаторийде тизелерин кучактап өз төшөктөрүндө түнөйт.
— Чын элеби? — мен кытмыр жылмайып турган Нинаны карап калдым, жаңы эле айтылган жаңылыкка кандай жооп кыларымды али биле албай.
— Ооба, экөө тең ата-энеси, кыздары менен жашашат.Чала аларыңа, — кыжырланбаганы менен кекчил сөзүн аяктады.
Көкүрөктө балдар үчүн таарыныч сезим козголду, чеберчилик менен сызга олтургузулган досторумду ойлогонум менен, бирок алар буттары койкойгон немелерди менден талашып жулуп кеткенин эстедим да, токтолуп калдым. Балким Нина да өзүнчө батирлери жок курбуларын тандап келгени тегинен эместир. Ой, аялдар о-ой, алтымыш амалдуулар го, буларың!
— Мейли,куру сөздү токтотуп, андан көрө сеп этели.
— Кел, ичсе, ичели.
Бирок бөтөлкөнү ачкыча болбой кобураган үндөр угулуп, биз жардын жанындагы бадалдарга жашына калдык. Мына сага, ээн жер. Жок, түштүктөгү түндөргө ишенип болбойт.
Деңиздин жаркыраган караңгылыгынын кучагында сөлөкөттөр тартыла баштады жана мен башындагы фуражкаларды айырмаладым — өзүбүздүн офицерлер тура деп канааттанып калдым. Алар толкунданып жабалактап сүйлөшүп жатышты дагы, биздин маңдайыбызга келгенде күтүлбөгөн жерден токтоп калышты, деңиздеги айлуу жол ушул жерден гана өткөн сыяктуу. Айнек айга жаркылдап, кимдир бирөөнүн бөтөлкөдөн ичип жаткан дабышы угулуп, толкундун жабаракат шарпылдаганын бузуп кетти.
— Биз кайтарган деңиз үчүн, — стакандарды көтөрүп, офицерлер формачан түптүз сууга жиреп киришти. Белине чейин кирип, бөтөлкөдөгүнү ичип, бошогон идишти айдын жарыгы менен деңизге ыргытып жиберишти дагы, деңизди жээктеп андан ары жөнөп кетишти.
— Бүгүн Чек арачылар күнү эмес беле, — деп эстей койдум.
— Чын эле офицерлерде бир касиет бар, — деп Нина бармагын шак эттирди, мен айымдын көз алдында менин кадырымды дагы көтөрүп кеткен чек арачыларга ыраазычылык билдирдим. — Тагыраагы, эски китептерден улам гана бизге белгилүү нерсе. Ачыгын айтканда, мен деле биздин санаторийге, кандай деп түшүндүрсөм, аскер адамдарына жакын болуш үчүн келгем.
— Ага чейин кайда иштедиң эле?
— Музейде. Экскурсия алып барчумун.
— Кыязы эркектер экспонаттарды эмес, жанталашып сени карашса керек. Чынын айтсам мен ушундай кылмакмын.
— Болор иш болду да, — деди Нина жылмаюу менен. — Мага кээде гана чалышпай калбаса, дайыма телефон чалышчу. «Алло, мени эстей албай жатасызбы? Мен экскурсияда, ак көйнөк кийип жүргөм». Ал эми менин экскурсиямда баары бирдей ак көйнөкчөн,баарынын өңдөрү бирдей көрүнчү, көп суроо бергендер гана эсте калчу. «Алло, — деп сөзүн улантты Нина дагы бир ырчынын үнүн туурап, — билесизби, мен күтүлбөгөн жерден театрга эки билет таптым». — «Анан эмне, экөөнү тең мага бересиңерби? — «Жок, бири сизге, экинчиси мага». Башында чуркап барчумун, балким тагдырымды табамбы деп ойлочумун. Анан чарчап, театрларды тандап, андан кийин спектаклдерди тандап, андан кийин орундарды тандадым... Кийин түшүнүп калдым: мага эмнегедир турмушта баары — үй-бүлөсү, балдары, машинасы, дачасы жана кызматы барлар чалышчу. Аларга мындан тышкары дагы бир нерселер, ашып-ташыган нерселер керек тура... Жийиркеничтүү. Анан үнүм пастай баштаганда, сүйүнүп силерге өтө качтым.
Чек арачылар алыс узап кетти, биз жашынган жерден чыктык.
— Биз али эч нерсе иче элекпиз.
— Маселе жок, — шампандын тыгынын бурап бошоттум эле, ал караңгыда тарс этип атылып кетти, Нина каткырган боюнча куюлуп жаткан көбүккө алаканын тосо койду.
— Эми мен сууга түшкүм келди, — деди ал эки ууч шарап жутуп алып, кылыктана буйрук берип. — Бирок менин жанымда, албетте, купальник жок. Бирок пляж аялдардыкы болгондуктан, сен бир аз нары тур же тескери карап тур.
Албетте, бир нече кадам артка чегинген жакшы эмеспи, анткени көздөр түнгө көнүп, караңгылык жээктердин сөлөкөтүн жашырып, уюп тургансыйт.
Нина көйнөгүн чечип, көңүлкош ташка таштап койду. Аңгыча аппапак лифчиги көзгө урунду, бирок анын бекиткичи шарт этип чечилип, абага канаттарын жайып жерге түштү. Нина мага далысын салып турган, анын бутунан ылдый юбка шыпырылганда аны менен кошо трусисин да чечкенин дароо түшүнгөн жокмун. Делебем козголуп, аны карай кадам шилтегенимде, Нина дароо сезип, деңизге чуркап барып, анын тынчып калган бетин жиреп, ырахаттана чыйылдап ийди.
— Бери келбейсиңби, жыргал экен.
Муздак сууну элестеткенде денем жыйырыла түштү. Бирок бутумдун алдында канатын жайып лифчик агарып жатты, айлуу жолдо жыпжылаңач аял жыргап-куунап жатканын көрүп, калчылдаган колум менен көйнөгүмдүн топчусун чечип жибердим.
Суу денемди чыйрыктырып, миллиондогон ийнелерди денеме сайгылагансыды. Артка жээкке чыгып кетээр мезгил эле, бирок сүзүп бараткан Нина мага суу чачыратып жибергиси келип, колун шилтеп калды. Колун өйдө көтөргөндө ак төштөр ачылып, тезирээк суудан ичиркенбей калыш үчүн мен аны карай бой таштадым. Колум жетпей калды, алаканым денесин сыйпалап өттү. Бирок баары бир, ылдый карай чөмкүгөндө жумшак курсакка жана санга тийгенге үлгүрдүм. Мындай шартта мен муздуу сууга да чөмүлүүгө даяр элем.
Мага тиешелүү нерсени ээлеп алууга аракеттенип, шашылып суудан өйдө чыктым. Бирок Нина түртүнгөн боюнча деңиздин караңгы жагын карай сүзүп жөнөдү. Бир нече ирет сууну шилеп кууп жетип, аны тегеренип, денем аялдын денесине тийген сайын ыракаттанып туруу мага жетиштүү болду.
— Жөн эле жатып, асманды карап көрчү, — деп сунуштап, сууга чалкасынан жата кетти.
Денесиндеги ак, күйбөгөн жерлер караңгыда сууда агарып көрүнүп турду, бирок өзүмдү кыйнабайын деп мен дагы чалкаман оодарылып кеттим. Ой тобо, кызык нерсе, саамга тынчый түштүм: күтүлбөгөн жерден аялдын жана жаратылыштын сулуулугу айкалышып кеткенсиди! Алар канчалык бирдиктүү жана тектеш! Аялды Адамдын кабыргасынан жараткан деп кандай акмак ойлоп тапты экен?!
Эми — жылдыздар кандай болгону, асмандын кандай экени баары бир, жөн гана колуң сунсаң жетчү жерде аял сууда калкып жатат. Табиятка го көзүңдү жумуп койсоң болот, аялга анткенге эч бир дарман жетпейт. Кайсы бир акын мындай деп айткан тура: ким баарын дароо кааласа, ал чыдамсыздыгы менен жакыр...
Нина менин аны карай жасаган кыймылымды кайрадан сезип, акылмандык кылып жайбаракат үн менен мени токтотуп койду:
— Мен сууну аябай жакшы көрөм. Муздак сууну андан бетер жакшы көрөм, түшсөң кайра төрөлгөндөй болосуң.
— Андай болсо мени жылыт.
— Эркектерге айла жок, эми аларды жылытыш керек тура. Кокус чөгүп кетейин деген оюң жокпу?
— Чөксөм сенин кучагыңда гана чөгөм.
Тамашаладым дагы, ошол замат өкүнүп калдым: азыр табигый эмес нерселердин бардыгы орой угулат. Азыр жалгыз чындык — артка, жээкти карай сүзүү. Аял чын эле эркектин кабыргасынан жасалган окшойт, биз аларсыз жашай албайбыз.
— Артка кеттикпи?
Нинаны бир аз алдыга өткөрүп, кантсе да мырзалык кылайын да, жада калса сууда дагы Нинанын денесинин кур дегенде бир жерин көрүп калганга умтулуп, сууну чачыратпай сүзүүгө аракет кылдым. Суунун түбүн сезип, экөө тең токтоп калышты. Аба сууга караганда муздак болчу, бирок Нина чагымда андан ары эмне кылаарын билбей, саамга токтой калды.
Дароо демилгени колго алып, чындыгында өзүмдү токтотконго күч жетпей, акындын берген кеңештеринин баарына түкүрдүм дагы акырын артынан барып кучактап алдым. Жупжумшак тырсыйган жерин колум менен коомай сылап, кысып-кысып койдум. Сууланган чачтарын аралап мойнунан өптүм. Анан Нинаны таптак көтөрүп, жээкке алып чыктым. Нинадан аккан суу акырындык менен анын жылаңач денесин ачыктап, чатындагы үч бурчтуу карайган жерин гана бир аз жаап калтыргансыды...
Кийин Ооганда Нинаны суудан алып чыгып баратканымды миң ирет эстеп, элестетип жүрдүм: ошондо ичимдеги бир нерсе кырс сынгандай сезилди. Моюнга алуудан коркуп, капысынан байкап калдым: өргүүдөн кийин мен Мекенимдин түштүк чек аралары үчүн күрөштү токтоттум. Жок, мен эч кимди саткан жокмун жана өзүмдүн ордума эч кимди окко учурган жокмун, бул жерде офицердин ар-намысы, абийири таза болчу. Мен өзүм үчүн, аман-эсен кайтып келүү үчүн гана күрөшө баштадым. Бул туурасында «Өзүңдүн тонуң үчүн» деп Ооганда тамашалап коюшчу.
Ал эми тегеректеги лейтенант досторум, өзгөчө, кейип-кепчибей ар бир салгылашта биринчи катарга чыгып өлүүгө даяр эле. А мен аларды кызматтын кадыр-баркы үчүн деңизге аттанган чек арачылар менен салыштырдым. Ооба, ооба, согушкандардын басымдуу бөлүгү өмүрү менен кошо эмнеден айрыларын таптакыр билишпесе керек деп ойлоп коём ичимден.
А мен муну билип калдым. Ошол башыңды айлантып мас кылган оокаттан бир ууртам татып калгам. Кайда барып, эмне үчүн кайтып барууну так билип калдым. Мен Нина менен өткөргөн ошол кечти эч качан эсимден чыгаргым келбей калды — оо жараткан, шашылыш ыргытылган кийимдердин үстүндө титиреп жаткан аялды сыйпалап таап жылытуу кандай гана бакыт, кандай гана ыракат!
Мени өлтүргүсү келгендерге түлкүдөй этият, илбирстей ырайымсыз болуп калдым. Ал эми менин Кызыл Жылдыз орденим ошол согуштагы өзгөчө эрдик үчүн эмес, аман калганым үчүн ыйгарылган.
Ошентип мен аман калдым.
Бирок күтүлбөгөн жерден бул сырдуу кубаныч гана эмес, жандүйнөгө дагы бир башка нерсе уялагынын сездим. Бизди Союзга алып бара жаткан алмаштыруучулардын аскердик-транспорттук самолетуна тыгылып кирип баратып, бизди узатып жаткандарды терезеден карап, алардын арасынан мени узатууга келген адамды таппай, мен өзүмдүн ыпластыгымды мына ошондо сездим. Акыры ал эчак эле түшүнгөн нерсесин мойнуна алды: мен согушта керт башымды эмес, согушту ойлогон лейтенанттар менен капитандарды сатканымды даана сездим. Ошондуктан алар бизди узатканы самолетко келбей туура кылышты. Согушта бир нерсени жашыруу кыйын, ал эми жымсалдап түр көрсөтүү андан да кыйын. А эгер аялдардын пляжындагы айлуу жол менен Нина мени бул жашоого сактап калган болсо, дал ошолор мени кайра өзүмдү жек көрүүгө мажбур кылган тура.
— Кайра кайтып кел, — деп шыбыраган Нина ошол күнү кечинде өзүнүн батиринде жалынып-жалбарып. — Кайтып келип, мени тап.
— Эми мен кайра кайтып келем, — деп ишенимдүү жооп бергем, кийин Ооган согушун эстеген сайын өзүмдү өзүм жек көрөрүмдү билген эмесмин. Менин күнөөм жок болсо дагы.
Мен аман-эсен кайтып келдим, бирок Нинага барган жокмун. Санаторийге жолдомо алуудан дайыма кескин баш тартып жүрдүм.
Бирок тагдырды алдап, өткөндөн жашынып калууга болбойт тура.
Бир ирет Пятигорскидеги аскерге кабыл алуу пунктунда Реаниматологго карпа-курпа туш келдим. Мага окшоп жаш жоокерлерди топтош үчүн келиптир, көкүрөгүндө Кызыл Жылдыз орденинин эки калыбы илинип турса да, кирдеген кителдин эскирген погондорунда үчүнчү жылдыздын ордуна тешиктер көрүнүп турду.
— Каарман лейтенантка чейин тээп түшүрүштү, — деп түшүндүрдү Олег менин таң калганымды түшүнүп. — Туура эмес жерден ичип койгон окшойм.
Ал биз жолугушканга чейин эле сеп этип алган экен, бирок ал десантчы Витька бронетранспортер менен минага туш келип жарылганын айтканча, биз тоонун секисиндеги бир кафеге кирдик. Мен күйпөктөп, дасторконго тамакка буйрутма берип, эрксизден эскерүү учурун узартып жаттым, ал эми Олег — мас, кызматынан төмөндөгөнүнө, жүдөгөнүнө карабай сыймыктуу зыңкыйып отурду. Десантчы үчүн айтылган үчүнчү тосттон кийин ал күтүлбөгөн жерден бир нерсени эстей калды:
— Баса, мен бир жакка барышым керек эле.
— Кайда? — Анын сааттай тактыгы эсиме түштү, бирок азыр менин абалыма каршы болгондой сезилди. Андан калса ушул кебетеси менен кайда бармак эле! — Жөн отурчу.
— Жок. Мен бир жакка барышым керек. Кайсы жерге барарым эсимде жок, бирок барышым керек.
Ал кыйналып-кысталып ордунан араң турду да, фуражкасын алып, мен аны кармагыча болбой кафенин босогосунан аттап, чалынган боюнча кулап түштү. Адырдын этегинде ордунан туруп, көпкө кагынып-силкинди, анан башына фуражкасын дагы көпкө түздөп кийди, эми кайда барсам дегенсип айланасын көпкө тиктеп турду. Башын өйдө көтөрүүгө күчү жетпеди көрүнөт, бирок мен дагы эмнегедир үн чыгарып кыйкырган жокмун, мен бармын деп эсине салган жокмун. Реаниматор бадалдардын далдасына кирип көздөн кайым болгуча анын кетип баратканын узатып карап турдум.
Кызык, ошол күнү кечинде Нина ага же Десантчыга туш келсе бул дүйнөдө, тагдырлардын бүгүнкү тимегинде бир нерсе өзгөрөт беле? Албетте, эртең мененкиге чейин деңиз, пляж, квартира болмок, бирок алардын жашоосу башкача болор беле? Же маңдайыңа жазылган тагдырды кыйгап өтүүгө болбойбу?
— Сизге дагы бир нерсе керекпи, жолдош капитан? — деп официант келди.
Мен жалгыз мейман болчумун, балким ошондон улам ал кошумча көңүл бурса керек.
— Кечиресиз, бирок... бул жерде аялдардын пляжы барбы?
Кыз кызарып, менин каалоомду өзүнө тийиштүү кабыл алды көрүнөт, кечирим суроого аргасыз болдум:
— Жок, жок, мен муну жөн эле эстей калдым.
— Бирок бизде деңиз жок, пляж кайдан болмок эле? — деп официант акырын жылмайып койду. Мас болсом, балким, суроого таң калмак эместир. Бирок пластинка артты карай ойнолбойт эмеспи.
— Анда бир стакан шампан.
Мен Нина үчүн, али тирүү, ичип кетпеген, эч кимге чыккынчылык кылбаган үчөөбүз үчүн ичтим. Жашоомдогу күтүлбөгөн жерден жарк этип кереметтей сезилген жана ошол эле учурда каарга калган бир үзүмү үчүн ичтим көрүнөт...




