«Гимн» түрмөгүнөн
Дүлөйлүктө
Жебеси эмес огу атылды жүрөгүмө амурдун,
Эрдик баркын билимсиздей кайдыгерлик майтарып,
Чекте туруп унутулган каарман бир жоокердей
Сенин түшүң менен келер күнүң күтөм кайтарып.
Сыйкыр октон жаракатым розага айланды,
Анын чычырканактары коргоочусу сүйүүнүн.
Дүлөй чымчыкпыз карысак. А мен сага-антенна,
мембрана, телефон да, аба-ырайдын күнүмүн.
Эч нерсе эмес унутушса бизди достор, жакындар,
Чогуу санаа тарттырар да байланышсыз убакыт.
Көртирликке кучак жайып, чарчоолорго батканда,
Ок денеме терең кирет жүрөгүмдү буратып.
Мүмкүнчүлүк бербейт такыр денемди бош койгонго
жана акылсыздыкка да. Ошон үчүн курч карап, -
көрүп турам ирети жок тиргиликте калганбыз,
курулуштар өсүп барат, өмүр болсо кыскарат.
Жуунуучу бөлмөдө
Мен фимиам тартам жыттуу, ал шампундай көбүрөт,
Менин терең сүйүүм менен сени жуунтуп жатамын.
Июнда айдай мен ак чачмын, сенин чачың ак куштай,
Өлүүгө азыр акың да жок, өлүмдү унут, жашагын!
Мен аркылуу карайсың сен сууну тешип ийгендей,
Жан дүйнөңдөн чыккан сымал шамалга окшоп сүйлөйсүң.
Өлүмдү ким ойлобосо, ошол киши эрте өлөт,
Ойлонбосоң өлүмдү эч тирүүлүктү билбейсиң.
Шампунь менен көбүктөнтүп, күлүп анда жооп берем:
Жаным мага, эски жашыл деңиздейсиң кусалуу...
Тармалданган халат кийип батарея жыландай,
Азабымдын буусу менин күзгүдө ыйлайт ызалуу.
Токойдо
Сенин көзүңдө кылым карыткан муз эрип,
Менин көзүмдө күүгүмдүк, кылым карытты, ай!.
Илимдегидей биз оң, терс электроддойбуз,
Же кыркылалбайбыз караңгы менен жарыктай.
Мен аялыңмын, жыгылам бутуң алдына,
Кабырга сыздап кан агыздым көз жашымды.
Ошондон чыгып жарыгым, менин Адамым,
Ным тура токой, кургатчы чеке-башымды.
Бейиш мезгилден миңдеген жылдар өтүштү,
Махабат өлбөйт, ошондон бери бар үчүн.
Анткени сүйүү-аалам, мезгилдин негизи,
А Троя чыры, согушу алтын так үчүн.
Алтын жүн-мурда... айтылат азыр алтын кум...
Кооз сөз үчүн ырчылар сүйүү-түш деди.
Дал ошол чакта жасалма жалгандыктардан
Римдик бөрү кургаган эмчек үрптөрү.
Ырчылар эмес, чын, өзүм кепке илештим,
Жабышып сөзгө клюква сымал немесиң.
Ах, жарыгым, сен көлөкөң өлбөс чуулардан,
Үнсүз жоголот, болгондон кийин жок өзүң.
Яффский дарбазасында
Суламифиңмин сенин мен, картайган ханым Соломон,
Күчүнөн тайды булчуңуң, көздөрүң кыраакы жеткен.
Жашырган сенден сырым жок, бирок да карап төмөндөн
Тааныбай мени жатасың, бут учум жапкан көйнөктөн.
Кызгылтым жүзүм теришкен кемпирлер менен жүрөм мен.
Чечинсем дагы таанылбайм, курсагым кумдун толкуну,
кайрат-күчүнөн кеткенге, көп болду сулуу буттарым,
Төшүм да менин кургаган пальмада эски жемиштей.
Колумдун чыккан тамыры канаты курт-кумурсканын,
Яффский дарбазасында күтүүгө сени чыккамын.
Болбойт го ханды кейитүү, жакындабаймын мен сага,
Мырзалар күчтөн таанылат, сулуулук менен айымдар.
Муздаймын кучагыңда, анан, ырлардан ысып чыгамын,
Бүт денем сезип ошондо рахат алчу жайым бар.
Анткени сүйүү жаралган ыр менен келип агымдар.
Ах, кандай сөздөрдү арнап, сен мени толкунтданткың бар,
Ал турсун күндун нуруна окшоткуң келет чачымды.
Жан дүйнөсү жок сүйүүгө, жараша берет малчы да,
Кеп чыны бирок анда эмес, кан кайнап ээлеп башымды,
Тез аарчылгандай шабдаалы, жүрөгүм уксун макулду.
Аарылар чогулткандай бал, чогулттум сенин сөзүңдү,
Эмнеге ханым, сулуулук, сүйүүнүн гимн ырлары
сага чейин эч ырчынын колунан келбей калгандай,
Сени азыр карыттыбы тез, оготер ызы-чуулары-
Чет жактан келген сырты алтын сыйынчу бука турганы?
Менин бүт сүйүүм сен үчүн жүргөндөй сенден алыста,
Сыйынып келем ар качан, азыр да түндүн алдында,
Идишке кумдан жасалган жети шам жактым атайын.
Чапкылап мештин күлдөрүн, көйнөгүм айрып салдым да,
Ак чачым: Ханга кубат бер! Алтын бука жар мында!
Бакчадагы отургучта
Бакчада өскөн чөп, ортодо, олтургучтан жай алып,
Кеч киргиче кажылдайбыз, жаныбызды сүрөп биз,
Өткөн сымал курагынан илгерки бир байлардын,
Эмне кылат башка иши жок, эки кары жүрөт түз,
Жапайыдай күндөр менен чөптөй өскөн иретсиз.
Албан иштер жоктугунан, жапайыбыз биз бүгүн,
Дарбазага, эшиктерге сүйөш керек нени анда,
Аптекага кантип барып, кандай дары алабыз?
Ак сөөк чакта маани берип компот кайнаткандарга,
терезенин алды толмок кызыл-кызыл геранга.
Бир күндө окуп гезит, китеп, андан чарчап кетебиз,
Интрига пиары көп гезитти окуп кармасам.
Кырылышып карта менен. Азап, мына кымбатым-
Жашоодо окшоп оюнда сен, уттурбоону тандасаң,
Ууру сезим менен калам жинди сымал ар качан.
Сен карайсың утулганда жолборско окшоп жарадар,
Оюн азартындай согуш эркектерге жарашат.
Кудайыма шүгүр, тирүү чыктың кандуу согуштан
Сталинграддын очогуна түшкөн сымал карасак,
Бирок мага көңүл бурба, болсом эссиз арасат.
Дама кыштым жана дагы дама кызыл жүрөктө,
Мен чырыммын олжо сымал тагдырыңа табылган.
Баруу жеңил болсо дагы, туз көзүрсүң сен мында,
Кечте ойнойбуз, бирок аткан таң акылдуу жаңырган,
Музыкадай муңдуу соттон, бизге айып салынган...
Кызганыч
Ары карап баскан далыга, уялыңкы карайм айнектен,
Көрбөй жатасыңбы мени ушу коркунучтуу картаң экеним,
Кызганычың назик, аялуу, аянычтуу, күлкүлүү дагы,
Жер жүзүндө сенден башкага, кереги жок киши бекемин?
Кайда калды эми күлкүлөр, сезимталдуу жаштык назиктик?
Үйүбүздө калканыч менен, жылуу тери тончон басасың.
Кемчили көп көртирликтерде, мынча эмне жанталашасың.,
Баарын алып ары четке сен, кызганычтуу карап жатасың.
Жалгыз гана боорукерликтен, жакшылык деп бизге келгендей
Тамбашыдан түшкөн жалгыз курт жаныбыздан жайлуу өтөт жөн.
Сени тирүү сактаганыма, кам көргөнүм үчүн жана да,
Ыраазылык билдиришет да, гүл беришет жаңы, жаш өскөн.
Коноктордун сыры жашырын, котур ташы барбы койнунда,
Так айтканда, сөөгү каржайган жашка жетет бекен баарысы...
Картайганда дагы сүйүктүү болуу үчүн берсе күндөрдү,
Гимн угуу анан өзүңө, бүт жаңылыктардын жаңысы.
Сенден мени кызганышат көп, үлгү кылган сымал сүйүүгө,
Ошондуктан токтот азыраак, акыл эмес кызганыч деген.
Анткени мен, эссиз жоготуу, мыкаачылык толгон дүйнөдө
Киришсин деп ар бир кишиге, эшик ачтым жылмаюу менен.
Биздин жолугушуу
Токойчу аарчыйт даракты, тынчалбай куртун таппастан,
Таң атпай турдум бирок да, ойготтум сени шашпастан.
Суугу бар ар бир адамдын, өзүңдү алдың жеңгенсип
Ладожский музун өптүң сен, Волжский жөрмөлөгөнсүп.
Сактоочу жайда өлүктү, суугум бар менин, билинди.
Ачкадан өлбөй тартууга көмүлө турган жүгүмдү.
Бир ой бар ыйык, мааниси-тагдырды тагдыр тапканда
Экөөбүз жолугуу үчүн, бизди ээрчийт жашоо басканда.
Көлмө алдында
Сүйүктүүм менин мейличи, кышты ойлой берсин кожоюн,
Азыркы болуп жаткандар, кереги да жок мага алар.
Жалбырак, чөптөр баардыгы, ширелген жарык жашоого,
Көк кагаздагы катка окшош, тизилген жашыл тамгалар.
Мага Бакудан, а сага Одесса салам жиберер,
Баягыдай эле Москва артыбызда болсо да.
Көңүлүбүз да чөгүңкү. А чөп чыга берет «ква-ква»,
Жалбырактар «ку-ку» дейт, көңүлгө капа толсо да.
Кыйрады империябыз, биз төрөлгөн жакта азыр
таптакыр башка өлкөлөр, оюндай жашайт самаган.
Жөн саптар эмес бул мага, ургулап ички дүйнөмдү,
Бул мага чийки курма эмес, жегенде тишим камаган.
Ал жакта өскөн даракта орус тили эми гүлдөбөйт,
Инжир да орус тилинде, сүйлөбөйт бышырып ичин
Көңүл чөккөнү жакшы эмес, империя ураганына,
Кайдыгерлик да болбос эч, сезимдер ураганы үчүн.
Андыктан кышка сактаган учуру келди сөздүн дал,
Жан дүйнөң нерви курчуган, кесип алууда санаамды.
Азапка чейин картада белгиден коркпо ураса,
Жүрөгүмдөсүң сен менин, тирүү туруп жөн каламбы.
Добушу Кара деңиздин-кулагың сенин курчунда,
А мага келет Каспийдин толкуну түр жок басылчу.
Кайгылуу оданы бирок сыйынуу менен бүтүрдүм,
Жакшы, жер, демек чынында күч менен жакшы акыркы!
* * *
Сен лавр тал курмандыгы, мен ойлордун олжосу,
Мактанарлык эмес муну моюнга алуу, ойлочу.
Убакыттын карегине тик кароого теңешчү
Фавор менен Голгофанын кошулушу эмеспи.
Биз абыдан карысак да, жашпыз алсыз сынарга,
Бул атайын эмес дечи, тагдыр соккусунан да.
Биринчиден көпкө күттүк. Экинчиден айтсак так,
курмандыкка чалынгандар гана тирүү калышат.