Ээси жок бакча өчүптүр...
* * *
Ээси жок бакча өчүптүр:
розага чалкан чырмалып,
маш буурчак жемдей өсүптүр,
кара өрүк, алча ордуна
төө тикен жайнап ыргалып.
Таштанды — токой четинде:
наркотик күйүп бууланган
жылаандай түтүк бетинде
граммафон гүлү чырмооктун
шайтандай үндөйт туураңдан.
Кичине, бирок эң бийик
дүйнөнү түтүн бастыбы,
оп тарткан нөлгө жеңдирип.
Прогресстен маңкурт өскөн чоң,
Ойлой бер анан не болот:
Токойдон, саздан, чөптөн соң...
Лирика, эпос өткөн соң.
Ээси жок бакча өчүптүр:
розага чалкан чырмалып,
маш буурчак жемдей өсүптүр,
кара өрүк, алча ордуна
төө тикен жайнап ыргалып.
Таштанды — токой четинде:
наркотик күйүп бууланган
жылаандай түтүк бетинде
граммафон гүлү чырмооктун
шайтандай үндөйт туураңдан.
Кичине, бирок эң бийик
дүйнөнү түтүн бастыбы,
оп тарткан нөлгө жеңдирип.
Прогресстен маңкурт өскөн чоң,
Ойлой бер анан не болот:
Токойдон, саздан, чөптөн соң...
Лирика, эпос өткөн соң.





