Михаил Попов

Попов Михаил Михайлович (1957-ж. т.) — жазуучу, акын, публицист, сынчы, киносценарист. Москва Өкмөтүнүн (2002), Андрей Платонов (2000), Гончаров (2009) ж. б. сыйлыктардын лауреаты.
Харьков шаарында, художниктин үй-бүлөсүндө төрөлгөн, балалыгы Казакстанда өткөн. Айыл чарба техникумун, андан соң А. М. Горький ат. адабият институтун аяктаган. «Литературная учёба» журналында иштеген. «Московский вестник» журналынын башкы редакторунун орун басары кызматын аркалаган. 2004-жылдан тарта Россия жазуучулар бирлигинин Проза боюнча кеңешин жетектейт.
Михаил Поповдун «Шаан-шөкөт» аттуу алгачкы романы 1986-жылы чыккан. Попов бир катар ыр жыйнактарынын («Белги» жана «Эртеңки булуттар») жана 20дан ашуун проза китептеринин (алардын ичинде «Эрксиз кыш койгучтар», «Плерома» сыяктуу психологиялык жана окуялуу романдар ж. б.) автору. Ал өзүн тарыхый романист катары да көрсөтө алды («Сулла», «Темирлан», «Барбаросса», «Олоннэ»).
Поповдун прозасы — окуялуу, көбүнесе оюнга жана мистификацияга, сөз эквилибристикасына ыктаган, бирок ошол эле учурда сөзсүз түрдө классикалык салттардын нугунда кала берген парадоксалдуулугу менен айырмаланат.