Кыё! Кыё!..
* * *
— Кыё! Кыё!
Тизеден сууну кечип заара кылат, тачкасы түшпөй колунан.
Көпүрөнүн тушунда түтүк бүркөт мончо суусун көбүргөн,
маңдайда жетимсиреп эски көрүстөн,
жарылбай калган чиркөө томсорот аркы өйүздөн,
өзөнгө заара кылып ал турат,
бул жерге кайдан, кантип келгенин билбей далдырап,
ыржайып жылмайганы — жыргалбы же жиндилик,
бүтсө деле ушатып, турат ошо жалдырап,
адатта бул кечмеликтен мал өтчү,
турат ал шымданбай да, шар агымга тирмийип,
аккан суудан чулгоосу көөп чылпылдап,
билбей турат: мындан ары не кылат,
бекем кармап тачкасын, алда-нени мыңкылдап,
күңкүлдөп да бир гана сөз угулат: — Кыё! Кыё!
Бул эмне? Кошокпу же каргышпы?
Ар жаз сайын
көпүрөнү дүңгүрөтүп ташыгандар жүктөрдү:
— Бул Кыё! Кыё! — ийкеп өтөт баштарын.
Тачкасын сүйрөп чыгып, авалатып иттерди,
ал мына, боз шапкеси казыналык бөрк белем,
бутунда кызыл көлөч өзү боёп көрктөгөн,
кылдыратып өтүп барат, баарына ал чоочун, жат,
кемпир-кесек арт жагынан өкүттөп,
Илья пайгамбарга табынгандай чокунмак,
мужуктар күңкүлдөшөт: — Өткүн, жинди, өтүп кет,
же тиги Андреевого баргың келеби?
Тачкасын булкуп алып, кетет көзгө илинбей,
кандай келсе, дал ошондой билинбей,
тек, андан-мындан алыстап да, жакындап,
үрөт иттер аны такымдап...
Жашоого адам неге келди эле?
Тагдырдай түртөт эки дөңгөлөктү эмнеге,
ыйлай берет майрамда, баарына түтөт жылмайып,
жыргай берет жөнү жок, көргөм аны мен деле:
сөөктү узаткан оркестрди ээрчип да,
тиши жок оозун ачып ыржайып,
үнсүз чыгып күлкүсү, шаттанган өтө эргип да:
«мынакей, мына, кыё» деп, «көргүлө, кыё-кыё» деп,
айла жок буга, не дейсиң, белгисиз кайдан ал келген,
өмүрү бүтөт кай жерден.
— Бербегин,
Андреевого мени бербе, — деп
өлөөрүндө апам өзү айтты эле,
жашылданып көзү кайтты эле...
Жакында мен капыстан
ошол жерден өткөнү: жалгыз кабат жапыс там —
эски нукта эрмектеп, ойлонбой куруп койгондой
айылдын бир талаасында кейпи кеткен кепе экен,
эптеп анда жашагыдай чатыры бар дебесең,
отурат анын алдында жупуну кийим кишилер,
сүйлөшпөй да, үндөшпөй, үкүдөн бетер үрпөйүп,
как талаага айласыз булуттан кулап түшкөндөй,
ырп этерге алы жок, кабактары бүркөлүп...
бирок, кызык — ал эмес,
карылар эмес, там эмес,
кыязы мен көргөнсүйм ичине кирип жакындан,
тактайын да полдогу, туткасын да латундан,
жалаң хлор жана заара жыттанып,
коридордо жел жүрчү эле агылып,
эшиги: — Кире бер... — деп ачылып да, жабылып.
О, жөн эмес ал — көктү жарган күркүрөк,
бул Кыё-Кыё учуп барат асманда
тачкасына түшүп алып дүркүрөп,
арт жагынан аппак тармал из агып,
акырындап жайылып да абага,
көп сырдуу белгилерден кызарып...
Айткысы келген ал эмне, ойлонуп турам ойгонуп
жарым кылым өткөн таңда, түшүмбү же өңүмбү,
үңүлсөм, тааныш адам көрүндү —
сууда туруп сурап жатат кайрадан:
эмне? кимди? — боштуктун бирок жообу жок,
жок болсо жок! Ах, бала кезге байланам,
кайда барам силерден — Иордан, Флегетон, Лета
же Вохна бут алдымда... билбеймин... Кыё. Кыё.