Жакшы түш көрөм десең — азап кылып артын салат...
* * *
Жакшы түш көрөм десең — азап кылып артын салат,
душманыңды артынан карайм десең — бурула калат,
түшүнүксүз — туура келбейт беш манжа беш манжага:
арбактар ойго айланып жан дүйнөнү эзе берет мыжыга.
Арам ойду куусаң эгер — катмарданып шыкаалайт,
чечсең эгер дүйнө сыйкырын — ого бетер сыйкырдайт.
Элдер түнү кызыга карай берет кир күзгүнү чаң баскан,
а аякта — желмогуздар, көрүмчүлөр чаңырган,
дөөлөр, бөөлөр, шумпайлар, албарс чычкан,
мүрзөсүнөн атеист-чоң атаны казып чыккан.
Бокочону кууп чыксаң, а ал кайра башбагат.
жандыр сыйкыр дүйнөнү сен, а ал кайра жанданат.
Тамак үчүн эл тытышып, кара таандай жабышат,
туруп уктап, ошол бойдон ойгонбостон калышат.
сурнай тартып чакырсаң да — сенек болуп катышат,
бу-бу-бусун кайталашып, жанданбастан жатышат.
Азыр эле чынжырды үзсөң — пайда болот жаңысы,
жандыр сыйкыр дүйнөнү — сыйкырданат баарысы.
Түшүндүрчү илим менен, неге минтип түзүлгөн
ден менен жан, бет менен жүз, алма бактан үзүлгөн,
тешиктерде, кычыктарда — коркунучтар толтура,
көпчүлүккө сиңип кетет өлүк, жансыз чоң ата.
Оңдоп-түздө басышыңды — бирок ал түк оңолбойт,
жандыр сыйкыр дүйнөнү сен, бирок сыйкыр жоголбойт.





