Жакшы түш көрөм десең — азап кылып артын салат...

* * * Жакшы түш көрөм десең — азап кылып артын салат, душманыңды артынан карайм десең — бурула калат, түшүнүксүз — туура келбейт беш манжа беш манжага: арбактар ойго айланып жан дүйнөнү эзе берет мыжыга. Арам ойду куусаң эгер — катмарданып шыкаалайт, чечсең эгер дүйнө сыйкырын — ого бетер сыйкырдайт. Элдер түнү кызыга карай берет кир күзгүнү чаң баскан, а аякта — желмогуздар, көрүмчүлөр чаңырган, дөөлөр, бөөлөр, шумпайлар, албарс чычкан, мүрзөсүнөн атеист-чоң атаны казып чыккан. Бокочону кууп чыксаң, а ал кайра башбагат. жандыр сыйкыр дүйнөнү сен, а ал кайра жанданат. Тамак үчүн эл тытышып, кара таандай жабышат, туруп уктап, ошол бойдон ойгонбостон калышат. сурнай тартып чакырсаң да — сенек болуп катышат, бу-бу-бусун кайталашып, жанданбастан жатышат. Азыр эле чынжырды үзсөң — пайда болот жаңысы, жандыр сыйкыр дүйнөнү — сыйкырданат баарысы. Түшүндүрчү илим менен, неге минтип түзүлгөн ден менен жан, бет менен жүз, алма бактан үзүлгөн, тешиктерде, кычыктарда — коркунучтар толтура, көпчүлүккө сиңип кетет өлүк, жансыз чоң ата. Оңдоп-түздө басышыңды — бирок ал түк оңолбойт, жандыр сыйкыр дүйнөнү сен, бирок сыйкыр жоголбойт.