Одиссей ыры

                                     Жубайым Наташа Румарчукка

Жээкке жетип токтогондо менин кемем,
Жерге түшөм кереметтүү ырым менен.
Мурда аны жалгыз гана деңиз уккан,
Бир гана сирена ага атаандашкан.
Анда жалаң нымдуу, үндүү тыбыштыр,
Тентимиш тилден жээк тилине которгондо
Мына мындай маани берет угуп тур:

Сүйөм сени каргылданган үнү менен чардактын,
Прометейдин боорун карай шаңшып учкан бүркүттөй,
Миң жаштагы таш бакадай дудук болуп үн күтпөй,
Күркүрөгөн үндү самап, чыйылдаган зор киттей,
Осьминогдун буттарынын жаңдоосундай дабышым,
Суу алдында тик тургузам балыр чөптүн баарысын.,

Сени сүйөм деңизден чыккан денем менен бүтүндөй,
Амазонка, Миссисипи, бүткүл дайра күчүндөй,
Өзүн деңиз сезип алган чөлдөй сени көксөгөм,
Сен уктуңбу, анын кумун кекиртектен өткөрөм.

Сени сүйөм өпкө-жүрөк, көзүм менен байланып,
Сени сүйөм жер шарындай, топ жылдыздай айланып,
Шаркыратма кулагандай боюн таштап аскадан,
Сени сүйөм гундардай Европага чабуул баштаган,
Жүз жыл баскан татар-моңгол эзүүсүңдө калгандай,
Спартактай көтөрүлүп, эркиндикке баргандай,
Александр түркүгү, Пизан мунарасы окшоймун,
Түндүк уюлду эриткидей Гольфстримдик күч топтоймун..

Сени сүйөм тартуу күч мыйзамындай тартылып,
Өзүм каалап өкүмү күч жазага да талпынып,
Өзүм күткөн өлүм жаза бүтпөсүн деп сурайын:
Сенин түпсүз Бермуддай үч бурчтугуңа кулайын.