«Дирижабль» түрмөгүнөн
Айыл көрүстөнү
Зор ашкана, баш адашкан бөлмөсү көп үйүмдөн
каалгып чыгам, ушу жолдо туура элүү жыл мурда
араба өткөн жүктөп кеме сыныктарын үйүлгөн,
түтөп турам — тизем ойгон тоо тешилип тур мында.
Жорго аттар, жолу — жалган, тепкичтерди курт жеген,
Мына ушундай ийменчиктеп жасаган иш мен эптеп...
Куру долбоор төрт аяктап баш ичинде жүк белем,
Оңко турган ширеңкенин кутусундай элестеп.
Жамаатыма өлүм кандай? Бөлүнүүбү чөйрөдөн?
Бийик чекти алдырганда, артка кайт деп тургандай?
Маңдай талаш келип поезд төмөндөн да, өйдөдөн,
Көпүрөдө чыйкылдатып бир-биринен суургандай?
Жок, жоокердик панамасын ээгине бууп байлаган,
«тар-с» жарылган жактан чочуп, карап улам арканы,
машыктыргыч куурчак жондо, алар сүзөт дайрадан...
Тилин сунуп кескелдирик — там бетинде талпагы.
Талаада айтат аял журту: тээ бийикке жалганбай,
ташта каткан дирижабль көл булутка бет келбей.
Лесепедчилер күнгө күйгөн — жаңгак тергич жандардай,
спорт кийим, чекеде жез көз айнеги эстелбей.
Д»Эскабели аспабы эсте, тик бурама шатыда
бутуна ооп алмак-салмак, аскага бек байланган.
Буулангандай унутулуп аба шардын аты да,
Терезесин жууп-тазалап, аэроплан айланган.
Боз сүрөттөн баамдаш кыйын: көгүш түспү, көрктүүбү
майрам күткөн бөлмөчөсү, желбиреген тасмасы,
комбинизон кат-кат анык, а дирижабль морт түбү,
калдыктарын жерден терсе, изи толо накта суу.
Учу нервдүү мейкиндиктен бу табигат башталып,
бизден бийик түнкү өрөөн: канча кетсең алыстап,
ал ошончо жанга жакын, оюң орго ташталып,
лупа көздүү өңчөй атом башаламан кагышмак.
Ыз-бызы жок мемиреп кеч. Кооптуу аяр бак-дарак.
Кытыр-кытыр — сүрөт кылып тарткан өңдүү кулакты.
Курт жөрмөлөп — эч бир адам санай албас бут барат.
Кайыкчы тынч — колго алса да, сууга малбай калакты.
Жеңил туяк кой алыскы короодон түз чыкканы,
көктө сызат куйрук жагын карап көзүн кызартып,
күзгүдөн өз жонун көрбөй тыбырап тур буттары.
О, кайда азыр Пармиджанино, мойнун тартчу узартып?
Мага эстелик буюрганбы көрүстөндүн четинен:
дубалына боёк менен чиймеледим тайманбай.
Көлөкөнү карап жоруйм палатканын бетинен,
36 аспабы бар ал бүгүлмө шаймандай.
Аттиш, өгөө, бүкүр бычак табылчудай издесек,
коловорот, илгич, сүргү, бурагыч да бар анан...
Бильбаону ким чогултуп, пропеллерди ким кесет.
Аба толгон кумпа болуп жалгап келет ай-аалам.
Аба шарды укмуш эмес учуруп да, кондурган:
ары-бери шар кыйшайып, үн чыгарат шуулдап,
ич жагында тээк тебилип, «белин» түзөй обдулган
шар жайылып, стратонавт түшөт ага кудуңдап.
Көчө толуп баракчага, унаада тик турган бар,
гипс ГЭС барат упуранып асманда да, кинодо.
Фотограф, чабандестер арасында боз балдар:
«Эч антпейт» деп баш көтөрүп көңүлдөрүн улоодо.
Неге кирди көк көз хирург кармап ичке платина,
бальзам алып устаттар да, көз боочу да таякчан?
Көрсө, көктө сүзүүчүнү дагы учууга ынатууда,
ал шылкыят, кайра торго түшмөк эле каяктан.
Өзгө өлкөдө, башка убакта, толгон иттин тобунда
ал кайтармак сатыктагы лайнерлерди сандаган.
Прожектор төккөн нуру жетип баардык коңулга,
Ачык турган сарайлардын бири да кур калбаган.
А балким ал качкын болуп, куугун түшүп артынан,
көк тиреген үй кырында турат беле илинип?
Анын ысмы кинодо жок, көктө бекер калкыган,
чийме чийип, дирижаблдин назик сыры билинип,
жазат Тесле Николого: «Планеталар жанданат.
Маркумдардан октолгон шар «чарт» деп кырсык кабылган.
Өлгөн учкуч болбосо — жер көккө кантип жалганат?
Шахтёрго окшойт электрощит бетиндеги чагылган.
Чиркөө, будда... бирок сыртта кыйын жумуш кылгансып,
бийиктикке ылдам чыгат үңүрөйгөн маймылдан,
сындан өтпөй калгандары сыр билгизбей зым тартып,
тегерете ток жүргүзүп, жан кирбеген жай кылган.
Өжөр жарык жерди жарып, глобус да түзөлүп,
бырыш-тырыш түтүкчөнү үйлөгөндөй жайылат,
тилин сунуп айрөктөгөн бирөө-жарым түзөнүп,
артта калган ак булуттун үстүнөн жол табылат.»
Жозеф жана Жакка жетпей жүргөн жандар өтө көп,
сигаранын көк түтүнү жеткирчүдөй жеңишке.
— Кагазга эмес, ташка жаз! — дейт Монгольфьерлер көкөлөп,
Мануфактура клишеде, Борей сөзү бейитте.
Короодогу элүү челек толо темир топон-чар.
Бүт маскачан, колдонгону — кислота, аммиак.
Орфейди эзген кыздардан да суутек өтө опуртал.
Дырдай адам өзүндөгү чиймеге көз салдырат:
жип — билекти өрдөп өтүп, моюнга анан байланып,
түшүп берки чыканакка, кыр арка да камтылган,
түйүндөлгөн учу өзөккө кайра барат айланып...
Денедеги ушул чийме адистерди маң кылган.
Көп байкагам: баш көтөрүп эскермесин айтчу эле,
көз айнекте чагылып эл, стадион да толкуган.
Көп байкагам: таңда шаардан аба шарда кайтчу эле,
Дирижабли терминалда, өзү көктө жөө турган.
Мен күбөмүн: колдон колго өтчү китепканада.
Түшкө кирет — токулган зым түрмө болуп талаада,
кыйрап калган дирижабли сууну бөгөп жана да,
калкандуу тор, майда балык жылт-жулт этип арада.
Көп байкагам: тың болсо да, тартынчаагы билинчү,
колдо түрмөк чиймелери, курда баштык илинип
үйдөн чыкса, жолундагы чөптөр ага ийилчү,
ал шыбырайт дубалдагы жараңкага тигилип.
Капысынан кайып болду башка дүйнө тапкансып,
булуң-бурчтан издеп аны чыкканым жок чалгынга.
Зебраны сүзүп алып кетенчиктеп жаткансып,
Ионнадай ал өзүнүн артында да, алдында.
Анын изин, таажысын да издеп деле келбегем,
жайында Сан-Францискодо «Роза жана Төө тикен»
деген барда күбө болду кызыл балык мен жеген:
некрологду окуп калдым таңкы гезит бетинен.
Кайра казса — мүрзө бопбош, изилдешет таң калып,
сөөгүн эч ким уурдабады — асман алган энчилеп.
Дос болуп да, ишенимдүү агентине айланып,
баалап билдим башка дүйнө күткөндүгүн белгилеп.
Көргөзмөдө дирилдеген дирижаблдер бар анан,
дем алгандай төгүп салган чөпкө биздей түшүмүн.
Кыялыңда учкан жыргал: алаканда ай-аалам,
мунарада телефон жок, үнүн угам үкүнүн.
Күүгүмдөгү ангар
Мүйүздөрү ангардын талаага тик сайылган,
үрөй учкан бийикте буюмдары жайылган.
Аңырайып маңдайы кайышкыдай кабыргаң,
бүтпөй калган жасалып дирижабль тур жарым жан.
Жеңил болуп абадан жерге эркин кулайбыз,
булуң-бурчту толтуруп эркибиздин күчүнөн.
Мелтиреген айнектей мейкинге жол улайбыз,
калкып барат дирижабль от чагылып ичинен.
Ширеткичтин калканыч, ага мээсин каткан ким?
Опал түстүү аспаптар чөнтөкчөгө жалганып,
ангарды көр бүтүндөй чачылып да жаткан тим,
сенейишкен роботтор бош тетикти карманып.
Ангар өчүп жоголду. Бирок ар кай жактарда
эртели-кеч иш жүрүп, кыймыл кайдан үзүлгөн.
— Ары-бери каранып, бутуң неге асманда?
— Издеп жүрөм бул жерден ыйыктардын жүзүн мен.
Ырааттама
Сур булуттун мончок жашы көк деңизге чубуруп,
короо-жайга боз түшкөнү — чеги кайдан билинген.
Бак аралап баскан сайын узун плащ кубулуп,
офицердей бурулуп кыз, кирпиктери ийилген.
— Тажадым,— дейт,— лотерейге туткундалып калганы,
учур кыстап, чарк айланам дөңгөлөктөй чаңдагы.
«Дирижаблдер тарыхы» зор, тиземе өтүп салмагы,
күйүп-бышып барактаймын ыйыктарды андагы.
Лотерейдин барабаны тегеренет канчага?
Кырсык тоодой — үндү буулап, көр тешикти ууласак.
Жер билгичтер тиктешип да, жарылгыч зат калтада,
Күндү деле токтотчудай алар колун суна чаап.
Жерди коштоп кеме жылат үстү менен булуттун.
Мында дачам мунаралуу, тыңчыларга жыргалдыр.
Үй камакта не кылмакмын — мээге долбоор уюттум:
өлгөн өңдүү өрттөлсүн деп — чакырымдап —.дирижабль.
Түшүмдө алдым тоголок нан, абадан да жепжеңил,
кызык оюн кызуу жүргөн ат майдан бар ичинде.
Аны көккө учурамын кумда чуркап кечте бир.
— Эл быкылдайт, абайлагын, сакталсаң да түшүңдө...
Таңда каңгып күзөтчүдөй уран көмгөн коңулга,
жерди изилдеп, йога жасап, өңүм көрөм түрлөнтүп.
Күн каякта? Циркуль окшоп Коперниктин колунда
Калкып турам өңүмдө эле, жылдыздарды сүрдөнтүп.
Үйүмдөгү сүрөттөрдө байкалбаган көп шар бар,
аэронавтар туурга учат, ал артында турса да.
Нака бороон. Жайнап анан мен билбеген чөп-чарлар...
Аба, сууда куу батперек — Күндү соргон кумсара.
Балким, илдим тырмоокко мен эпсиз көйнөк-этекти,
компьютерди сол кол менен бастым беле тетир же?
Же табигат таарынгыдай кыйшык койдум китепти?
Бошоң боодой ачаланды мунара суу бетинде.
Дептериме жазгам мына: батпай дале келет Күн,
көргөн нерсе кайталанбай, мезгил сулап жатканы.
Айрым бакка шооло түшүп, калгандарын көмөт түн,
үйүлсө да каар буюмдар, үймөк мени сактады.
Таңды күсөп кымкуут түшкөн жан-жаныбар бүт чубап,
ташбакасы, башкасы да журт которуп келет тек.
Сахарадан келген неме одур-бодур, тик кулак,
Муз калкандын этегинде безгек жандай элестеп.
Бул — бир класс, Пёрышкиндин китебинче бар анан:
вагон токтоп, жүргүнчү алып, жүгү менен жылгандыр.
Ичи-тышы, ак-карасы иргелгенче арадан,
өз жолунда калдайып да, түнгө сиңет дирижабль.
Түндө Навин башчылары жүз көрүшкөн бүдөмүк,
союлган эл маңдайында талыкшыган Күн үстөм.
Жебелери артка кулап — аспап деми түгөнүп,
от үзүлүп, жабдык муздап, дирижабль да чүрүшкөн.
Аны селки жарпты жазар көк салкындай эсептеп,
Үч күн бою жер төлөдө ичти, жазды дубалга.
Кутургандай чабуул койгон закымдарды сезет тек,
от албаган дирижаблди каптап калың туманга.
Батперек
Керимсел жел. Дирилдек жип жөндөлгөн
Калдаң эте калкып туңгуч батперек
Иерихондун терезеси өңдөнгөн.
Аркасынан кызыл тасма бат келет.
Дем кирүүчү бөлүктөрүн желимдеп,
эссиз, сокур жаратмандар олтурат:
ушул «жылаан» учуш үчүн жеңилдеп,
эки бетин шамал менен толтурат.
Аркандалган жибин тартсам жетелеп,
балпайып да, жалпайып да батперек,
өжөрлөнө улам өйдө көкөлөп,
соймолоңдоп алда кимге тап берет.
Ээси сымал бүтүн асман бетинин
ары шилтеп, бери шилтеп абаны,
агып өткөн ар бир миллиметрин
сылап-сыйпап бириндете санады.
Сур булуттан түшүп келсе бөтөн жоо,
кежирленет бузуп-бузбай иретин.
Убакытты тишке катып ошондо,
эң биринчи атпаш керек — билесиң.
Ал дирилдеп ойкуп-кайкып баратат,
шукшурула кимгедир тик сайылар.
Бетинде жок «өлдү» деген кара так,
а болбосо «маркумдардын жайы» бар.
Өзүн ошо тоодой сезип аз-аздан,
Баш айланткан укмуш ойго туш болот:
Жасалса да жөнөкөй бир кагаздан,
Кыялында узун тумшук куш болот?