Айткам сага «беш өрдөгүң учурба»...

* * * Айткам сага «беш өрдөгүң учурба» — жаңы лакап адат болуп кетти эле азыр эмес, качанкы бир учурда. ...Сени мына жапа-жалгыз таштадык, Тэ-э түпкүргө узатабыз жаш тамып. Жолу чатыш жылдызды кыш жамынган. Бүлбүлдөгөн майда шамдар жагылган. Көк табытка кара мата жабылган. Чекең муздап катып калган таш болуп, жан-жагыңда жасалма гүл коштолуп. Коён жүрөк болбосом да, кооптонуп, бешенеңен өптүм азыр храмда. Коркпош керек, коркуп бирок турам да. Мисюсту бу лесепедде ташыган Антон окшоп мен да сени чакырам. Учурунда түштү бирге көрчү элек, Жаз соңунда Подмосковье жактагы Короо-жайды аралап бир келчү элек. Сенин көзүң жаркын бойдон азыр да, Көзүм жумсам — тургансыйсың жанымда. Дем алганда сездим куту учкандай: баштагыдай аба шарап жыттанбай. Жаным али турган менен денеде, жүздөн аша жашаймын го деп эле, чексиздикти айткан болбос дегеле. ...Көп ырларды жатка айтчусуң күүлөнүп. Тоңсо мейли мүрзөңдөгү топурак, Ал — кепили айрылуунун түбөлүк. Сен узадың, жолдой албайм жолуңду, Мен багынам көтөрүп кош колумду.