Андрей Битов

Битов Андрей Георгиевич (1937—2018) — жазуучу, сценарист. РФ мамлекеттик сыйлыгынын (1992, 1997), РФ Өкмөтүнүн сыйлыгынын (2014) лауреаты.
Ленинградда, архитектор менен юристтин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ленинград тоо-кен институтун аяктагандан кийин бургулоо мастери болуп иштеген. Сценаристтердин жана режиссерлордун жогорку курсунан окуган, сценарийлерди жазган.
«Армения сабактары», «Аптекарь аралы», «Адам күндөрү» ж. б. китептери ага интеллектуалдуу жазуучу жана чебер стилист атагын алып келген. Битовдун «Пушкин үйү» аттуу алгачкы романы 1978-жылы АКШда басылып чыгып, аны бүткүл дүйнөгө белгилүү кылды: Битовду орустун жаркын постмодернисти катары сөз кылып чыгышты. А. М. Горький ат. адабият институнда сабак берген. Эмгектери кайра куруудан кийин көп басылган. «Учуп кетүүчү Монахов», «Жарыя кылынгандар», «Жазылбагандын болбой койбостугу» романдары, «Төрт өлчөмдүү империя» төрт томдугу көптөгөн орус жана эл аралык сыйлыктарга татыган.