Өрттөлө турган Маяковский сөөгүн Пастернак карап турат
Желим айнек аркылуу карап турган
Көзүнүн учкундары чачыраган.
Болот такта үстүнөн ысык урган
(Аптаптагы ийнеликтей калтыраган).
Карегинен көз жашы тегеренген
Ысыктан да, муңдан да. Чебеленген.
Оттуу дарыянын наркы тарабында
Өлбөстүк күтүп турганын бирок билген.
Бул болотко вольфрам, молибденден
Кошкула деп Сталинден буйрук келген.
Жашаш керек айыгыша, түз, так, кенен,
Көрбөйсүң, ал алысты көз салган менен.
Анан дагы жоокерлер марш ойношот,
Ак розадан гүлдестени коюшат.
Жаза сааты өтөр замат узашат,
Христостун жээгине түз барышат.





