Баардыгы уксун! Уксун баардык жаш-кары!..

* * *

Баардыгы уксун! Уксун баардык жаш-кары!
Кызыбыз биздин, көлмөгө бара баштады!
— Май көтөн кызым, кыймылдагын улам бат, —
Деп апасы кызын жатты даярдап.

Салып жатып сүлгүнү, сөзүн айтат ортодон:
«Буга сени кичикий кезиңде эле орогом.»
Самын, шапке, суучул кийим... бүт салып айтат акылды:
«Адыраңдап айбан болбой, кургатып чык чачыңды.»

Чоң баштыкты көтөрүп, барчу жерге барды кыз.
Чечинүүчү жайга кирип, тынч олтуруп калды кыз.
Төрт кыз келди тим эле перилердей туюлуп,
Аларды көрүп биздин кыз кетсем деди куюгуп:

«Кантип деги чечинем мен булардын көзүнчө,
Эски турсий, кебетем — бул...» деп ойлонот өзүнчө.
Төрт кыз чачын жазып ийип, чоюлат да, керилет,
А биздин кыз баштыгынан чеснок жыты сезилет.

«Жугузасың сасык тумоо же бир оору» деп кооптуу,
Алдын ала апасы салып берген чеснокту,
Жолду ката желдетсе да, жыты кетпей жабышкан.
О, керемет сулуу кыздар дырдай болуп алышкан,
Биздин кызга көңүл бөлбөй, көрсө дагы көрмөксөн.
Ал байпагын шашпай чечип, араң турду өлбөстөн.

Суучул киймин толук кийбей, токтотту да белинен,
анан чечип юбкасын, лифчигин суурат жеңинен.
Төшкө тартып суучул киймин, анан чечет кофтасын.
Душтан чыккан сулуу кыздар кийингенге шашылды.
Мына сага! Апасы айткан: кургатып чык чачыңды.
Кургаткычка башын салып, тигилерге көз салат.

Кербез кыздар көзүн боёп, эндик сүйкөп назданат.
Сөздөрү да өтө кооз: Сен-Лоран, Буржуа, Клема...
Кыз шашылат бөлмөсүнө. Апасы келет кызына:

Кандай сүздүң? жактыбы? айтпайсың не былтыйып?
А биздин кыз үн-сөзү жок боз чычкандай тымпыйып,
Ыйлап турду айкын болуп ызаланып күйгөнү..
Анан минтип сүйлөдү:

Айтчы, апа, апатай, кайда сенин жумшак колдоруң?
Тырмак боёп, эндик сүйкөп, неге назик болбодуң.
Эркек мүнөз, билимсиз болгонуңдун айынан,
Көрксүз болуп одурайып, өзүңдөн жок айырмам.

Айталган жок биздин кыз, ушундай арман дүнүйө:
Адам өзүн сүйбөсө, арзый албас сүйүүгө.
Эркелетип жылыткан шартты турмуш түзбөдү,
Бар, бара бер, жаман кыз, ал көлмөгө сүзгөнү.