Нева бети зор айнектей көрүнөт...
* * *
Нева бети зор айнектей көрүнөт,
Күн чагылып, сынып түшкөн ичине.
Сүйгөм сени өмүрдөн да көбүрөөк,
бирок, балким, ажалдан аз кичине.
Кудайымдай күткөн элем мен сүйүп,
Кудай — жалгыз, баарын кайдан жөндөмөк.
Бирок сүйүү ажалдан да эң бийик,
кээде гана өмүрдөн пас өңдөнөт.





