Өлкөм, сени куштар калтырып...

* * * Өлкөм, сени куштар калтырып, учат не бир бийик жактарга. Кандайдыр кыл бекем тартылып, Зың-зың этет бопбош асманда. Каргылданып, жарык түрдөгү чууга айланып анан кетерби. Көктө өлгөн маркум үндөрү Жылыта албас сенин чекеңди. Жалган сөздү акыл салып жар, ууру жолду таппай тыбырайт, так ушинтип акынчалыштар биргелешип эптеп ыр улайт.