Маашырлантып жалган ооруп жатканың...
* * *
Маашырлантып жалган ооруп жатканың,
жашап жүрсөң палатада алтынчы,
жан жөнүндө керек ойго батканың,
сөздөн көрөк өйдө-төмөн айтылчу.
Ырлар эми жазылбастан кокустан,
илхам келет бүтүн өзү бүткөрүп:
түнкү булбул толкунуна кошуп жан,
түбөлүгүң бекигендей түптөлүп.
Күн мурунтан түрбөй түндүн учугун,
күлкү менен жеңе турган учуруң,
баратса да керең болуп тукумуң,
чачылса да шамалдап эс-тутумуң.





