Маашырлантып жалган ооруп жатканың...

* * * Маашырлантып жалган ооруп жатканың, жашап жүрсөң палатада алтынчы, жан жөнүндө керек ойго батканың, сөздөн көрөк өйдө-төмөн айтылчу. Ырлар эми жазылбастан кокустан, илхам келет бүтүн өзү бүткөрүп: түнкү булбул толкунуна кошуп жан, түбөлүгүң бекигендей түптөлүп. Күн мурунтан түрбөй түндүн учугун, күлкү менен жеңе турган учуруң, баратса да керең болуп тукумуң, чачылса да шамалдап эс-тутумуң.