Жеңиш Күн

Терезеге нуру чагылып, саламдашып жылдыз жатабы. Ордендерин шашпай тагынып, согушту эстеп кары капалуу. Боз салкында көзгө тартылат: баатыр эмес жүзү балдардын, шаттыкка да жаштык март убак, ордосундай оюн салгандын. Кандай сонун кенен дем алып, каргашага каршы кармашсаң. Ажал деле окшойт ажайып, кыйгач өтсө жанды албастан, корккондо не, тике турушкан сезимди ажал чордой басканы. Өлкөгө окшоп Кудай унуткан жалгыз мекен жарык асманы. Мекен үчүн отту аралай, мекен менен куштай алгырсың. Ал — ишенчээк, эстүү баладай бийлигинде катаал тагдырдын, эми деле кара баскансып, коркунучтуу собес — чабуулдан, жат өлкөдө жашап жаткансып, чар учкандай тагдыр кабылган. Майрам суутуп кары көксөөсүн, күнөөлөрүн кечет бул күндө. Жер үстүнөн Жылдыз өчпөсүн, койчуларды жолдоп үңкүргө.