Гамлет
Генадий Айгиге
Өнөр секи тузак-торго айланган,
көшөгө да азыр мына жабылат...
Зал селейип, сөз күчүнө арбалган.
Ал ооз ачса — шумдук сөздөр табылат:
үнүн жасап, кыраатына келтире
айтыш үчүн кезектеги жалганды,
ойлор чубап сезимдерге серпиле,
оп тартабы жарданышкан жандарды.
Кекиртегин курал кылып заар чачуу —
ууга сууткан канжар мизи сыяктуу...
Өнөр эмне? — ажал менен арбашуу.
Сүйүүгө окшош. Сүйүүдөн да кубаттуу.
Өнөр секи тузак-торго айланган,
көшөгө да азыр мына жабылат...
Зал селейип, сөз күчүнө арбалган.
Ал ооз ачса — шумдук сөздөр табылат:
үнүн жасап, кыраатына келтире
айтыш үчүн кезектеги жалганды,
ойлор чубап сезимдерге серпиле,
оп тартабы жарданышкан жандарды.
Кекиртегин курал кылып заар чачуу —
ууга сууткан канжар мизи сыяктуу...
Өнөр эмне? — ажал менен арбашуу.
Сүйүүгө окшош. Сүйүүдөн да кубаттуу.





