Жаратылыш боюнча
Албетте, пайдалуу. Мисалы, аба, бардык шаардыктар ушул абага басым жасашат, жана ар дайым бир калыпта баса белгилеп, же коркунучтуу поэтикалык сөздөр менен айтышат. Бир нерсеге «каныккан». «Жыты буруксуган чөптөргө». «Карагайдын дары чайырына» — сизге кандай? «Талаалардын балдай таттуу жытына» — бул үчүн темир кишен менен чоюн жылыткычтарга байлап коюу керек жана жанчыш керек, Россия жазуучулар союзунун, колдон келсе вологоддук бөлүмүнүн мүчөсүнүн ырлар томдугу менен жанчуу керек.
Мунун бардыгы жалган жана парфюмерия, дал ушул биздин күнөстүү жерге жылдырылган бардык отургучтарыбыз, түшүнөсүңбү, билбейм, терезелери сиренге, уйпаланган чөп үстүнө отуруп тамактанган жайлар, жакшылап орнотулган чок казандары, чиркейлерден коргоочу спиралдарга карай ачылган далистеги кофеканалар сыяктуу. Мунун бардыгы — ошол түшүнүксүз, коркунучтуу, чуулдаган же болбосо үнсүз; бетке үйлөп турган же болбосо жакындап келген жана аркаңда турган нерсеге ынандыруу же айтуу аракети. Эмнеден качсаң, ошого туш болосуң.
Жылдыздуу асман кучагын жаят; мындай жылдыздуу түндө коркунуч каптайт. Бирок алгач дүйнө караңгылап жана нымдуу аба болот, чегинет, жана тынчтана өз дүйнөсүнө кирет. Ал жакта кандайдыр бир сары чөйчөк гүлдөр бар — алар күндүзү гана сары чөйчөк гүлдөр, алар балдар ырларындагы сары чөйчөк гүлдөр, а түндөсү болсо, чынында эле алар кимдер? Сыр чайнекке сүрөт тартуу үчүн эле болбосо керек?
Ал эми чөптөрчү? Роза гүлдөрүчү? Алар бизди жакшы деле көрүшпөйт, розалар; алар бизге түкүрүп да койбойт, эч кандай, аларга баары бир, алардын тегерегинде айланчыктап бийлеген — бутту эки жолу тепкилеп, алакандарды үч ирет чаап — биз, табияттын келесоолору, анын тилин унуткан, анын максатын билбеген, бакчанын сыйкырдуу кызы ак-күлгүн буралган спираль болуп эмнеге айланып жаткандыгын, жана ал фракталдык геометрия жөнүндө, Мандельброт көптүгү жөнүндө эч нерсе укпай туруп эле эмне үчүн өзүнүн жыпар жыттуу математикасын улам-улам айлантаарын түшүнбөгөн бизбиз, күүгүм кирип келди, аба ным тартып, жаңы чабылган чөптөн марганцовканын жыты уруп, каңылжаарды жарат.
Газондун чөбүн чабуу. Бакчадагы күңүрт фонарларды жандыруу. Дарбазаны бекитүү, итти бошотуу, бардык күмөндүү адамдардан сактануу; кирпичтен бийик дубал орнотуу үчүн жана кароолчу үчүн акча топтоо. Жардам бербейт: чөптөрдөн, жылдыздардын үнсүз күркүрөгүнөн, өзүнүн түшүнүксүз ишин жасаган розалардан качып кутула албайсың. Алар үчүн сиз дача сатып алгансыз, толкундангансыз, соодалашкансыз, кыжырлангансыз, такташкансыз жана жеңип чыккансыз. Аба менен дем алабыз! Таза аба менен! Жаратылышка, чоң энелерибизге жакыныраак!
Шаарлардан качабыз, түйшүктөрдөн, кызыксыз жашоодон, күндө тердегенден, уйпаланган чачтардан, көздүн алдындагы кара темгилдерден качабыз. Алыска, киши буту баспаган талааларга, жымжырт шалбааларга качабыз, көк деңиздин жээгиндеги аппак үйгө чейин чуркап жетебиз: карачы биз кайда жашагыбыз келет! Поэзия кокос менен, пляж сүлгүсү менен болушу керек! Ал эми кечиндеси ак шарап... жана дагы ак шарап, жана дагы, дагы... жакындап келген коркунучтун баарын төгүп салуу үчүн, коркунучту көрбөш үчүн, жаңырып турган жылдыздуу ибадаткана жөнүндө, деңиздин үрөй учурган добушу жөнүндө, кыймылсыз тоолор жөнүндө унутуу үчүн, кылдай жипте илинип, качып кете алгыс жалгыздыкта, жаратылыштын чөлүндө тургандыгыңды, жана сага коңуз да дос эмес, чаян дагы жолдош эсместигин унутуу үчүн.
Жараткан адамды, өзүнүн аянычтуу жана сүйүктүү жандыгын сүйлөшүү үчүн чөлгө чакырат. Жараткан күүгүмдөн суурулуп чыгат да, биздин артыбызда турат. Жараткан бизди чөйчөк сары гүл менен жолугушууга чакырат — үнсүз-сөзсүз, көзмө-көз жолугушуу. Жараткан таман алдына чөп болуп төшөлөт, шамал болуп согот, ит болуп үрөт, толкун болуп жээкке урат, булут болуп учат, түш болуп кирет, вино болуп куюлат. Калганы — сүйлөшүүлөрдүн сыры.




