Бош күн
Ушул таң эч нерсеге окшошпойт, аны таң деп айтууга болбойт, болгону биринчи күндүн кыска гана бир үзүмү: сыноо, бекер үлгү, авантитул. Кыларга иш жок. Бара турган да жер жок. Жаңы бир нерсени баштоо максатсыз, анткени эскилер дагы деле жыйналбай жатат: идиш-аяктар, дасторкондор, белектердин оромолдору, бут алдыда чачылып жаткан ийне жалбырактар.
Таң сүрүп калганда жатып, күн баткан маалда ойгоносуң, үйдө кыларга ишиң жок бош отурасың, терезени карайсың. Биринчи январда күн Москвада деле, Питерде деле күндүзгү саат төрттө батат, ошондуктан биздин үлүшүбүзгө майда, жетиле элек кар бүртүкчөлөрү менен кескиленген бозомук жарыктын бир бөлүгү, же тез эле кирген караңгылыктан башканы билдирбеген кызыл, азаптуу таң гана тиет.
Кызыктай сезим. Эми эле биз чуру-чуу түшүп, шашыла шампан куюп, куранттардын империялык, жай коңгуроосу согуп бүткөнчө шампан куюлган идиштерибизди кагыштырып калууга болгон аракетибизди жасап, эски жыл топуракка айлангандай болуп, ал эми жаңы жыл али баштала электе табышмактуу өткөөл учурду кармап калууга жана түшүнүп калыш үчүн далалат кылдык. Ушул мүнөттөрдө кубанып жаткан бардык адамдар сыяктуу кубандык, көрүнбөгөн эшиктерден өтүп кете албай тургандай, аракетибиз ишке ашпай калчудай толкундандык. Бирок, адаттагыдай эле, аткара алдык, өттүк. Эми болсо, кечки күүгүмдө уйкулуу көзүбүздү ачып, ушул таң калычтуу абалга киребиз — ыракаттануу жок, капалык жок, шашылуу жок, өкүнүү жок, сергектик жок, чарчоо жок, ичкенден кийинки абал жок.
Бул күн — ашыкча, ашыкча белек болгон сыяктуу: аны алуу жагымдуу, ал эми аны эмне кылаарың али белгисиз. Бул күн — кыска, жылдын калган бардык күндөрүнүн эң кыскасы. Бул күнү эч кандай тамак даярдашпайт — эмне кааласаң баары бар, ооба, анан бир жолу гана жешет, анан калса бардыгы кечээки тамактар жана тандашпайт дагы: даамдары өзгөрүп калган салаттардын түрү, үстү жабылбай кургап калган пирогдор, эгер калса фаршталган жумурткалар. Бул эртең мененки тамак да сыяктуу — бирок арак жана туздалган балыгы менен; түшкү тамак да сыяктуу, бирок шорпосу жок. Бул күн тынч: кечээ шапар тээп, ойноп-күлүп, чарчаганбыз.
Бул күнү шаардын сыртында, дачада, айылда болгон жакшы. Жеңдери айрылган эски кийимдерди, элге көрсөткөндөн уялган эски тонду, кол каптарды кийген жакшы. Эшикке чыгып жана жинди немече, эч нерсени ойлонбостон асманга карап, эгер буюруп койсо — жылдыздарга карап турган жакшы. Өзүңдү өзүңдөй сезген жакшы: өзүңө түшүнүксүз эч кимдики эмес, жайлуу үйдө, алты жашар, түбөлүк. Сүйүү жана куулук-шумдукту күтпөгөн жакшы. Жөлөнүп турган жакшы: тепкичтин устунуна же болбосо адамга.
Бул күн эсте деле калбайт, ушунчалык бош күн. Эмне жасадык? — эч нерсе. Кайда бардык? — эч жакка. Эмне тууралуу сүйлөштүк? Эч нерсе тууралуу деле сөз болбоду. Бир гана боштук жана кыскалык, жана күңүрт жарык, жана баа жеткис бекерчилик, жана жагымдуу шалдыроо, жана таттуу уйкусуроо, жана чачылган ойлор, жана терең эрте уйку эсте калат.
Эгер бул күн болбогондо биз кантип жашайт элек! Турмуш, анын дүлөй кылуучу жана ырайымсыз добушуна, биз баары бир түшүнүүгө үлгүрө албаган маанинин агымына, айланган жана июлдун, жана сентябрдын, жана ноябрдын айланган күндөрүнүн агымына кантип туруштук берет элек?!
Ашыкча, бош, керемет күн, кыраакы бизге, маанини, түшүндүрмөлөрдү, шылтоолорду издеген бизге байкатпастан берилген узун үч жарым жүздүн ичиндеги кыска таякча. Эсеби жок, адам эсебинен тышкаркы күн, жөн эле күн, — Жараткандын белеги.




