Кайдан билсин жашаган жан түндүктө...

* * * Кайдан билсин жашаган жан түндүктө кандайлыгын лириканын тазасы, улуу киши — сулуу киши сакалчан, кең шымында лампастарын карачы, аңгыча анын белине арта салынат кыздын кызыл шиштакасы кылт этип, аккордеон, кылкыяк коштоп жаңырат. Түштүк жакта жашаган жан байкабайт: түлкү тумак жыты кандай кышында, аны кийген түндүк кызы жолукса, бети муздак, бирок чымыр, кызыл да, анан бир аз ичкиликтин деми бар — ушу тапта кыроо басып бак-шакты, түнгө жакын үрпөйгөнүн көрүп ал. Бирок сүйүү — бирөө эле да ушундай, эки сөздө айталбайсың баянын, ача албайсың үчүнчү бир кишиге анын сырдуу серпилгичин, аянын. Ачкычы анын карт эргулда сакталып, эски орунда отурганы бараандуу, чиркешип да желкесинде кош колу, терезеден карап турса шамалды, жалбырактан дем-күч алган окшоду