Валентин Распутин
Распутин Валентин Григорьевич (1937—2015) — жазуучу, очеркист, публицист, коомдук ишмер. СССР мамлекеттик сыйлыгынын (1977, 1987) жана РФ мамлекеттик сыйлыгынын (2012), РФ Президентинин (2003), РФ Өкмөтүнүн (2010) жана башка көптөгөн сыйлыктардын лауреаты.
Иркутск облусундагы Усть-Уда айылында туулган. Иркутск мамлекеттик университетинин тарых-филология факультетин аяктагандан кийин Иркутскинин жана Красноярскинин гезиттеринде иштеген. Алгачкы аңгемелер жыйнагы 1967-жылы жарык көргөн, ошол замат Распутин тууралуу «чыныгы талант» катары айтып чыгышкан.
Распутинди «элет прозасынын» абдан барктуу өкүлдөрүнүн бири катары эсептешкен, бирок ал мындай аныктамадан ашып түшөт. Анын «Мария үчүн акчалар», «Акыркы таазим», «Эсен болуп эстей жүр», «Кепе», «Матёра менен коштошуу», «Өрт», «Ивандын кызы, Ивандын энеси» повесттери, аңгемелери, эсселери көркөм гана эмес, ошондой эле коомдук маанилүү окуялардан болуп калды. Распутин адеп-ахлак, ар-намыс, сүйүү жана боорукердик, элдик эстутум маселелерин көтөрүп чыккан.
Философиялуулукту, кылдат психологизмди жана публицистикалык пафосту айкалыштырган Распутиндин чыгармачылыгы бурулуш жылдарында улуттук аң-сезимде болуп өткөн өтө татаал, абдан терең кубулуштардын чагылышы катары саналат. Распутинди «...өзүн толугу менен орус маданий салттарына арнаган орус киши, орус намысынын адамы» (Сергей Перевезенцев) деп аташкан.