Максим Амелин

1970-жылы Курскиде туулган. Коммерциядык коллежди бүтүрүп, А. М. Горький атындагы Адабий институттан билим алган. 1995-жылдан бери басмакана ишинде. «Муздак одалар» (1996), «Dubia» (1999), «Горгон тулпары» (2003), «Ийкем сөз» (2011) ырлар жана эсселер жыйнагы, ар түрдүү жанрдагы «Ыр эместер китеби» (2021) жыйнактарынын автору. XVIII—XX кылымдардагы бир катар орус акындарынын тандалма чыгармаларын, азыркы орус жана грузин поэтикалык антологияларын түзгөн баяндамачы. Байыркы грек, латын, англис, итальян, грузин, украин жана башка тилдеги поэзияны орус окурмандарына тартуулаган. Өзүнүн ырлары да жыйырма беш тилге которулуп, сегиз китеби Австрия, Армения, Испания, Кытай, Сербия, АКШ жана башка өлкөлөрдүн тилдеринде жарык көргөн. Россиялык жана чет өлкөлүк көптөгөн адабий сыйлыктардын, анын ичинде «Антибукер» эгемен сыйлыгынын, Бунин сыйлыгынын, Александр Солженицын адабий сыйлыгынын жана Улуттук «Поэт» сыйлыгынын лауреаты. «Бириктирилген гуманитардык басманын» жана «Россия элдеринин заманбап адабияты» долбоорунун башкы редактору. Өз өлкөсүндөгү улуттардын биримдигин чыңдоого кошкон салымы үчүн РФ Президентинин сыйлыгына ээ болгон жана анын алдындагы Орус тили боюнча кеңештин мүчөсү. Мос­квада жашайт.
Ыр жаатында адис жана сынчы Юрий Орлицкийдин пикири боюнча: «ырлары өтө эле өзгөчөлөнүп тургандыктан адабий процесстеги ордун аныктоо абдан кыйынга турган акындар болот. Максим Амелин дал ушундай — заманбап поэзияда башка эч кимге окшобогон адам. Башкача айтканда, анын көптөгөн айрым ырларын же эсселерин кайсы бир нерсеге салыштырууга болот, ал эми жалпы чыгармачылыгын антүүгө мүмкүн эмес...»