Санжыра
«Ата-тегиңди жазып кел, — мектеп күндөлүгүндөгү жазуу ушуну талап кылат. — Дүйшөмбүгө карата. Өлчөмү — А4».
Менин сегиз жаштагы кызым сүрөт тарткан альбомунан керектүү өлчөмдөгү кагазды айрып алып, күйөөм экөөбүзгө суроолуу карайт. Мен ыраматылык таежемдин жазуулары сакталган файлды издемекке компьютерге, күйөөм — өзүнүн архивдик папкаларына үңүлөт. Буга чейин биздин материалдарды бириктирип коюш башыбызга келбептир. Таптык: Excel таблицасы, сканерлерген жазуулар жана кол менен тартылган чиймелер, сүрөттөр, архивдеги каттар-жооптор.
— Үй-бүлөлүк даракты тартып, ысымдарды жазып коюу гана керек, — деп кызым тактады. — Төрөлгөн жана көз жумган даталарын жазбаса да болот. Атүгүл, атасынын атынын да кереги жок.
— Эмне үчүн? — маңыроо күйөөм таңыркады.
— Кагазга батышы үчүн.
Жазмаларды барактай баштадык. Таежем өз мезгилинде Америкадагы жана Жаңы Зеландиядагы алыскы туугандары менен кат алышууга бир нече жыл коротуп, биздин уруунун тарыхын тээ 1804-жылга чейин изилдей алган. Дал ушул 1804-жылы биз уруунун негиздөөчүсү деп эсептеген казандык соодагер, ак чалманын алдындагы катаал кара-тору жүзү жарым-жартылай өчө баштаган кичинекей сүрөттөн араң көрүнгөн адам жарык дүйнөгө келген.
Бабабыздын жашоосу тууралуу бизге аз гана нерсе, анын Мекеге зыярат жасаган чыныгы ажы болгондугу гана белгилүү. Изилдөөлөр менен алектенүүгө шарт болгон эмес, үй-бүлөлүк тарых боюнча бардык материалдарды белекке, тагыраагы, мураска алгам. Күйөөм, тескерисинче, бардык маалыматтарды өзү тапкан: архивди, эски гезиттерди аңтарып, атайын сайттардан издеп, Россияны кыдырып, туугандарынан сурап, айтор бул иши жылдарга созулган. Кимдир бирөөлөрүнүн тагдырын толук калыбына келтирип, кимдир бирөөлөрдүкүнөн үй-бүлөлүк уламыштардын үзүндүлөрүн гана тапкан (мисалы, кайсы бир чоң энелерибиздин энесинин тукумдарында сүрөттөр да, документтер да калбастан, жападан-жалгыз эскерүү калыптыр. Бул аялдын мүнөзү тажаал болгондуктан, ал элдин көзүнчө эле өтүкчү күйөөсүн бут кийимдин калыбы менен төбөгө чаап урчу экен. Ошол эле жол менен XIX кылымдын башына жетет).
Мына ошентип биз алакандай кагаздын барагына ысымдарды — XIX жана XX кылымдарды батырууга аракет кылуудабыз. Алар баткан жок.
— Чоң кагаз керек, — деди күйөөм атасынын аттарын кошо жазгыдай болуш үчүн. Мындан да жакшысы, сүрөттөрү менен.
Кызым ойлуу баш ийкейт. Туугандарынын күтүүсүз көптүгү аны таптакыр абдыратып салды.
Кеңсе буюмдары сатылган дүкөнгө барып, эң чоң ватман кагазын сатып алдык. Карандаш менен дарактын сүрөтүн түшүрөбүз: дарак чоң жана бутак-шагы жайылган. Кызымдын өң-келбетин, күйөөм экөөбүздүн портреттерибизди чаптайбыз; чоң эне-чоң аталардан жукараак альбомдор калган, бирок алар да кичинекей эмес. Кайсы сүрөттөрдү тандаш керек? Муну дароо чечтик: али баёо, жагымдуу жана бырыш тийбеген жаш жүздөрдү алабыз.
Мына, менин дагы бир чоң энем: Казань университетинин жогорку курсунун студенти, дээрлик даяр ихтиолог (зоологиянын балык изилдөө бөлүмү. —Котормочу.) — модалуу чач жасалга, мончок бастырылган шляпа; татарча менен орусчадан тышкары, ал араб тилин да билет; опера менен муз бийинин ышкыбозу; ата-энеси менен чогуу коммуналдык батирде жашаган (төңкөрүшкө чейин алар үйдүн бүтүндөй бир кабатын ээлеп турушкан, кийин үй-бүлөнү «сыйлыгыштырышты», таптакыр көчүрүп жиберишпегенине шүгүр).
Мынакей экинчиси: жаңы эле кулак сүргүнүнөн кайтып келген жаш мугалим аял — ал апарык, чоочун эркектин күрмөсүн кийип, бекем кыскан эриндерине жарашпаган күңүрт эндик сүйкөптүр; Сибирдеги 16 жылдык зордук менен көчүрүлгөн жашоодон кийин ал өзүнүн татар тилин дээрлик унутуп, ошондуктан эми өмүр бою балдарды орус тилине окутат, ал эми сүйлөгөн сөздөрүнөн өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин сибирдиктерге мүнөздүү ачуулуу кыраат угулуп турат.
Дагы бир чоң ата: көздөрү алаңдаган чап жаак өспүрүм — Волга боюндагы ачкалык менен Түркстанды кыдырып, эптеп күн көрүүнүн азабын көргөн кечээки таштанды.
Мына экинчиси: эки аптадай мурун согуштан келген лейтенант. Ал жакында аскер кийимин чечип, кырк биринчи жылы алынган дипломуна жараша «немис тилден окутуучу» болуп иштегени мектепке барат. Ал өмүр бою согуштагы төрт жылда баштан өткөндөрү тууралуу бир да сөз айтпайт: бардык суроолорго жооп — унчукпоо болот. Анан балдарды ага деген сүйүүсүн кандайдыр бир таң каларлык жол менен согуштун бардык жылдарынан алып өткөн немис тилине окутуп-үйрөтөт...
— Алардын баары сүрөттөрдө азыркы бизден жашыраак го? — деди күйөөм.
Бул чындык. Ватман кагазда — жалаң жаш, өспүрүм жана дээрлик балалык жүздөр: биздин ата-энелерибиз жана алардын ата-энелери теңтуштардай көрүнүшөт. Азырынча санжыра бүтүрүүчүлөрдүн сүрөттөрү чапталган мектеп альбомунан алынган баракты эске салат. Кыйыр белгилерден — аскер кителинин бычымы, жакадагы комсомолдук төш белги, чач жасалгасынын формасынан гана сүрөттөрдүн ар кайсы мезгилдерде, кээде жарым кылымдык айырма менен жасалганын аныктоого болот. Сегиз жаштагы кызга бул айырма көрүнбөйт: ал улгайгандар деп эсептөөгө көнгөндөрүн кунт коюу менен кароодо.
— Мерилин Монрого окшошот, — ал сүрөттөрдүн бири тууралуу айтып жатат. Бирок кырдаал андан ары өзгөрөт: улуураак муундардан азыраак сүрөттөр калып, үй-бүлөлүк дарак акырындык менен ар башка өңдөгү жана ар түркүн курактагы портреттерге толо баштайт.
Мына — биздин чоң энелердин чоң энелери. Ээгине түшүрө байланган апакай жоолугунун алдынан жарым-жартылай сокур болгон көздөрү көрүнгөн сүрдүү татар кемпир (үй-бүлөлүк уламышка ылайык, ал өзүнүн жалгыз уулун ашкере жакшы көргөндүктөн, анын туулган кыштагынан шаарга көчүп кеткенин көтөрө албай, көп өтпөй каза болот). Оюп жасалган столго чыканактап, колунда роза гүлү бар көздөрү бакырайган забайкальелик дыйкан аял (ал бир жолу хунхуздардан — XIX кылымдын аягы XX кылымдын башында Маньчжурияда жана орусиялык Ыраакы Чыгыш аймагында талоончулук кылышкан кытай каракчыларынан качып, тайгада коштоп жүргөн адамы жок, колундагы бир жаштардагы кызы менен жүздөгөн чакырым жолду басып өтөт)...
Ал эми булар — чоң аталардын чоң аталары. Узун кылычтын сабына колун сыймыктуу койгон жарашыктуу мурутчан тайманбас сержант. Күнгө күйгөндөн карарып кеткен бырыштуу жүзүндө көздөрү гана жылтыраган Чернигов губерниясынан келген улгайган казак. Жарашыктуу сакалы майланган, кундуз ичикчен казандык бай...
Сүрөттөрдүн географиясы таасирлентет — алар бүткүл Орусия боюнча, Казандан Хабаровскиге, Воронежден Кола жарым аралындагы Североморскиге чейин тартылган. Биздин ата-бабалар өлкө боюнча тынымсыз көчүп турушкан: он жетинчи жылга чейин өз эрки менен, андан кийин — мамлекеттин эркине жараша. Бурлактыкка жана согушка кетишип, өздөрүнүн балдары үчүн жакшы жашоо издеп шаарларга жөнөшүп, Ангара жээктерине кулак сүргүнүнө айдалышып; борборго окууга, андан кийин бөлүнгөн иште иштеш үчүн Түндүк уюлга кетишкен.
Бул тынымсыз көчүүлөр — картадагы ийри-буйру сызыктар биринин-үстүнөн бири басып, өлкөнү бирдиктүү мейкиндикке бириктирет: Петербургда жана Астраханда, Красноярскиде жана Барнаулда, Новосибирскиде, Ярославлда, Читада, Петропавловск-Камчаткада — баарында бир канча мезгилге чейин өзүңдүкүндөй жакын болуп калган көчөлөр жана үйлөр бар.
Бул көчүп-конуулардын маршрутун жакында эле тактадык — өткөн чак жөнүндө билүү дайым эле зарыл нерсе болгон эмес. Качандыр бир кездерде бул көптөрү үчүн кыйынчылык жаратып, атүгүл коркунучтуу болгон. Мисалы, күйөөмдүн чоң атасы өз атасы жөнүндөгү чындыкты графадагы «социалдык теги» деген талап кылынган жазууну актоо үчүн гана өмүр бою жашырган (ал Ак гвардия менен Кытайга кетип, белгисиз болгон колледждик жардамчы): кара жумушта эмгектенип, кой кайтарып, ыктыярдуу матрос, ӨМБнын (1917—1925-жылдардагы өзгөчө максаттагы бөлүмдүн — совет бийлигинин контрреволюция менен күрөшүнө көмөктөшүү үчүн түзүлгөн партия комитеттеринин жана өндүрүштөгү партия уюмдарынын алдындагы отряддын) аскери болгон.
Аны ашкерелеп коёр жападан-жалгыз нерсе, мурдагы гимназист-отличниктин үлгүлүү кол жазмасы гана болгон. Бактыга жараша, буга көңүл бурушкан эмес: каллиграфиялык кол жазмага ээ койчуман ошол убактагы анчалык деле үлкөн өзгөчөлүк болгон эмес...
— Ал чындап эле мурунку койчуманбы? — кызым жалтырак журналдагы сүрөттү колу менен кармалап сурайт. — Ричард Гирдин жаш чагына окшошот.
— Айтып жатпаймынбы, койчуман, — күйөөм өжөрлөнөт. — Мен сага анын анкетасын, архивдеги көчүрмөсүн көрсөтөм. Анда баары анын өз колу менен жазылган.
— Анкетадагы жазуулар чындык экенин кайдан билесиң?
Күйөөм унчукпай калды: чын эле каяша айтар эч нерсе жок. Өткөндү калыбына келтирүү — археология менен алектенүү сыяктуу: баалуу баш сөөктөр менен сөөктөрдү издеп, манжалардын арасынан тонналаган кумду өткөрүш керек. Же зыян кылбоого аракеттенүү менен, жерден чоң даракты тамыр артынан тамырын сууруп алуу. Бирок, кээде эгерде бул тамырлар эбак эле кимдир бирөөнүн чечкиндүү колу менен кыя чабылган болсо, атүгүл эң эле кылдат эмгек да эчтеке бере албайт. Баарынан өкүнүчтүүсү, эгерде бул кол жакын адамыңдын колу болсо.
Биздин үч ата өткөн эжелерибиздин бири керебетинин алдында көп жылдар бою каттар, открыткалар жана сүрөттөр салынган кагаз кутуну сактаптыр: жылдары боюнча сорттолуп, катуу жип менен байланган калың кагаздардын үймөгүндө анын өткөн чагы бар эле. Ал эми көз жумарына бир-эки апта калганда, оорудан азап тартып, төшөктөн жылбай калган эжебиз кутунун ичиндегилерди акыркы барагына чейин жок кылууну буйруйт.
Оорулуунун эркине каршы чыгууга батынышпайт: кагаздар ошол замат бөлмөдө, кожоюндун көз алдында металл илегенде өрттөлөт. Мындан көп өтпөй ал өзүнүн түтүнгө айланган жашоосун өз көзү менен көргөнүнө тынчтанып кайтыш болот. Ал эми балдары алиге чейин кымбат баалуу архивди сактай алышпаганы үчүн өздөрүн кечирбей келишет...
— Сүрөткө тартууну качан ойлоп табышкан? — үй-бүлөлүк даракка гүлдөр менен жалбырактарды тырышчаактык менен тартып жаткан кызым сурап калды.
— XIX кылымдын башталышы, үчтөн биринчи бөлүктөрүндө. Ал эми каалоочулардын баары сүрөткө түшө алчу фотоательени кылымдын аяк жактарында ача башташкан.
— Кечирээк, — ал башын капалана чайкады.
Сүрөт карточкалары ватман кагазына коюла баштады, алар тыгыз коюлуп, кээде бири-бирине четтери менен тийишип кетишет, ошондо ошол замат жүздөрдүн ар кылдыгы көзгө чалдыгат. Жаак сөөктөр — калмактардыкындай кең жана поляктыкындай сүйрү; көздөр — монголдордукундай кыйгачынан жана бакырайган, ачык түстүү; чачтары — кара жана буудай ыраң; мурундар: коңкойгон жана грузиндикиндей кайкы мурундар. Кызыма уурдана караймын: мына ушул бири-бирине такыр окшобогон жүз өзгөчөлүктөрү кызымда жашынып, генетикалык зымдай буралып, чүмкөнүп жатат. Эгерде мындан бир нече жыл кийин анын бир аз өйдө көтөрүлгөн кайкы муруну түздөлүп, ал эми ачык сары чачтары күрөң тартып калса, таңдануунун кереги жок. Чынында эле чач маселеси дүйнөдөгү эң татаал маселе.
Ал эми мүнөз жана жеке тандоо маселелеричи? Эгерде кызы чет тилдер мугалими болууну кааласа, бул анын өз алдынчалуу чечими болобу же өткөндөн, мугалим ата-бабаларынан берилген саламбы? Эгерде ал кызууланып турганда кимдир бирөөнү өтүк менен ургусу келсе, анда бул анын темпераментиби же болгону ачуулуу чоң энесинин чоң энесинен калган мураспы?
Деги эле бизди, XXI кылымдын адамдарын, элден обочолонгондор менен өзүмчүлдөрдүн, интернет менен компьютердик технологиялардын күйөрмандарын мурунку муундардан бөлүп турган чек кайда жатат? Бул чек барбы? Аны жүргүзүү ушунчалык эле маанилүүбү? Балким, эң башкысы, канткенде да арт жагыңдагы боштукту сезбөө чыгар? Арт жакта кимдир бирөө болгонун билүү... Арт жагыңды кылчайып кароо, атүгүл колуңду сунуу мүмкүнчүлүгүнүн болушу...
Акыркы сүрөт чапталып жана акыркы ысым жазылганда, биз кылган эмгегибиздин түшүмүн баалоо үчүн ватман кагазын дубалга илебиз. Бизге жыйырма чакты жүз, улгайган, бирок канткен күндө да көбүрөөгү жаш, атүгүл өтө эле жаш адамдар карап турушат. А биз аларга карайбыз. Ошентип, биерде, кызыбыздын керебетинин жанында биздин эмгек турарын жана көпкө турарын түшүнөбүз.
Ал эми биздин өзүбүздөн, айталы жүз жылдан кийин эмне калат? Эң көп дегенде ушул эле нерсе калар: бир портрет, жападан-жалгыз сүйлөм («ошол... чоң ата») же «ошол... чоң эне»). Мейли, бүгүн биздин сүрөттөрүбүз миңден саналып, ал эми социалдык желелер ар бир кадамыбызды документтештирип турсун, үй-бүлөлүк дарак тартылган ватман кагазына биздин бир гана портретибизди чапташат. Анан биздин неберебиз ал сүрөттү көрсөтүп, бир гана нерсени, эң башкысын эстейт.
Кызым аткарган иши үчүн «эң мыкты» деген баа алды (мугалим жасалган иштин көлөмү тапшырмада көрсөтүлгөнгө туура келбейт деп ыйлактап, бирок бааны төмөндөткөнгө дити барбаптыр).
Күйөөм биздин эмгектерден шыктандыбы же дагы башка себеби барбы, айтор Забайкальени өздөштүрүүнүн тарыхына баш-оту менен киришти. Аны көп өтпөй интернет аркылуу туугандары таап алышты, алар анын үй-бүлөлүк санжыра менен алектенээрин билишип, өздөрү билгендерди да буга кошууну каалашты.
Мен татар кыштагы тууралуу бир нече аңгеме жаздым. Андан бери беш жыл өттү. Санжыра мурункудай эле кызымдын төшөгүнүн баш жагында илинип турат. Мезгил-мезгили менен кээ бир сүрөттөрдүн четтери кайрылып, бурчтары өйдө көтөрүлүп, дарактан учуп түшүп, биз аларды улам кайра мурдагы ордуларына кайтарып турабыз. Балким, кайсы бир сүрөттөрдү кайрадан жаңылоого туура келет. Сүрөттөр жарыкта бозоруп, жакшы көрүнбөй калышат (мага чынында жылтыраган жаңы сүрөттөр эмес, өңү өчүп бараткан сүрөттөр жакса да).
Биз жакында эле дагы бир жуп ватман кагазын сатып алып, аларды узунунан бириктирип мезгилдин үй-бүлөлүк өлчөгүчүн тарттык. Ал жакка тарыхый окуялар менен катар биздин ата-бабалардын өмүр сүргөн жылдарын, ошондой эле биздин төрөлгөн жылдарыбызды жазып, каршыдагы дубалга илип койдук.
Алгачкы күндөрү анын жанынан өтүп баратып, токтоно албастан дайым бир-эки мүнөткө токтолуп, бүтүндөй XX кылымга жана XXI кылымдын башталышына көз чуркатчумун: өлчөгүчтөгү бир чекитте — бир эле жылда Экинчи дүйнөлүк согуш аяктап менин атам төрөлгөн: экинчи чекитте — Сталин көз жуумп, менин апам төрөлгөн; үчүнчүсүндө — Вьетнамдагы согуш аяктап күйөөм төрөлгөн... Окуялардын баары бир эле фломастер, бир эле арип, бирдей өлчөмдөгү тамгалар менен жазылган. А бирок, бул — такыр башка тарых. Же ошол эле тарыхпы?..





