Инга Кузнецова

Инга Кузнецова 1974-жылы Краснодар аймагынын Кара деңиз айылында туулган. М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган. Философия илиминен аспирантурада окуган. «Вопросы литературы», «Октябрь» журналдарында редактор болуп иштеген. «Түш-чымчык» (2002), «Көкүрөктөгү көз» (2010), «Көктө сүзүү» (2012), «Дарак сыры» (2016), «Учкулук» (2019) аттуу поэтикалык беш китептин автору. Акыркы жылдары проза менен узанууда, эки романы жарык көргөн. Ырлары англис, грузин, кытай, поляк, француз ж. б. тилдерге которулган. «Триумф», «Московский счет» сыйлыктарынын жана Эл аралык Волошинский сыйлыгынын лауреаты. Москвада жашайт.
Адабиятчы жана сынчы Дмитрий Бак Кузнецованын лирикасынын өзгөчөлүү жактарын белгилеп жогору баа берген.