Бир кызык күн. Мага туюк мааниси...
* * *
Бир кызык күн. Мага туюк мааниси.
Бир белгисин көрбөдүм мен олтуруп.
Шпиондор уктап жатат, оозуна суу толтуруп.
Кыш да келди, окшош күзгө кенебей,
А буюмдар тоңуп жерге түшүп калган мөмөдөй.
Кыш да келди, окшош күзгө,
Дөңгөлөктөр илгеркидей өз ордуна тагылып,
Бирок кайра айланышат жаңырып.
Китепти аччы ортосунан как жарып:
Ал жакта мен турам муздун үстүндө,
Челюскиндин кемесинде, айланам суу капталып.
Челюскиндин кемесинде, мен дагы эле отургам,
Чуркагансып муз үстүнө жылмаюум,
Шатымды бек кармап жиптен токулган.
Ал жакта ким вертолетчен билбедим
Кулап түштү ал, мен көрбөгөн чекитке,
Же периби секирүүгө күттүргөн көз ирмемин.
Ал жакта ким, вертолетчен билбедим,
Шамалбы дейм, булуттарды катмарынан түргөнүн.
Сынды муздар жумуртканын кырындай,
Дөнгөлөктүн алдында өлгөн
Чымчыктардай пайда болуп кырылды ай...
Мен турам жай акыл качып төмөн салып башымды,
Манжаларым ылдыйга, түшүрүүдө шатымды.





