Көрдүм, кара тал кыймылдайт, мен аркылуу тушумда...

* * * Көрдүм, кара тал кыймылдайт, мен аркылуу тушумда, Майда бүчүрлөр титирейт манжалары учунда. Чындыктан да ушунчалык күчтүүрөөктөй бул сүрөт, Көркүн дагы көз көрсө да кыйын эске тутумга. Ичимде гүл нымда өсчүү, жыгач сыйгалак гана Жер кыртышы даяр турат бардык кубулуштарга. А биз жерге жакындарга гана назар салабыз, Короо чети жана жансыз буюмду айтып жок, барда. Сырдуу дүйнө жашайт балким далыбыздын артында, Түшкө киргендердин баары билбейм чынын, калпын да. Жырткыч сымал адам, чымчык, сөз, дан, дагы дарак бар, Анда боштук-көз тандоосу, ишенимдин баркында.