Үйрөтчү мага сүзгөндү, кучактат жумшак сууну анан...

* * * Үйрөтчү мага сүзгөндү, кучактат жумшак сууну анан, Мага дос мындай эркиндик, жыгачтын тилин сууруган. Котортсо талаа чөбүндөй, кургак да, ачуу аябай, Калагы тыптынч кайыктай, же түнкү жолдо санаадай. Же жерде түптүз суналып жаткансып эски карагай. Карасаң, канча жыл сыртка ыргытылгансып бирөөдөн, Суудагы сүзүүчүлөрдүн чебин бузгансып жөнөгөн. Өзүмдөн качып баратам, лавадай болуп эми өччүү. Айланып ландшафка утур, түбөлүк сыртты күзөтчүү. Серпилем ар бир дайрадан! Сүзгөндү мага үйрөтчү. Төп келип баары, эгерде тирүүлүк жолу уланса, Бир карап жаткан таңданып балыкты жалпак деп анча. Беттерин карап жей албай, суу түбүн дүйнө санаган, Убакта чексиз жыштыктан сүзөбүз сууну тоннадан, а анан..........................................................................