Орус Түндүгүнүн күнүмдүк турмушу

(үзүндүлөр)

Узак айрылышуу

                                                                      Өспүрүм үч кадам таштап, тизесин таяна,
                                                                      Жайдары элпек эңкейип, чүкөнү алды колго.
                                                                      Мээлеп калды... кач! жол ач ынтызар калк,
                                                                      Орустун жигердүү оюнуна жолтоо болбо!
                                                                                                                                 А. С. Пушкин

Айылдагы баёо балалыктын түркүн-түстүү ар кыл оюн-тамашасы ушу кезге чейин эстен кеткис болуп орноп калды. Оюн-тамашалар пайдалуу иш менен айкалышчу. Бул тууралуу кайра-кайра кайталаш керек... Балык уулоо, мисалы, же ат минип иштөө — ушул жамааттын классикалык үлгүлөрү. Баланын оюну акырындап эмгекке же эмгек билинбей баланын оюнуна айланган ондогон мисалдар бар. Эрте жаздагы сууларды агызып ойноо өзүнүн ажайыптыгы боюнча эч нерсеге салыштыргыс баланын артыкчылыгы эле. Мында бала дене боюн гана чыңдабастан, суу менен ойноодо кайраттуулукка үйрөнүп, байкабастан пайда да алып
келген.

Дал ушундай эле бала жөн гана мал жайбастан, аны карышкыр менен аюулардан коргогон, бул болсо көңүлсүз мал жайганга караганда укмуштай бир керемет нерсе эле. Ат минүү жана аны арабага чегип айдоо алгач ал үчүн оюн катары кабыл алынып, чөптү, боолонгон чөп-чарларды, кыкты жана отундарды ташуу катары кабылданган эмес.

Мындай оюн-тамашалар улуулар тарабынан да билинбестен колдоо тапкан, ошондой эле өспүрүмдөр арасында да оюндардын эмгекке пайдалуулугуна карата бейтарап мамиледе болгондору да көп болгон. Атасы менен апасы, улуу агалар менен эжелер, жалапы эле улуу кишилер мындай пайдасыз оюндарды байкабагандай түр көрсөтүшүп, айрым учурларда, сөз арасында, балдарга олуттуу болбогондой кеңеш берип коюшчу. Өспүрүмдөр менен балдар өздөрү муундан муунга, биринен бири мындай оюндарды өткөрүп алып турушкан.

Мындай ондогон оюн-тамашалардын арасында оюнчук суу жана жел тегирмендерди куруу болгон. Алгачкы тегеренмени жасап, аны чарбактагы таякка илип орнотууга улуу агасы, чоң атасы же атасы жардам берген. Андан кийин кимдир-бирөөнүн жардам беришин өзү да каалабай калган... Тегеренме бир аздан кийин сок билектүү кадимки тегирмендин моделине алмашылып, ал үчүн чыйырчыктын ар кандай уясын пайдаланууга мүмкүн болгон. Ал эми мындай тегирменден жазгы суунун тосмосуна орнотулган суу менен иштеген дөңгөлөктүү тегирмендин аралыгы деле алыс эмес эле.

Суунун шылдыр шыбышы басаңдай электе, токойдо экинчи бир булакча агып, күн жарымында кичине чакага ширелүү кайың ширесин толтурат. Тиги коктуда ат кулактын кычкыл сабактары өсүп чыкса, ал эми бул жерде кеме чайырдын таттуу катыраган түтүкчөлөрү — гигелдер да бышып калат. Бирок аларды жаңы, жумшак, ширелүү кезинде гана жегенге болот. Чөп чабыкка чейин алар жооноюп, катуу болуп калат. Эгерде эң төмөнкү муунун кесип, бир учун бүтүн калтырып, аны карагай ийнеси менен сайып, чоң апанын зыгыр буласын тал чыбыкка оросо суу тосмо курулмасы пайда болот. Гигелге суу сордуруп алып, балдар кыздардын «капастарына» билинбей аңдып барышат. Сегиз-тогуз метрден катуу ичке шоргологон сууга кыздар таң кала, булутсуз көгүш асманга карашат. Бул жамгыр
каяктан?

Бир учу бүтүн ошол эле гигелди, эгерде бычак менен узунунан тыгыз тешип, катуу үйлөсөк, ал үнү ачуу чоорго айланат. Жай аяктап, четин бышкан кезде, гигелден фуркалка жасашкан. Андан жер-жемиштер үнсүз жыйырма-отуз метрге учкан. Чөптүн же дарактын бир жеринде буктурмада отуруп алып короздорду, мышыктарды, курдаштарды аткыласа болот... Ушул жерден бир секундга токтоп
туралы.

Биз эмеден баштап, эмнеге чейин жеткенибизди эстейли. Анткени жакын аралыктан мындай фузеядан (куралдан) тоокту эле эмес, көздү чыгара атса болот... Баланын жандүйнөсү жакшылык менен жамандыктын ортосундагы чекти анча ажырата албайт, бала аны чын жүрөктөн жасап, бул нерсени (кылмышты) адатка айлантып алат. Эң эле зыяны — жок деген оюн билинбестен шоктукка, шоктук тентектикке айланып кетиши мүмкүн, ал эми тентектиктен ээнбаштыкка чейин колду сунсаң жетет... Ошондуктан улуулар дайымы шоктукту жаңы башталган кезде эле тамырынан кыркып, балдардын оюн-тамашасынын чектерин тактап, оюндардын салттык кебелбес эрежелерин бекем сакташкан.

Ошондой болсо да көптөгөн жерлерде зымдан жасалган атмалар (октор бир атканда топчуну талкалашы мүмкүн), ошондой эле резина рогаткалар (таш октору терезенин айнектерин талкалачу) убакыттын өтүшү менен зыянсыз гигелдерди, жыгач ышкырыктар менен кесинди батождорду алмаштырышты. Мындай алмашууга айылдык балдарды болот зымдар жана вагин резиналар менен жабдыган маданиятка биз милдеттүү эмеспиз. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин айылдарда чоңдордон да тентектер чыкты. Мындай «тентек» коомдук жайлардын терезесине өзү таш ыргыткан жок. Өзүн билгизбей коопсуз кармап, ал буга балдардын тобун билгичтик менен үйрөтүшкөн. Баары бир айыл балдары менен өспүрүмдөрүнүн оюн-тамашалары Экинчи дүйнөлүк согушка чейин өз салттарын толук сактап калган. Алардын ар түрдүүлүгү жана сакталышы көп кылымдык тандоо, эмгек, жаратылыш, тиричилик шарттарынын татаалдыгы жана көп түрдүүлүгү менен түшүндүрүлөт. Бала баккан чоң апаларга жоолугун чечип, аны «коён» кылып жасап коюу оңой нерсе болчу, эгерде чүпүрөктөн жасалган «түлкүлөр» «уктап жатса», анда аларды ойготуучу убакыт али боло элек. Орокчу бир тутам самандан саман түлкүсүн жасай алчу (мүмкүн ушундан «саман жесири» түшүнүгү башталган). Бышкан буудайдын сабактарын туура ортосунан ийип, «белин» байлап, «сарафан» кийгизип «түлкүнү» үстөлдүн үстүнө коюшчу. Үстөлдү муштум менен акырын ургулаганда «түлкү» бийлей баштачу. Эми кеңири үстөлдү ургулаганда анын үстүндө турган куурчактардын бийлей баштаганын көргөн балдардын кубанганын элестетиңиз. Куурчактар бирде биригип, бирде ажырап, бирде бири-бирине тийишип, бирде жандап өтүшөт. Алар бири-биринен качпай, үстөлдөн кулабай, бири-биринин жанында бийлөөсү абзел...

Жөнөкөй эле чычала кышкы кечте көптөгөн фокустар үчүн кызмат кылчу. «Ызылдак» жасаш үчүн жука тактайдын кесиндиси менен бекем кендир жип эле жетиштүү болгон. Өзүнөн өзү түбөлүк токтобой айлана берчүдөй чимирикти балдар оңой эле жасап алышчу. Алдамай оюндар, мелдеш оюндар, илмек жана кайчы же илмек жана шакек менен жасалчу фокустар кеңири тараган эле. Акыры фантазия түгөнгөн кезде баары уктоого баш уруп, бирок эртеси күнү сөзсүз жаңы бир-нерсе эске келчү. Мисалы, эски тондун бир жеңине эки колду же шырымалдын бир багелегине эки бутту тыгып, аркасына топчулап койсо «тоок» ьолуп жатып калчу. Мындай «тоокту» «бутуна» тургузушчу, ал туруп кайра жыгылганда андан өткөн күлкүлүү нерсе болчу эмес.

Жазгы ала-шалбыртта жана жайкы чөп чабыкта өспүрүмдөр адегенде кыскараак, бара-бара андан узунураак жана болушунча узун таяк-бут жасашчу. Таяк-бут менен чалкандын жана суунун үстүндө басуу күчтү бекемдеп, чыдамкайлыкка үйрөтчү*.

Шаардыктарга таптакыр окшобогон айылдыктардын баштан секирмей оюну абдан күлкүлүү эле. Ойноочулар көчөдө уюшпай эле чогулушчу, бул жерде өзүнө жагымсыз милдетти алган доброхот да боло турган. Ал шалбаага отурчу. Анын башындагы шапкесинин үстүнө ойноочулардын бардык баш кийимин тизип
коюшчу.

Кээде кыйла бийик болуп калып, бул мунара кулап калбашы үчүн кыймылдабастан отуруу керек эле. Андан кийин эң олбурлуу, узун бойлуу оюнчу чуркап келип баштан өйдө секирчү. Мында кулаган кепкалардын саны эсте калчу. Акыркы болуп эң кичинекейи секирчү, бул учурда отургандын башында бир да шапке калбай калчу. Күнөөлүүлөр (шапкени кулаткандар) төрт аяктап кезекке турушчу. Төрт бала Доброхотту колдон жана буттан алышчу. Жулкулдатып, болгон күчтөрү менен анын көчүгү менен төрт аяктап тургандын көчүгүн ургулашчу. Канча баш кийим куласа, ошончо сокку урулчу. Соккулар такыр коркунучсуз жана ооруксундурбагандай болуп, күлкүгө толуп турар эле. Сокку болгондо төрт аяктап турган оюнчу бир кыйла алга жылчы. Эң күлкүлүүсү — ал мурунку ордуна жайгашып, артта эмне болуп жатканын билейин деп кылчайганда боло турган. Сокку алдында анын бет көрүнүшү өзгөрө түшчү.

А. С. Пушкин даңазалаган жайкысын ойноолуучу «өкчөмөй» оюну орустун классикалык оюну болгон. Аны балдар да, өспүрүмдөр да, жаштар да жакшы көрүшкөн, ал эми бош убактыларында үйлөнгөндөр да ойногондон качышкан эмес. «Өкчөмөй» — койдун жана торпоктун чүкөлөрү, аны «козонок, козня» деп да аташкан. Аларды чогултушкан, сатышкан жана сатып алышкан, алар мурас катарында кичүү балдарга берилип турган.

Пушкиндин «таамай» чүкөсү — бул торпоктун чоң чүкөсү. Аны көзөп, тешигине коргошун куюшкан.

Тигилчү жерге «чүкөнү» бирден тигишкен, ал эми ойногондор аз болсо, анда экиден тигишкен.

Оюндун бир нече түрү болгон, бирок бардык түрү үчүн жакшы көз болжомду, шамдагайлыкты жана чыдамкайлыкты айкалыштыруу эң керектүү нерсе болгон. Сака түшкөн жерден аны баарынан алыска ыргыткан оюнчу биринчи урган. Оюндун бир түрүндө, эгерде аскердик терминологияны колдонсок, сапка бирден эмес, колоннага экиден чүкө тигишкен. Сапка чүкө бирде дубалга жакын, бирде ачык жерде тигилген, акыркы учурдагы экинчи соккулар башка тараптан
урулган.

Үч класстык чиркөө-уюм мектептеринде бул ырды жатташкан:

Жол боюнда, көлчүктө
Балдар ойнойт секирип.
Кемпирлер турат аскердей
Катарга түз тизилип.

Эх, Павлуня бактылуу
Дагы эле ал биринчи.
Аргымагы мыкты экен
Күлүктүгү билинди.

Анфиса Ивановна ырдын уландысы менен авторун эстей албады.

Чоң кишилер ойногон «Чүкө» оюнуна күйөрман-аялдардын, туугандардын, коноктордун көпчүлүк тобу чогулушчу...

«Чүкө» оюнуна бир эле оюн атаандаша алчу, ал — «в рюрихи» же городки оюну. Бул азыркы расмий спорттук мелдештердин тизмесинде мыйзамдаштырылып, биздин күндөргө чейин жеткен жалгыз эң мыкты оюн.

Оюндар менен элдик көңүл ачуулар өзүнчө бөлүнүп, автономдуу чектелип күн көрүп келишсе да, аларды кандайдыр бир жабык, өзүнчө, өзгөчөлөнгөн нерсе катары кароого болбойт.

Элдик эстетиканын негизги табышмактуулугу дал мына ушунда.

Мисалы, айылдык селкинчек деген эмне? Аларды мүнөздөп, алардагы башкы нерсени аныктоого болобу? Болот, албетте... бирок, эгерде окурман жаз, сууга түшүү аптасы деген эмне, айылдык майрамдар деген эмне дегенди түшүнбөсө, анда ал баяндама куру бекер, кызыксыз болуп калат ж. б.

Баса, Түндүктөгү селкинчектер илгертеден бери тегерек жана жөнөкөй маятниктүү болуп кеңири тараган. Алардын жанында майрамдык опур-топурда, көңүл ачуудагы унутчаактыкта айрым жалпы оюндар билинбестен музыкалык коштоодо аткарылып, ыргактуу күүгө толуп, ыр-бий мүнөзүнө ээ болгон.

Өспүрүм, эгер дагы деле ойносо, бирок кыздар менен бирге ыр-бийге түшүп ойносо, демек ал эми бала эмес. Мындай оюн эми оюн эмес, ал таптакыр башка
нерсе.

Эресеге жеткен адамдын оюн менен көпкө коштосуусу, өтө эле көпкө... Өмүрү өксүк, сенек, убагынан эрте карыган, ачуулуу же таптакыр үмүтү үзүлгөн киши гана оюнга, тамашага, көңүл ачканга болгон кызыгуусун жоготот.

Дарым

«Курбулар менен бирге отурбайт, мончодо бирге жуунбайт», «Ачкыл менен ичпейт, суу менен жебейт» дегенден чыккан «Шибегенин учунан, балтанын мизинен учтуу» деген сөз ырасында албан күчкө ээ болгон. Ал жалгыз гана тиш оорудан эмес, ошондой эле «ышкырып учкан жебеден, кара темирден, көк болоттон, кызыл жезден, куу сөөктөн, тоодо-түздө ит-куштан, жаман сөздөн жана жаман көздөн, ниети бузук душмандан» да коргогон.

Көптөгөн дарымдар менен баталар кийинки мезгилдерде дубага айланды, христиан диний терминдери бутпарастык менен аралашып кетти. Маселен, «Сохрани, крест господен, и помилуй меня, закрой, защити и моих товарищей заветных, и поди, стрела, цевьем во дерево, а перьем во птицу, а птица в небо, а клей в рыбу, а рыба в море, а железо и свинец, кань в свою матерь землю от меня, раба божия (имярек), и от моих советных товарищев думных и дружных. Аминь, аминь, аминь» деген дуба буга айкын күбө.

Бирок «оомийин менен шайтандан сактана албайсың» — деп айтылат макалда, кыязы сөз башка бир каражаттар менен айкалышып гана коргоо күчүнө ээ болсо керек...

Адам дуба айтуу менен баштаган ишинин ийгилигине ишеничин бекиткен, кайрат күтүп, дем байлаган. Н. А. Иваницкий тарабынан жазылып алынган ичи жаман кишиден сактануу боюнча аңчылык дарымда мындай деп айтылат: «Бата менен туруп, чокунуп кепеден эшикке, эшиктен дарбазага келемин, андан кара дөбө артына, ачык талаага, былпылдаган сазга, түнт токойго, бөксөгө, бийик тоого чыгамын, токойдон жырткыч жандыктарды, тыйын чычканды, суусарды, коёнду, түлкүнү, каракурду, карышкыр жана аюуну чаап аламын. Көк деңизден, көлдөр менен дайрадан каздарды, ак кууларды жана өрдөктөрдү уулаймын. Ичи жаман киши мага жамандык кааласа, анын оозуна көк деңиздин куму куюлсун, суусун ичип калсын, токойдо бак санап калсын, көзүнө карагайдын бутагы, арпанын кылканы тыгылсын, чайыр чайнап калсын. Кудайдын кудурети менен бороон-чапкын болуп караңгы токойду тамыры менен кыйраткандай, кара ниет ошол кишинин сөөктөрү менен муундарын талкаласын. Кудайдын кудурети менен күн күркүрөп, желмогузду чагылган чапкандай, ичи жаманга чагылгандын жебеси жетсин. Сөздөрүм бекем жана таамай болсун!»

Андан тышкары өрттөн, ылаңдан, көз тийгенден, сөз тийгенден, ошондой эле калыстыктан тайыган соттон жана бийликтин каарынан сактоо тууралуу бир далай дарымдар менен баталар болгон. Аңчылык жана аскердик дарымдардан улам көргөнүбүздөй, байыркы замандарда эркектер дарымдарды аялдар сыяктуу эле айтышкан, кийинчерээк дарым айтуу жалаң гана аялдарга тиешелүү болуп
калды.

Кыязы, дарымдардын таасири азыркы гипноз менен өзүн өзү жубатуу сымал психологиялык негизге ээ болсо керек.

Көптөгөн күнүмдүк турмуштук дарымдар түздөн-түз кандайдыр бир аракеттердин алдында жаралган. Маселен, уй саар алдында ээси уйдун өзү гана уккудай кылып: «Докуд я тебя, раба божия Катерина, дою, Пеструха-матушка, ты стой стоючи, дои доючи, стой горой высокой, теки молока рекою глубокой, стой не шелохнись, хвостиком не махнись, с ноги на ногу не переступывай» деп дарым
айткан.

Табышмак

Кыштын узун түндөрүндө кечкисин чогуу олтуруп табышмак катышуу жакшынакай эрмек болгон. Өспүрүм балдар бул иш менен күндүн бардык мезгилдеринде көптү билген чоңдорду да оюнга тартып алектенишчү. Мында табышмактын маңызы ириде табышмак катуунун өзүндө камтылган, ал эми аны табуу милдеттүү болуп саналбайт. Бардыгына белгилүү табышмакты катуу эч кимге кызык эмес, ал эми белгисиз же жаңыдан ойлонуп табылганын табыш абдан оор. Ошондуктан табышмак айтуучу бүйүр кызыткан суроого өзү жооп берет. Ырасында, маселен: «Кыйшык жана амалкөй, кайда чуркап баратат? Чачы алынып, кыркылган, сага эч иш калган жок» деген табышмактан эмне тууралуу сөз жүрүп жатканын кыйын болсоң таап көр. Ал тургай эң акылдуу дегендер да чабылган айдыңдын арасында ийри-муйру агып жаткан сууну дароо элестете албайт. «Бактан бийик, чачтан ичке эмне?» — деген суроого жооп табыш жеңил, анткени сөз жаратылыш тууралуу жүрүп жатпайбы. Жел менен суу, атургай жомоктордо да ажырабай бирге жүрөт. Ошол сыңары, «кайсы жол менен жарым жыл басып, жарым жыл жүрөт» деген суроонун да жообу даяр.

Дарыя демекчи, аны эстегенде муздун тешиги тууралуу «Тептегерек терезе, күндүз айнеги сынык, түнү бүтүн» деген табышмак эске келет. Ошондон кийин: «А эмне тамыры менен өйдө өсөт?» — деп сураса, бул салаңдап тоңгон муз экенин илгертпей тапкан айлакерлер да болушу ыктымал.

Кандай жооп болорун алдын-ала биле туруп: «А кайсы чөптү сокур дагы биле алат?» — деп сурайт чоң эне небересинен, бир аздан соң баланын: «Чалканды!» деген кубанычтуу үнү угулат. Короз тууралуу — «Эки жолу төрөлүп, бир ирет да чокундурулбады, а бирок дүйнөдөгү мыкты ырчы» — деген табышмак чоң кишинин да фантазиясын ойгото алат. «Уй аркылуу жана кайың аркылуу чочкону сүйрөп чыгыштан эринем», — дегендей табышмактар бир гана адистик, бул жерде болсо өтүкчүлүк чөйрөсүндө жаралышы мүмкүн. «Эки бир тууган бир кур менен курчанган» — деген табышмак тосмонун негизи катары эки казыкты чырпык менен ороп койгон орус Түндүгүндө гана мааниге ээ.

Айрым табышмактар макалдата айтылат, же тескерисинче, көптөгөн макалдар табышмак катары да колдонулушу ыктымал.

Айтылышы одоно, кош маанилүү табышмактар да кеңири тараган. Анын одоно формасы накта адептүү маанилери менен жумшартылып кетет.

Тамашалуу табышмактар («Терезеде мышык отурат, куйругу мышыктыкы, а бирок мышык эмес») бүтүндөй бир айтым оюн жана сандык маселелер менен алмаштырылган. «Таранчылар учуп жүрөт, эми алар жемге конушу керек. Эгер алар эки-экиден эки кайыңга консо, бир кайың калат. Эгер бир-бирден консо, бир таранчыга орун жок. Канча чымчык, канча кайың болгон?» Элдик жомоктордун каармандары дагы көбүнесе бири-бирине табышмак катышкан.


* «...Бардык айылдык оюндар менен көңүл ачуулар анык өз алдынча чыгармачылык болгон... Эски айылда демилге жана уюштуруучулар айылдын өзүнөн чыккан. Айрым учурларда селкинчекти курууда көп эмгек жумшалгандай, көңүл ачуулар үчүн бир кыйла материалдык каражаттарды чогултуу талап кылынган, селкинчекти курууда көп эмгек жумшалган. Мунун баары өздүк чыгармачылыктын саамалыгы менен гана жасалган. Ал эми балдардын көңүл ачуулары үчүн курулмаларды өспүрүмдөр өздөрү жасашкан. Мисалы, муз-дөбөнү балдар өзүлөрү жасашкан. Жумуш көп болуп, ондогон кубометр кар себилип, бир нече ондогон чака суу төгүлгөн. Оюндар менен көңүл ачуулар үчүн бардык шаймандар кол менен жасалган. Резина топтору 20-жылдары гана пайда болгон, ага чейин өздөрү жасаган топтор менен ойношкон. Чүпүрөктөн, андан жакшысы булгаарыдан нык серпилгич топтор билгичтик менен тигилген.» (Окурман А. М. Кренделевдин катынан).