Кыялдагы шаарга элди жашатып...
* * *
Кыялдагы шаарга элди жашатып,
булутту өзүм жайган элем асманга,
шашып койдум шаарды бөөдө какатып,
өмүр кыска деген ойго батканда.
Музыка өчүп, музыкантты салат азапка.
Панар күйбөй электрик сөгүнө берип жадады.
Күзгү алдында сулуу кыз куник болот заматта.
Шаар ушинтип какады.
Күнөөлүүмүн, мырзалар, ойлонбогон иш кылып,
Ойрон болду шаарым, ичинде өзүм бармын да,
баратам күзгү көчөдө, жулунат шамал ышкырып,
куюндаган жалбырактар артымда.