Периште
Алардын түндүктөгү кичинекей шаарчасында ал аял көптөн бери жок жана Корогой дарыясынын нары жагындагы кызгылт-сары түстөгү үйдө эми эч ким жашабай калган. Бирок чак түштө, мунаралар менен дубалдардын терезеге түшкөн көлөкөлөрү кыскарып калган кезде, Анисим Иванович уйкусурап олтурганда кары таптаза күрөлгөн аллеяда келе жаткан орто бойлуу аялдын карааны элестеп, анын шайыр жалжылдаган көздөрү көз алдына тартылып, үнү акырын, бирок дапдаана угулуп, такасы такылдап басканы, колундагы шыпыргы шартылдап карды шыпырып жатканы, анан ысык от жагылган жылуу бөлмөгө анын кирип келгени элестейт. Ал бир минутага да тынчыбай бир нерселерди кеп кылып, аялдардын адатынча ылдый эңкейип алып чай ичет, өзү жакшы көргөн кургатылган туздуу нандан кытыратып жейт. Аңгыча кайрадан автобус келет да, андан жол жүрүп чаалыгып-чарчаган, уйпаланган экскурсанттар чыгышат, аял аларды аллея менен дарбаза үстүндөгү сурнай тартып жаткан периштеге окшотуп жасалган шамалды аныктоочу калай желбиректин алдынан ээчитип өтөт.
Аялдын желбиректи жандап көрсөтүп бир нерселерди айтып жатканда анын оозунан чыккан буу жана чачтарын каптап калган бубак даана көрүнөт. Бирок уйкулуу аялдар менен эркектер калай периштеге да, аялга да эч көңүл бурушпай өздөрүнчө сүйлөшүп, кабак-каштарын бүркөп, көңүлкош карашат. Алардын мындай мамилеси Анисим Ивановичке жакпай, аял үчүн ыңгайсызданып тигилерди начар тарбияланган балдардан бетер катуу-катуу силкилдетип эстерине келтирип койгусу келет. Аял менен анын жанындагы кишилер ак кар аралап барып жок болушат да, аялдын кайра качан келерин күтүп, анын жаркылдап кирип келип үшүгөн колдорун отко кактап, мештин ачык эшигинен бүбүлдөгөн жалынга аялдар гана карай ала тургандай тигиле көздөрүнүн жылтылдаганын элестетет.
— Анисим Иванович, — дээр эле аял шаңкылдап, — Сиздин аты-жөнүңүз кандай уккулуктуу, өзүңүз да керемет жансыз.
Мындай мактоону укканда ал кызарып кетер эле да, кара күчкө жөтөлүп калчу, анын ыңгайсызданганына аял эч капарсыз, арам ойсуз жөнөкөйлүк менен кызыга карап калчу. Аял, балким, шылдың катары айткан күндө да, ал эч таарынбайт болчу, себеби аялдын айткандары ага абдан жагымдуу таасир бере турган. Аялдын чиркөөлөрдүн куполдоруна, күндүн жапжашыл болуп батышына, мунаралардын арбайган көлөкөлөрүнө, кууш терезелери бар мал союлуучу жайлардын калың дубалдарына жаш балача тамшана карап суктанганына кызыгып карап турар эле. Бирок бат эле күүгүм кирип, аял ээн, караңгы көчө менен дарыянын аркы өйүзүндөгү кызматкерлер үчүн бөлүнгөн үйгө карай жөнөчү. Аны суктанган көз караш менен узата карап олтуруп, бул университетти ийгиликтүү аяктап, мыкты билим алган жаш, сулуу аялдын кандайча суу ташыганын, отун жарып, күл чыгарып от жакканын, тамак жасаганын жана түтүктөрдөн чыккан шамалдын улуп-уңшуган үнүн тыңшап жалгыз олтурганын элестетээр эле.
Аял кетет, сөсүз кетип калат, андан мурда келгендер бир аз жашап кетип калгандай эле, ал да кетет деп өзүнчө эле болжолдой берчү. Бирок ай артынан айлар өтүп, кыш да өтүп, аял эч жакка кеткен жок. Кайра аялдын үнү чиркөөлөрдүн чатырларынан тамган тамчыларды коштоп, мурдагыдан шаңдуураак, катуураак угулуп, анын жоодураган көздөрү мурдагыдан да күчтүүрөөк балбылдап турчу болду. Аял керелди-кечке чиркөөлөрдүн короо жайларын кыдырып, икондорду кармалап жана байыркы китептерди барактап көрүп бир нерселерди көчүрүп жазып, айрым нерселерди фотоаппаратына сүрөткө тартып, кээде аны да өзүнө чакырып алып ар нерселерди сурап кызыгар эле. Аялдын чын дилинен кызыгып берген суроолору чиркөөнүн баарына көңүлкош кароолчусун да жандандырып, анын да кызыгуусун ойготуп салды көрүнөт, ал дагы ар кандай суроолорду берип, өз алдынча ойлоно баштады.
— Сен, Любовь Федоровна, Кудай ыйык Игнатийге аян берип: Корозерого барып ал жерге ыйык жай сал деген дейсиң. Менин оюмча, Игнатий акылдуу мужик болгон. Москвалыктардын талаш-тартышы анын көкөйүнө тийип, токойду көздөй баса берген. Анан биздин көлгө келип, андан сёмга (кызыл эттүү балык) кармап жеп көргөндөн кийин кеткиси келбей калган. Ал эми аян, баян дегендерди кийин эл чыгарып алды, болбосо эч ким кубалабасын деп өзү ойлоп тапты.
Аял кыткылыктап күлүп, ийиндерине тийип турган чачтарын толкута силкип алып, кыздардан бетер жайдары шаңк этти:
— Ой, Анисим Иванович, сиз музейде кароолчу болбой эле, атеизм боюнча лекция окусаңыз бардык профессорлордун ооздорун жап кылмак экенсиз.
— Сен, чоң кыз мени атеист кылып тилдебе, — ачуулана кетти ал, — мен эмне, сага жолбун ит белем? — деп унчукпай калды, анан аялдын мээримдүү көз карашынан улам чыдабай кетти көрүнөт, кайра кызуулана, — А сен кандай деп ойлойсуң? Монахтардын көбү ошол мужиктерден эмеспи. Мен сага мындай деп айтам: аларды катындары тажатып жибергенде, өздөрүнчө жашоону чечишип чарба күтүшүп, балык кармашып, бак тигишип өздөрүнчө жашай башташкан. Биздин жердин шартына карабай. Эмичи?
Ал колун шилтеп, кабагын бүркөп унчукпай калды эле, аял да капаланып директору жөнүндө даттанып кирди. Эч нерсе менен иши жок. Музейдин фонду таланып бүттү, эң баалу делген нерселерди Москвага жана Ленинградга ташып кетишти.
Анисим Иванович анын айткандарын баш ийкеп угуп турду да, сооротуу иретинде минтип кошумчалады:
— Мындан мурунку башчыбыз мындан да өткөн наадан эле. Анын учурунда икондорду жүзү менен өйдө каратып таштап, анан элди алардын үстүнөн нары бери бастырып, тебелөөгө аргасыз кылчу. Азыр мындай акмакчылык жок го?..
Шаарча четте болгондуктан ага экскурсиияга эл аз келе турган, ошондонбу, музейлерди, чиркөөлөрдү эбак ремонтоо убактысы келсе да, ремонтту улам кийинкиге калтырып жүрүп, акырында улам четинен жаап салып, тынчтанып кала берише турган. Буга көнүп алышкан: канчалык экспозиция аз болсо, ошончолук жанга тынч эмеспи. Бир гана Любовь Федоровна нааразы болуп:
— Айткылачы, мага түшүндүрүп бергилечи? Эмне үчүн космоско миңдеген спутниктерди учурган, заводдорду, станцияларды курган абдан бай өлкө болуп туруп ушул баа жеткис музейлерди ремонттогонго он чакты миң рубль таппайбыз? Эгерде бул экспонаттарды жок кылып алсак, алардын ордун толтуруш эч мүмкүн эмес да. Түшүнөсүздөрбү? Эч мүмкүн эмес! — деп чырылдап баштады.
— Коюңузчу, Любовь Федоровна, — ал чечкиндүүлүк менен каршы болду, — каяактагы космосту айтасыз? Алтымыш биринчи жылы Гагарин учуп келгенден кийин жетекчилик келип алып, Кудай деген жок экенин илим далилдеди жана өтө бийик болгондуктан жумушчу калктын кыжырына тийип жатат, ошондуктан борбордук чиркөөнү жардырып салыш керек деп кол чогултуп, чечим чыгарышкан болчу. — ал ачуулана түкүрүндү. — Ошондо жардырып салышат эле, Кудай жалгап жардыргыч дарыларды таппай калып, чиркөөбүз аман калган. Эми болсо эч ким бизге тийишкен жок, ошого шүгүр дешибиз керек.
— Эмне деген болбогон сөздөрдү айтып жатасыз? Азыр ким эле эстеликтерди жардырып салганга улуксат берсин?
— Жардырбаса да, башка бир балакетти ойлоп табышат.
— Андай болбойт, — деди аял чечкиндүү, — мен обулуска чейин барам да, бул маселени чечип келем.
Чындап эле аял обулуска чейин барып келди. Анын ындыны өчүп келгенинен эле кароолчу күткөндөй, эч майнап чыкпаганы белгилүү болуп калды. Ал аялдан эч нерсе деп сураган жок, бирок эртеси аял өкүнүч менен өзү сөз баштады:
— Мен тигил наадандардын акмакчылыгына таң калган деле жокмун, — аны угуп турган кароолчу чочуп кетти, ушул назик аялга ушундай орой сөздөр такыр жарашпай турду, — Сиз туура айткан экенсиз, алардан эч кандай жардам күтүүгө болбойт экен. Бирок, элчи? Карапайым эл баарын көрүп туруп эмнеге унчукпайт? Алардын кайдыгерлигине чек жок окшойт: жок дегенде таштандыларды чогултканга көмөктөшкүлө деп кимисине жардам сурап кайрылсам да унчугушпайт, же күлүшөт. Чынында шаар ушул монастырдын аркасында пайда болгон да. Жергиликтүү элден: ким жок дегенде бир ирет музейде болду эле деп сурап көрүңүзчү? Мен ушунча убакыттан бери алардын биринин да музейге башбакканын көрө элекмин. Музейди көрөбүз деп башка жактан миңдеген километр жол жүрүп келишет, ал эми анын жанында жашагандар ага көңүл бурбайт, дагы бир он чакты жыл өтсө анын дубалдары кулай баштаары мүмкүн экенин деги эле ойлоп коюшпайт.
Анисим Федорович унчукпаганы менен, ичинен: кайгыра турган деле эч нерсе жок деп ойлоп койду. Эл деген эл, аларды күнүмдүк түйшүк эле түйшөлтөт. Талкаланган жолдор, бопбош турган дүкөндөр, кулайын деп турган оорукана сарсанаа кылат. Ал эми монастырь — булар үчүн чоочун. Ага кимдир-бирөөлөр кызыл автобус менен келишет да, бир аз жүрүп кайра кетишет. Дүкөндөрдөн болсо алар, балким, китеп дүкөнүнө баш багышат. Бул жердегилерге монастырь эртең жок болуп кетсе деле баары бир, эч кимиси кайгырып, жоктомок эмес. Анын өзүнө деле бул музейден жыргатарлык пайда жок эле. Бирок бул кичинекей сезимтал аял аны толкундантып, баарына өзүнүн көз карашы менен кароого аргасыз кылып, кароолчунун уктаган сезимдерин ойготуп, куса кылчу болду. Эч качан өзүнө артыкбаш милдет жүктөп кыйналып көрбөгөн, баарына макул болуп баш ийген, акыркы жылдары такыр эле көңүлкош Анисим Федорович капыстан эле өткөн өмүрү жөнүндө ойлонуп, жашоосу курулай аяктап баратканын көрдү. Ден соолугун жаш кезинде карагай даярдап иштеп жүрүп бузуп алган. Ал жакка колхоздон кутулуш үчүн качып барган. Аялы ыраматылык өмүр бою катуу ооруп жүрүп, акыры жаны тынды. Кудай аларга бала берген жок, ошентип анын ушу кароолунан башка эч нерсеси калган эмес. Көзү өтүп кетсе, артында да эч нерсе калбайт. Ушул сыяктуу көңүлсүз ойлор ага мурда деле келчү жана ал аларды ойлогондон коркчу, бирок алардан кантип алаксууну билчү, вино менен тумчуктуруп сала турган. Эми болсо аны: согушта миңдеген өмүрлөрдү кыйып, канды-жанды аябай кармашып жатып, зор кыйынчылыктар менен жеңишке жетиштик, анан ошол жеңген элдин жашоосу жылдан-жылга жакырланып, турмушу мурдагыдан да начарлап, баарынан корукунучтуусу — адамдардын пейилдери бузулуп, уят-сыйытты унутуп, адамкерчиликтерин жогото башташты, кандайча мындай болуп калды жана мунун кимге кереги бар эле деген суроо кыйначу болду. Мына ушундай ойлор келгенде каары кайнап, жанын коёрго жер таппай калчу. Мына эми, кайдандыр алыстан келген чоочун аял күтүүсүздөн, өзү да билбей анын ошол ойлорун кайра ойготуп таштады. Бирок бул ойлор менен кошо ага кандайдыр жандануу келип, кароолчу өзүн жеңилдей түшкөндөй сезип жүрдү. Эгерде азыр аял кетип кала турган болсо, анда ал өзүн баягы атасынын кенен үйүнөн качып чыгып, саздуу токойдо жүргөндөгү абалынан да начар сезиши мүмкүн эле.
Ал өзү тууралуу тигиге эч нерсе деле айткан жери жок, менин жашоом ага кызык болбосо керек деп ойлоду, бирок шамалга тамагын оорутуп алчуда узундуу кечте тиги чөп кошулган чайдан шашылбай ичип олтурганда дал ушул калыбында үн катпай олтурганы деле аны сооротуп, көп жылдан берки эски дартын жумшартчудай сезилчү, ошону менен бирге тагдыры кыйгачтап кеткен өзүнүн кызынан бетер ал тууралуу тынчсыздануу менен ойлоп жана камкордук сезими ойгоно баштачу. Ал өзу тууралуу канчалык аз айтса, тиги дагы кудум өзүнө окшоп Анисим Ивановичке ооз ачкан дагы жок, ошол себептүү ал дал ушундай солкулдаган жапжаш акылдуу аял үйүнөн мынчалык алыс кеткенине түшүнө албай башы маң. Чындыгында эле тигил жергиликтүү адамдардын эч кимиси менен мамиле күткөн жок, бийге да, киного да барбайт, ошондонбу, айтор аялзатына карата чечкиндүүлүгү менен өзгөчөлөнбөгөн Анисим Иванович иштин баары чечкинсиздикте деп жоруп койду. Бир ирет уулу аскерден келген балыкчы досторунун бири жаңы келген аял туурасында кеп баштап, ошондо алгачкы ирет көңүл бурган эле.
— Сенин тентегиң ага тең эмес, — деп Анисим Иванович анын сөзүн чорт бөлүп, ошону менен кеп уланбай калган, бирок эртеси тигил аялды балыктын шорпосу менен сыйлап жатып, негедир билмексенге салып, чалынып-чулунуп, сөздөрүн чаташтырып ошол жигит туурасында кеп баштады. Аял шорпону үн катпай ичип уга берди, ошондо анын үн катпаганына кароолчу баатырсынып, тигил, албетте, университетти бүтпөгөнү менен токтоо, андан калса жакшы табарман деп сөзүн уланткан. Тигил башын жогору көтөрүп, акырын мындай деди:
— Суранам, бул тууралуу мени менен сүйлөшпөй эле коюңузчу.
Ошенткен боюнча турду дагы, эшикти карай жөнөдү, ошондо картайган чалдын көкүрөгүндө аттиң деген сезим зыр дей түштү, каа-ап, эми тигил чай ичкени келбейт эмеспи, жанынан өткөндө суз учурашып, суз көз чаптырып, чоочун адамдын үнү менен сүйлөйт да эми, алда катыгүн ай, мындай олдоксондугун кантип оңдойт, бирок тигил кең пейилдик кылган түр менен артка кайрылып мындай деди:
— Эмне, мени бактысыз деп ойлойсузбу? Мен бул жерде эркинмин, түшүндүңүзбү? Каалагандай жашайм, эмне кылгым келсе кылам,эч кимге көз каранды эмесмин. Мен Игнатий сыяктуу Москванын ушак-айыңдарынан бул жакка качып кеттим, мага мына бул монастырь жагат, көл жагат, сиз, суунун аркы өйүзүндөгү кичинекей кепем, алдагы эски китептер, архивдер жагат; ал тургай кээде жок дегенде мээсине бир чымчым жеткирген аңкоо экскурсанттарым дагы жагат. Куса болгондо тигил дарбазадагы периште эсиңиздеби? Мен аны карап алып өзүмчө минтип ойлоном, жүздөгөн жылдар мурда муну орнотуп коюшкан тура, ошондон бери биздин мааниси жок эптеген турмушубузга турнабайы менен көз салып тургандай, шамал ызылдап үйлөп, жаан-чачын төгүп, кар борошолоп, күн чакчайып тиет, ага карабастан акыркы ырды катуу ырдай турган күн келгиче сыбызгытып ырдап тура берет. Мага эмнеге минтип бооруңуз ооруп карайсыз? Андан көрө балык уулаганы барганда мени кошуп алыңызчы, кудай урсун сизге эч тоскоол болбойм.
Балык уулаганы тууралуу жөн эле кыстара койду деп ойлогон, бирок чын эле бир жумадан кийин балыкка чогуу барышты. Оболу тигил үн катпай тынч жүрдү, кайырмактарын оңдоп жатканына көз салып олтурду, бираздан соң көңүлү ачылып, күлкүсү чыкты, балыктарды суудан алып чыкканда каткырып, эңкейе калып жатканында ушунчалык ийилчээктик, сулуулук бар эле, ошондо Анисий бул аялды тээ атам замандан бери сыйкыр менен сакталып келаткан, өз өмүрүн жалгыздыкта өткөрүп жаткан кереметтүү жана күчтүү семужка балыгына окшоштурду, мына ушул баасы чыккыс балык ушул аңгыраган көлдө эмне кылып жүрөт деген ой кылт этти. Ак түндөрдүн биринде жерге бутактардан төшөп жасалган атайын жайда, оттун боюнда үстүнө жеңил жамынып жаткан маалда анын жандүйнөсү таттуу кыялга батып, кароолчу өзүн болочок жашоонун, бакыт тартуулачудай белгисиз бир жашоонун сыры алдында турган жаш баладай сезип жатты.
Көрсө тигил уктабаптыр, оттун желпилдеген жалынын тиктеп жатыптыр.
— Сиз монахтар деле мужик болгон дедиңиз го. Ооба, алар балык уулашкан, уй кайтарышкан, алма бактары гүлдөгөн, бирок бул негизги нерсе эмес. Алар дүйнөнүн түркүгү болгон, кымбаттуум. Баары өзүнөн өзү жасалат, өзүнөн өзү ишке ашат деп китептерде гана жазылат. Андай болбой калсын, баарынын себеби, негизи бар. Мына азыр элестетиңизчи, азыр мына түн бакырдыкы, элдин баары уктап жатат, монахтар гана түн уйкудан кечип, баардыгы тынчтык болсун деп келме келтирип, анын оорчулугун өз мойнуна алышат. Токойго дүйнөдөн безип кетишкен эмес, дүйнөнү сактап калалы деп кетишкен.
Кудайым ай, ушул үндү ал ушунчалык жакшы көрөт дейсиз, бирок азыр анын эмне айтып жатканы деле маанилүү эмес эле, анын көздөрүнүн жылтыраганы, чакан, кашыктай болгон сапожка кийген эки бутун тыпыйтып бооруна кысып алып олтурганы маанилүү эле, ошондон улам жандүйнөсүндө айтып бергис бир жыргал сезим уялап, ал тургай мунун чын экенине ишенбей кетип жатты. Дал ошондо кароолчу анын өмүрүндөгү жалгыз периште экенин балп эткизип айтып салып жатпайбы, ошондо тигил каткырып, түнкү токойду мөөнөтүнөн мурда ойготуп, ал тургай түнкү куш үн чыгарып, сууга келген бугу бут алдындагы бутактарды качыраткан боюнча токтойго кире качты. Аял ага ийилип, башын кучактап, бооруна бекем кысып, сакалы өскөн бетинен өөп мындай деди:
— Алда кокуй жыргалым ай, отуз жашка жашыраак болгонуңузда мен ойлонбостон туруп өзүмө үйлөндүрүп алат элем.
Деген боюнча бадалдардын арасына шарт кирип кетти, Анисим Иванович, суунун шарпылдаганын гана угуп калды. Сууга кирип сүзүп жөнөгөнү толкундардан улам сезилди, дагы жакшы, тигил анын ысык демине аптыгып бети кызарып чыкканын көрбөй калды.
«Махабатым, менин махабатым» — деп шыбыраган, эми да бөлөк бирөөнүн үнүн укпай, дагы бөлөк бирөөнүн жүзүн көрбөй, кар баскан кароолканада шыбырап жатты. Анын тигинден башка эч кимиси жок эле, алар жыл артынан жылга учкашып, ээн калган монастырдагы акыркы кечилдердей болуп, бири-биринен эч тажабай жашашты. Баягыдай эле туристтик топтор келишчү, аларга жомок сыяктантып илгери-илгери ушул жерге отурукташкан ыйык Игнатий тууралуу окуяны айтып берчү, андан кийин кароолчунун кичинекей кепесине кайнап жаткан самоордон чай ичкени жана кургатылган туздуу нандан жегени келчү; кышкысын жолдун карын, күзүндө жалбырактарын тазалап, жайдын узак кечтеринде шаарчанын айланасындагы адырларды аралап жүрүшчү — кароолчу ушул жерде канча жыл жашаганы менен ушул адырларга эч качан көтөрүлгөн эмес.
Ушул жерден монастырдын каралбай калгандыгы көрүнчү эмес, учу-кыйыры көрүнбөгөн тайгадан боюн ала качкансып жыгач шаарча монастырдын дубалдарынын жанына ыктап турчу, бирок муну алыстан гана көрсө болмок, ылайга, мастардын сөгүнгөн жерлерине, өңү өчкөн чакырыктар менен плакаттарга кайра кайрылып баргысы келчү эмес. Монастырь барган сайын акырындап ичиндеги дарты жыл санап күчөгөндөн күчөп бараткансып урай берди, эми эски дарты сыртына чыга баштады. Чиркөөлөрдүн биринин мунарасы менен куполу кулап, дубал менен жана дубалды бойлоп басып жүрүү кооптуу болуп калды, Анисим Иванович чоочулап кетти, бирок монастырь үчүн эмес, бир нече сааттап монастырды беймарал аралап, жаракаларды жана кетиктерди сүрөткө тартып жүргөн аял үчүн чочулады.
Аял каттарды жазды, сүрөттөрдү бир жактарга жөнөтүп жүрдү, анан күндөрдүн биринде өргүү алып Москвага кетти, келгенде аны көрүп абдырай түштү — анын жүзүнөн чарчоонун издери даана көрүндү кароолчуга. Аялдын картая түшкөнүн, көздөрүнүн тегерегине бырыш түшүп калганын байкады, эми тигил дагы бечара монастырга окшоп эч адам тарабынан бааланбай, эч кимге кереги жок болуп урай баштаптыр деген ой кылт этти башына.
— Сиз бул жактан кетишиңиз керек. Биротоло кетишиңиз керек, — деди ал кайраттанып, ичиндеги бир сезимди жеңип, бул ирет тигил каршы болгон жок, кол шилтегени да жок, болгону аргасыздан жылмайып гана койду.
— Мен эми кайда бармак элем? Анисим Иванович, ал жакта менин эч кимим жок, ал жакта мени күткөн адам жок. Балким мен мунун баарын бекер эле кылгандырмын, бирок эми менин барар жерим жок. Бир гана өкүнгөнүм — колуман эч нерсе келбеди, мен кайда гана барганым жок, патриархияга дагы бардым, ал жерде да: айланайын, силердин монастырды ала тургудай каражатыбыз жок дешти. Эми эмне, ошо боюнча жок болуп кетсинби? — десем алакандарын жайып тим болушту. Бирок менин эмне ойлоп жатканымды билесизби: биз экөөбүз болсок да, колубуздан анча-мынча иш келет да, маселен, таштандыларды чыгарсак, дубалдарды шыбасак болот да — эң негизгиси башташ керек, туурабы? А сиз мени таштап кетпейсизби?
Ал башын ийкеди эле, жеңилдей түшкөнсүдү. Иш туурасында сүйлөшө башташты. Эртеси музейдин залдарынын биринде акча чогултуучу куту орнотушту, экскурсант туристтерден монастырды калыбына келтирүүгө ким канча каражат бере алат деп суранды эле — баш тарткандар болгон жок. Бирок участкалык милиционер келип, кайрымдуулук иштерине кызыгып, акча мыйзамсыз деп жарыялай салды. Аял тигинин суроолоруна келекелеп, эриндерин тиштегилеп жооп берип жатты, Анисим Ивановичке райондун бардык аймактарынан пара алып жүргөн бул милийса сөрөй «а балким бул акчаны чөнтөгүнө салып жатат» деп кыйытканда аз жерден жаман болуп кете жаздады. Бирок, акча чогулткан кутуча тууралуу окуя ачыкка чыгып, шаар тургундарынын экскурсоводго болгон мамилесин өзгөрттү. Күндөрдүн биринде чиркөөгө аялдар келип, Федоровнадан эмне жардам керек деп сурап кетип, балта-чоту бар эркектерди жиберишиптир, ушунча жыл жалгыз кармашып жүргөн аялга боорорушту көрүнөт. Бирок бир-эки жолу келгенден кийин башка каттабай калышты, мужиктер арак берсе гана жардамдашууга макул болушчу, ар кимдин түгөнбөгөн өз түйшүгү бар да, анын үстүнө, дубалды шыбаш үчүн материал керек, техника керек, кол менен көп иш бүтмөк беле?..
Ошентип, алар экөө калышты, ушул бойдон эле эч нерсе өзгөрбөстөн тура берсе — баары бир заматта кыйрап калбай, алардын өмүрү үчүн жетиштүү болмок, алар өздөрү үчүн жашап жана жашай беришмек, бирок шаарда аракка киргизилген талон үчүн бийликти каргап-шилеп, бир нече жылдан бери жалкоолук жана ишенбестик менен айтылып келген өзгөрүүлөр түнт жерлерге чейин да жетти.
— Уктуңбу? — деди бир жолу Анисим Иванович, — Биздин шумпайыбызды кууп жиберишти.
— Эмне экен? — деп ал кайдыгер жооп берди, — Башкасын жиберишет, муну жасоого алардын кудуреттери жетет.
— Жок, жаңы келген неме дачадан баш тартыптыр, машинаны өзү айдайт экен, баарысын эл билип турат.
— Ал башкаларга теңелип атакка ээ болгусу келип жатса керек, — деп жылмайып койду.
Сүйлөшкөн соң баары унутулуп калды, бирок эки ай өткөндөн кийин жаңы жетекчилер шаарга келишип, түштөн кийин музейге кайрылышты.
Любовь Федоровна булганган комбинезону менен шатыдан түшүп келип, унчукпастан гана конокторго тигиле көз сала баштады. Плащ кийген, улгайган, шишимек тарткан киши топтун ичинен кайдан-жайдан капталдан чыга калып, атайылап шаңдуу сүйлөдү:
— Кана, кожейке, өз ээликтериңди көрсөт.
— Михал Михалич, бүгүн сизге эмне болгон? — деди ал каштарын көтөрүп. — Сиз саат менен ооруган эессизби? Канчалаган жылдардан бери айланып өтүп жүрүп, анан күтүлбөгөн жерден эле — көрсөт дейсиз.
Бардыгы аны айыптоо менен карап калышты, бир гана жөнөкөй пальто жана кепка кийген, жапалдаш бойлуу, бакжагай киши кызыгуу менен карады.
— Любовь Федоровна, ырайым кылыңыз.
— Жүрүңүздөр, эгерде сиздерге көңүлсүз болбосо, — деп ал ийинин куушурду.
Ал аларды монастырды көрсөтүп ээрчитип жүрдү, бирок азыр экскурсияларда дубалдардан алыс алып жүргөндөй эмес, таштары кулап-түшүп жаткан жерлерине алып барды. Чиркөөгө кирген кезде Анисим Иванович өзү кулпуну ачканда таптакыр эле коркунучтуу көрүнүш болду — ным, шамал ойноп тешилип калган куполдун астында каргалар конуп, чала жарыкта жаркыраган коркунучтуу түр берип турат. Ал эч нерсе болбогонсуп чалдыбары чыгып, эшилип түшө баштаган тепкичтер менен хорго көтөрүлүп чыга баштады да, капысынан бурулуп, кабагын бүркөдү.
— Шляпалар.
— Кечиресиз, эмне дейсиз?
— Кудайдын ибадатканасына кирип жатканда баш кийимдерди алуу керек. — Кароолчуга угулгандай болдубу же чындап элеби, тиштене кошумчалады: — Кудайсыздар.
— Кечиресиз, — деди бакжагай киши, анан ал кепкасын алганда анын артынан баары нааразылануу менен баш кийимдерин алышканда кашка баштары көрүнүп калды.
Ал аларды караңгы жерге чейин алып барды, бардык жаракаларды жана тешиктерди көрсөттү, солкулдап турган шаты менен чыгарды — шылдыңдагандык, ташбоордук менен сынап жаткандай болду, ал андан муну күткөн эмес — булардын баарынын эмне кереги бар эле? Анткени алар небак эле чарчашып, эч нерсени угушпай, тоңушту, булганышты, бирок алар ушундай тарбиялангандыктан тиги өтүк кийген бакжагай киши алардын бардыгы үчүн баласындай болсо дагы буйрук бермейинче артынан ээрчип жүрө беришет. Ал болсо суроо артынан суроолорду бере берди, албетте, карыя жөнүндө эмес, а айына канча топ келет, алардан кандай киреше түшөт, шаарга канчасы, музейге канчасы калат жана экскурсия бюросу канчасын алат деген суроолорду көбүрөөк берди, ал кабагын бүркөп, бир нерселерди санап, анан энтиге дем алып жатышкан шериктерине бурулду — ошол учурда алар коңгуроо мунарасынын үстүңкү катарында турушкан, ал жерден тайга жана эбегейсиз чоң Корозер менен алыскы мейкиндиктер, аралдар, булуң-буйткалуу жээктер, чабынды жерлер, токойлуу адырлар көрүнүп турат — үнүн көтөрө мындай деди:
— Мына, силердин бутуңардын астында акчалар чачылып жатат. Бул жерде алар бардыгына жетет.
Анан ага бурулуп, жароокердик менен акырын сурады:
— Сизге канча төлөшөт, Любовь Федоровна?
— Жүз жыйырма, — деп кыжырданып жооп берди ал, — а сен өзүң канча аласың? Беш жүз, миң?
— Бекер эле ушинтип айтып жатасыз, — деп жайдары жооп берди ал, — мен акча жагынан гана уттурдум. — Анан коштошуп жатып: — Любовь Федоровна, мен сизге бекем убада кылам — жардам берем. Баарын калыбына келтиребиз.
— Аа, — деди ал колун шилтеп, — мен сага ишенбейм, эч кимге ишенбейм.
— Мени ишенет деп ойлойсуңбу? — деп ал күлүп койду. — Макул, бул сиздин ишиңиз, а монастырь жаатында биринчи кезекте кам көрөм.
Анан жолдогу тактайды көтөрүп, четке сүйрөп чыгарып койду, акиташ менен булганган комбинезон кийген аялды карагылары келбей баары анын артынан жөнөштү.
— Мына, бүт баары чечилди, — деди Анисим Иванович ишеңкиребей, — бул кожоюн, андан эч нерсе жоголбойт. Мурда колхоздун төрагасы болуп иштеген, элдер андан кетишкен эмес.
— Анын көзү жакшы эмес, ач көз экен, — деп ал көңүлсүз жооп берди, ал эми жамандыкты алдын ала сезген кароолчунун жүрөгү кысылды, бул күнү алар, атүгүл, чай да ичпей калышты — ал унчукпастан кийимин алмаштырып кийип, Анисим Ивановичке башын араң ийкеген болуп өзүнө кетти.
Бирок, май айынан тартып музейге кирпич, цемент, жыгач ташыган машиналар чубап келе баштады, реставраторлор бригадасы келди, ажыратылма үйлөрдү алып келишип, аларды көлдүн жээгине коюшту. Шаарда болсо эми жол да салынат, жаңы мейманкана курулат, ооруканага да акча берилет экен деп айтып жатышты. Ошол жайда ал кайрадан жашарып, күч-кубаты артылып, жер үстүнөн баспай учуп жүрдү, бардыгына жетишип жана жардамдашып, мындан сегиз жыл мурункудай үнү кайрадан шаңкылдап чыгып жатты. Бирок жакындап келе жаткан кырсыктын баягы сезими кароолчудан кетпей туруп алды. Анын жандүйнөсү үмүтсүздүктөн жапа тартып, анын тилектеш суроолоруна эмне деп жооп берерин билбей турду, анан күңүрт күндөрүнүн биринде ал кароолканага кирип, эшикке жөлөнүп туруп калды.
— Кудайым ай, кандай гана уят, — деди ал алакандары менен кызарган жаактарын басып.
— Эмне болду?
— Кандай гана уят, уят, — деп кайталай берди ал, анан колдорун жүзүнөн алып, ал жуучу түшүп келгенинде карагандагыдан да жүз эсе суук көз караш менен ага көңүлсүз карап, үн чыгарды: — А сен эч нерсе билбейсиңби? Алар аны сатышты.
— Кандайча сатышты? — ал түшүнгөн жок.
Ал эч жооп бербестен, терезени карай басты. Анисим Иванович да унчукпады, эч нерсени ойлобой, бүт дене-бою менен коркунучтуу жымжырттыкты жана айланасындагы боштукту гана сезип турду, ошол учурда эшикти акырын тыкылдатышты, анан жоопту күтпөстөн, кепка менен өтүк кийген баягы киши кирди, бир гана анын көздөрү ошондогудай ишенимдүү болбостон, тынчсызданып турду.
— Любовь Федоровна, — деп чакырды ал үнүн акырын чыгарып.
Ал жооп берген жок, анан ал башка жол жок экенин, бул монастырды сактап калуунун жападан-жалгыз ыкмасы экенин, анын кыйрап калганын күткөндөн көрө ушундай кылган жакшы болорун, облус валюта аларын, анын өзү жөнүндө макулдашканын, аны эң жогорку акы төлөнүүчү жумушка алышарын актануу менен өтө тез-тез айта баштады. Акырындык менен анын үнүндө ишенимдүүлүк кайтып келип, көпчүлүктүн алдында сүйлөп жаткандай болду. Ал артына бурулуп караганда кароолчу куюлуп аккан жашка жана ызага толгон көзүн көрдү. Анан эмнеге жана эмне үчүн кылып жатканын дагы эле түшүнө бербестен Анисим Иванович ордунан туруп, эч нерсе дебей туруп, чакырылбаган конокту кароолканадан түртүп чыгарды.
— Бекер эле сен ага мындай мамиле кылдың, — деди ал элейип, — анткени ал эң жакшы болушун каалайт. Мага баары бир, мен мындан ары бул жерде кала албайм.
Анан ал ак чиркөөлөрдү жана эски дубалдарды сактап кала албаганына, өзүнүн баа жеткис, жападан-жалгыз сёмгасын сактап кала албаганына дал өзү күнөөлүү болгонсуп капысынан уяла түштү, ал андан алыстап кайда сүзүп кеткенин бир гана Кудай билер, ошол эле күнү кечинде жөндөп да коштошпостон жөнөп кетип, ошондон бери андан бир да ныпым кабар жок — ал кайда, кандай жүрөт, ага эмне болду? Ал жалгыз калып, тыкан ак саргыл жумушчулардын жат сөздөрү гана угулуп турду. Аны бир гана нерсе тынчтантчу — бир нече күндөн кийин шаарды алай-дүлөй кылган, карыялар да эстей албагандай өтө катуу шамал болду. Ал үйлөрдүн чатырларын жулуп, жыйган отундарды учуруп-чачып, бак-дарактарды жыкты, а эртең менен Анисим Иванович сурнайчы периштенин бийиктен жерге кулап түшкөнүн көрүп, айланасын уурдана карап, чал аны аркасына көтөрүп алып, түнкүсүн анын жай, назик ырын угуп туруу үчүн өзүнө алып кетти.