Юрий Поляков
Поляков Юрий Михайлович (1954-ж. т.) — жазуучу, журналист, публицист, драматург, акын, коомдук ишмер. РФ Өкмөтүнүн (2005), Н. В. Гоголь ат. (2005), Бунин (2008), С. Т. Аксаков ат. (2018) жана башка көптөгөн сыйлыктардын лауреаты.
Москвада, жумушчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Н. К. Крупская атындагы МОПИнин орус тили жана адабияты факультетин аяктаган. Филология илимдеринин кандидаты, диссертациясын фронттук поэзия боюнча жактаган. 2001—2017-жылдары «Литературная газетанын» башкы редактору болгон.
Адабиятка 1974-жылы акын катары аралаша баштаган. Юрий Поляковдун «Райондук масштабдагы ЧП» жана «Буйрукка чейин жүз күн» аттуу алгачкы повесттери «Юность» журналына жарыяланган. «Катанын үстүнөн иштөө», «Апофегей» жана «Костя Гуманковдун Париждеги махабаты» повесттеринде жазуучунун сынчылар тарабынан «гротесктүү реализм» деп аталган ыкмасы калыптанган. «Сүт эмген улак», «Козу карын падыша», «Мен качууну ойлодум...» «Бурулуш доорго арзуу» аттуу романдардын, «Сал повесттери» циклинин, «Гипс трубачы» какшыктуу эпопеясынын автору. Поляковдун пьесалары орус жана европа сахналарында ийгиликтүү коюлуп жүрөт.
Поляковдун прозасы ар дайым социалдуу жана учурга өтө талапташ. Ал жаңы каармандарды жана жаңы турмуш түзүлүшүн ачуу мыскыл менен сүрөттөйт. Мында анын сарказмдары көбүнесе лирикалуулукка, ал эми социалдык пафосу болсо — жумшак ностальгиялык иронияга ыктап кетет.