Пцыроха

Мен саат чырылдаганга чейин эле ойгонуп, көздү жуумп жатам. Тимофеич түн бир оокумга чейин футбол тыңшап жатып «шляпаны» өчүргөндү унутуп коюптур. Ал ушинте берет, анткени радиочекит түн ортосунда, гимн ойнолуп бүткөндөн кийин өзүнөн өзү өчүп калат. Ал эми транзистордо болсо кулагын толгоп, Башашкин каймана аты бар Юра Батурин байке «джаз» деп айткан шалтаң-шултаң чоочун музыканы таң аткыча уксаң болот. Андан тышкары, мышыктын мырылдагына окшогон кытайдын же башка чет элдик каалаган калжырагыңды кармай аласың.

Бүгүнкү күн дагы гимн менен башталды. Адегенде патефонго жарака пластинка салып койгондой шуулдак угулат. Анан бөлмө ичи СССР деген ыргактуу аты жана эгин боолорунун ортосуна учуп кирген топко окшогон герби бар биздин Мекендин боркулдаган чакырык-ураанына толуп чыгат. Волгада биз жайкысын колхозчулар талаада унутуп кеткен кара буудайдын боолорун дарбаза кылып тургузуп алып айылдыктар менен футбол ойночубуз. Бир ирет тобубуз сууга түшүп агып кетип, калактары уңулдаган чоң теплоход өткөн жерде жээкке чыгып калган эле.

Мен караңгыда гимнди тыңшап жатам. Музыка уламдан-улам көбүрүп-жабырып, төрт палубалуу «Валерий Чкалов» сүзүп өткөндөй салтанаттуу бийик толкундарды чыгарууда. Мен Шура Казакованы ойлоп отурам. Бүгүн ал класска кайтып келүүгө тийиш: аны бир чейрек бою «токой мектебине» дарыланууга жиберишкен. Өпкөсүндө бирдеме бар имиш. Сабак аяктаган соң Ольга Владимировна бул тууралуу кабарлап, мага башкача карап калган. Шура менен жыл бою бир партада отурдум, аны алып кетишкенде мен ушунчалык зеригип, бир жума мектепке барбай калдым. Башым айланып, а көздөрүмдө болсо чоң апамдыкындай болуп чымын учуп жатат деп койдум.

— Капкарабы? — деп тактады мага тез жардам берүүгө чакырылган участкалык врач айым Скорнякова.

— Ак чымындар, — дагы бир балакети чыгып кетпесин деген ниетте калпты катыра соктум: индеец жол башчысы Жалкы Бизон кар бүртүгүн ушинтип койчу эле го.

— Кыз-зы-ык! — деп эрдин ушалай ойлонуп калды ал. — Анализдериңди тапшырышың керек. Анан жакшы тамактан! Апакеси, эми ушу кантип болсун? Кабыргаларын карачы, кир жууган тактанын эле өзү! Тезинен балыктын майын бергиле!

Ай аттиң, мындан көрө бутумду кайрып алсам эмне! Ата-энем мага, албетте, дароо ишенип калышты, а Аня чоң апам, атургай: «Мына! Мен силерге тээ илгери эле каны аз деп айттым беле. Карабайсыңарбы: сүлдөрү эле калыптыр бечара баланын!» деп сүйүнүп кетти. Бул, ырасында, чын эмес: экинчи кабаттагы жүк түшүргүч Шутов мага караганда кыйлале арык көрүнчү. Кошуналар жатакананын короосунда аны менен коштошуп жатышканда бизди, балдарды табытка жолотпой кубалап ийишкен, бирок мен топтошкондор арасынан өлүктүн кыңайган жүзүн көрүүгө үлгүрдүм. Анын өңү менин оңуп кеткен свитерим сыяктуу бозомтук-көгүш түстө эле. Мен анын бооруна кайчылаштырып койгон колдорун да көрө алдым. Тимеле арбактын өзү!

Тамактануу тууралуу угаары менен Лида ошол замат балыктын майы менен шокаладга окшоп кетчү гематоген апкелүүгө аптекага тызылдады, жолдо баратып катырылган икранын кара чакмагы менен кагаздан жука тилинген жүз грамм севрюга сатып алууга Бакунинскийдеги гастрономго кайрылды. Ал, эмнегедир, ооруп калган балага момпосуй, «Картөшкө» майбоорсогу, же, айталы, менин сүй­үк­түү «Токойдо болгон иш» вафлиси эмес, так эле ушу икра менен севрюга керек деп ойлойт. Тамак-аш жаатында чоңдор балээни да билишпейт.

...Капилет ойготуп жиберген музыкага атам катуу наалып калды. Аны биздин жатаканадагылардын бардыгы Тимофеич деп аташат. Ал кыйчылдаган керебетинин кырында отуруп алып үндү басыш үчүн караңгыда ары-бери жагын сыйпалаган болот, бирок кеп транзистордо эмес, «шляпада» экени мээсине кирди белем, музыка дагы бир ирет боркулдап барып тып токтоду.

Юра байке (айтмакчы, менин атымды анын урматына энчилешкен): «мурда гимндин сөздөрү Сталинди урматтап хор менен ырдалчу, бирок жүгөрү Хрущ эски саптарды жокко чыгарып, а жаңысын таппай коюшкан. Ошентип азыр сөзү жок, музыкасы эле калды. Уйпаланган шляпачан, шөлбүрөгөн күрмөсүнө баатырдын үч жылдызын тагынган сөөлдөй сөлдүрөгөн таз Хрущевдин өзүн болсо, волюнтаризми жана энеңди таанытамы үчүн өткөн жылы түшүрүп салышкан. Ал биздин бардык эгинибизди Кубага жөнөтүп, мени болсо нан саткан дүкөнгө кезекке турууга айдаган» деп айтып жүрөт. Чоң кишилер столдун четине чогулушуп, адатынча акырын күбүр-шыбыр боло жаңылыктарды талкуулап жатышты. Алар саясат же еврейлер тууралуу кеп жүргөн жерде дайыма ушинтишет. Башашкин мага: «жолбашчылар жөнүндө жаман сөз айткандарды түрмөгө алып кетишчү, азыр, албетте, түрмөгө отургузпайт, бирок көнгөн адат көпкө чейин сакталып кала берет экен» деген.

...Тимофеич, тарак-турак эттире туруп, «тоодой көмүрдүн» жана «байытуу комбинатынын үчүнчү кезегинин» берилгендиги тууралуу таңкы сергек жаңылыктарды жандырды. Мен болсом бир катар эмес, үч катар кезек турган нан дүкөнүн элестетем көз алдыма. Эгерде атам кечкисин репродукторду эмес, бийик өйдө илинген жана ырасында эле шляпага окшогон транзисторду укса, анда ал байкуш Шутов сыяктанып отургучка чыгып керилүүгө туура келмек эмес. Бирок Тимофеич Лиданы таарынткысы келген жок.

Мунун таржымалы мындай: жумушунда ага жакында, 23-февралга карата кичинекей «Сокол» радиокабылдагычын тартуулашкан, аны башкаларга тоскоол болбостон жылыткыч сымал кулакка такап укса болот. Лида: «шляпа» акысыз сүйлөп жатпайбы, «Сокол» үчүн маал-маалы менен кырк тыйынга «Крона» батарейкасын сатып алууга туура келет деп ачууланган. Бирок ал сараңдыгынан жинденип жаткан жери жок, тек гана атама транзисторду завком эмес, пландоо бөлүмүндөгү кайсы бир Тамара Саидовна тартуулады болуш керек деп шектенет. Бирок Тимофеич ага миң ирет «чыпчын партиялык сөзүн» берип, партиянын мүчөсү Лида ага ишенүүгө тийиш экендигин тынбай кайталайт.

— А бизде биякта эмне болуп жатты экен? — деп ал ышкылуу шыбырайт.

— Кереги жок! — кыжырлана жооп узатат аялы. — Тарт колуңду! Уктатчы деги!

— Баары бир жарым сааттан кийин турабыз.

— Кереги жок дейм! Профессор, балким, ойгонгон чыгар...

— Каалайсыңбы, текшерип көрөйүн? Ал калп уктамыш болсо мен билип коём.

— Каалабайм! Андан көрө Тамаранын транзисторун ук!

— Эми мына, кайра башталды! Мен ага бээ десем, ал мага төө дейт!

Атамдын жини келип, кыйчылдаган керебеттен тура калды. Терезенин арты жаңыле агара баштаган. Анын ак майкеси ал Көрүнбөс-Кишиге айланып кеткенсип караңгыда ары-бери желип-жортот. Бул китепти мен Батуриндердикинде конокто болгондо, үйүнүн тардыгынан улам мага үстөлдүн астына төшөк салып жаткырганда биз Елизавета Михайловна таенем менен чогуу окуганбыз. Ошондон кийин мен бир топ күнчө эч кимге байкалбастан бардык комнаталарга башбагып жатакананы кыдырып жүргөнүмдү элестетип-кыялдангам.

Айтмакчы, бизде ансыз деле каалаган кошунага чакыртпастан кире берсе болот. Эгер алар тамак ичип жатышкан болсо сени үстөлгө отургузуп, тарелкаңа эт аралаш кесме же чочконун майы менен куурулган картөшкөсүн үйө салып жылдырат да, сен кантип апылдатып (үйдө ушунун өзү тамагыңдан өтпөй калганына карабастан) жеп атканыңа көз кырларын сала, алган бааларыңды акырын сурай башташат. Төртүнчү класстын окуучусунан андан башка эмнени сурашмак эле?

А эгер биздин акжуумал жүз, кызгылтым эриндүү кызыктай кемпир Алексевнага кирип калсаң, ал милдеттүү түрдө Ходынкада 1913-жылы бепбекер белекке алган падыша вензели тартылган чөйчөгүн жүзүнчү ирет көрсөтүп мактанат. Анын бөлмөсү ар дайым валерьянка жаттанып, а Цыган деген мышыгы маймылдан бетер терезе жапкычтан терезе жапкычка секирип ойноп жүргөн болот.

Мен аларда эч качан конокто болбогон жалгыз кошунабыз бул — Комковдор. Алар үйүнө эч кимди киргизишпейт жана өзүлөрү дагы эшикке чанда чыгышат. Кез-кезде гана короого күнөстөгөнү кебез шырымал шым жана топчуламасы бар кызыктай болгон боз китель кийген картаң Комков кыбырап чыгат. Ал эч качан терезенин тушунда домино чабышкан эркектерге кошулбайт. Кошуналар анын көзү үчүн «зыянкеч» деп аташат. Бирөөлөрү ал он жыл отуруп келген десе, башкалары — бак жыккан, үчүнчүсү — жыгач тактада жаткан дешет. Кыскасы, ал аякта эмне кылып жүргөнү түшүнүксүз. Комковдордун көп балалуу үй-бүлөсү кол жуугуч коюлган кире бериши бар эки бөлмөгө тыгылып жашашат. Ал жактан ар убак коңурсуган жыт уруп турат.

— Самогон кайнатышат, — деди түштөнүп жаткан маалда Башашкин.

— Жакшы самогон аракка караганда дурус болот, — деп кошумчалады Юра байкенин келинчеги Валя.

— Сен эмне деп айтып атасың! — Лида эжесин таң кала тиктеди. — Бул деген уят иш да! Ооба, мен Комчиха баштыгы менен кумшекер жана ачыткы алып келатканын көргөм, — деп атама шектүү карап калды.

— Милиция каякты карап жүрөт! — деген болду ал көзүн катып.

— Арыз бериш керек. Алардын азабынан Шутов алжыгыча ичип жүрүп өлүп тынды!

— Лида, бирөөлөрдүн күнөөсүн көтөрбөсөңчү! — деди чоң энебиз Маня. — Аларды соттоп ийсе, сени, кызым, элдер жаман көрүшөт!

Мен эмнегедир, чоң энем сыяктуу эле, албетте, ичимден, өз апамды — Лида деп атынан чакырам. Ал бойго жетип, күйөөгө тийип жана мени менен Сашканы (ал азыр беш күндүк бала бакчада) төрөсө да, турган турпаты боюнча, менимче, эвакуация учурунда поездден калып калып бүт станцияны жаңырта бакырып ыйлаган баягыле кичинекей кыз бойдон калган.

...Жок, Көрүнбөс-Киши болуп алып мен Комковдордун үйүнө киргим келген эмес, ошондой болсо да, албетте, пионер милицияга бардык шектүүлөр тууралуу кабарлоого тийиш эмеспи. Дагы толгон-токой белгисиз жерлер да бар... Былтыр жайында менин досум Вовка Лемешев мелдеше кетип кипкичинекей терезесинен кыздар жуунчу бөлмөгө кирип барат. Ошондогу ызы-чууну айта көрбө: анткени аякта кыздар менен кошо биздин пионер башчыбыз Зоя жуунуп жатыптыр, анын чатындагы чачтары башындагыдан да чоң экен дейт. Вовка аны аз жерден лагерден кууп ийе жаздаганын баарына айтып чыккан болчу...

Тимофеич кутучаны тырсылдатып терезеге келип, жапыз мармар терезе текчеге тизеси менен туруп форточканы ачты да, кызыл абажуру бар чоң энемдин чырагына окшоштура алаканын жаап ширеңкени тутантты. Саргыч жарыкта анын тармал чачтары, түйрүлгөн калың каштары менен тамекини соргондо чуңкурая кирип кеткен түктүү жаактары даана көрүнөт. Мен төшөктүн астынан акырын шыкаалоодомун: айткандай эле — менин аквариумумдун үстүндө тамеки тартып, ал эми тамекинин күлдөрү сууга түшүп жатат, ал балыктарга зыян да. Бөлмөнүн ичи «Беломор» жыттанып, форточкадан жел үйлөйт.

— Балага суук тийгизесиң! — дейт Лида жактыра бербей.

— Мейли, бышсын! Армияга барат эмеспи.

— Жап дейм!

— Тартып бүтөйөн, анан жабам. Укта! Сенин уйкуң келип атпады беле.

Март. Түнкүсүн али суук. Аня чоң апам айтмакчы: «Жаздын жели чучукка жетет!» Бирок бардыгы жаз камын көрүшүүдө. Короо шыпыргычтар лом менен көпүрөнүн үстүндөгү калыңдыгы «Даамдуу жана таза тамак-аш тууралуу китептей» болгон муздарды чагып чыгышты. Килейген сыныктарды үймөк кылып тизип коюшкан. Аларды эмдигиче ташып кетише элек. Же Яузага ыргытып ийишпейт. Биз тоо падышасын ойнойбуз. Мени анын төбөсүнөн түртүп ийишти эле, мен көпүрөнүн үстүндөгү көлчүккө жыгылып, туулган күнүмө карата Валя таежем токуп берген свитеримди май аралаш баткакка булгап алдым.

Адегенде мен ал такты ацетон менен сүртүп таштагым келди, аны мага алтынчы бөлмөдөгү Гриша байке эч кимге көрсөтпөй берген. Болгон жок. Ата-энемдин кечки нөөмөткө кетишин күтүп, мен сууну кайнаттым да, илегенге самындын жарымысын эзип туруп жууп салдым. Бирок мурдагы ак свитерим өлүк Шутов өңдөнүп каралжын-боз тартып калбаспы. Самын сууну сыгып туруп, таежемдин белегин дивандын астына тыгып салдым. Тил укканга жараша баарын чогултуп бир угайын деп дагы эмне кылып кылып ийишти ойлонуп жаттым.

— Бөлмөнүн ичи эмнеле көк жыттанып калган? — деп сурап калды Лида нөөмөттөн кайтып келгенден кийин.

— Мен балыктардын суусун жаңыртып койдум.

— Туура кыласың, антпесең өткөндөгүдөй болуп өлүп калышат!

— Ал деген тамекинин күлүнөн болгон!

...Тимофеич кайрадан менин балыктарыма кооптуулук жаратып, аквариумдун так төбөсүндө анысынын жытына атургай ыжылдаган волжскилик чиркейлер да туралбаган «Беломорун» дембе-дем сорууда. Алортодо мен тарапка үңүлө тиктейт. А мен болсом мунусун алдын-ала сезип, кыймылдабаганга тырышам.

— Профессор уктады өңдөнөт, — деп ал Лидага кайрылды.

— Жок! — деп ишенимдүү үн катты ал.

«Профессор» — менин каймана аттарымдын бири. Ата-энем мени бала бакчада ушинтип чакырышчу дейт. Балабыз кандай жүрдү деген адаттагы суроого тарбиячылар: «Жакшы жүрдү! Башкалар ары-бери чуркап, бакырып, тентектик кылышат, а силердин балаңар отуруп алып эле профессордон бетер ойлоно берет. Бала эмей эле — керемет!» деп жооп узатышчу экен. Кийин ал атым унутулуп, мен гемоглобинимдин аздыгына байланыштуу «Каз таман» аталып кеттим. Андан соң мени көпкө чейин «Пцыроха» деп келекелеп жүрүштү. Антип кээде азыр дагы чакырып калышат. О, бул өзүнчө таржымал.

Илгери-илгери, мен биринчи классты аяктаганда, биз Батуриндер менен Жаңы Афонго, деңизге барганбыз. Айтмакчы, ошояктан былтыр мен Казакова Шурага тартуулаш үчүн аз жерден тумчугуп кала жаздап өз колум менен алып чыккан үлүлдүн чоң кабыгын тапкам. Бирок мен, кыязы, кайнатылган кабыктын ичиндеги ракты чыгарып жатканда зым менен ийреңдеген денесин чала чарпып калсам керек, ошентип анын куйругу кабынын ичинде үзүлүп калыптыр. Үлүдүн кабыгы мени менен Москвага жеткиче ал Комковдордун үйүнөн да жаман сасып кетиптир.

— Эмне, үйдө чычкан өлүп калганбы? — деп мурдун жыйрыган Маня чоң апа биздин бөлмөнүн кычыктарын аңтарып жатып, бирок жылыткычтын артын караган жок.

Белекти сактап калыш үчүн мен ага Тимофеич сегизинчи мартта Лидага тартуулаган «Кызыл Москва» атырын куюп салдым. Натыйжада баягы жыт андан да жаман болуп кетти. Ошондуктан аны тамдын төбөсүнө алып чыгып, эски гезиттердин арасына тыгып салууга туура келди. Желдеп турса жыт жоголор акыры. Ал эми Шура ошол кезде өзүнүн «токой мектебине» кеткен. Көп узабай үйдөгүлөр кызыл кутучадагы иймек флакондун жоктугун байкап калышты.

— Бу кандайча ыя?! Атыр кана?! — деп Лида аз жерден ыйлап ийе жаздады.

Мен манжамды кесип алып, йодду таба албай, жаракатымды атыр менен сүртүп түгөтүп салгам деп калп айтууга аргасыз болдум. Апыртмамды түшүнүү менен кабыл алышты: Аня чоң апа бала кезинде антонов отунан — кандын бузулушунан аз жерден өлүп кала жаздаган. Атургай, жарым-жартылай «Кызыл Москванын» баары коромжу болгон манжамды текшерип көрбөй туруп, мени тапкычтыгым үчүн мактап-жактап салышты.

— Азаматсың, Пцыроха, бирок мындан ары эсиңде болсун: йод сервантта, валерьянканын сол жагында турат. Түшүндүңбү?

— Түшүндүм!

...Атам ачык форточкага үйлөп коюп тамеки тартканын улантууда. Албетте, адаттагысындай эле күлүн аквариумга кагып жатат. Уюлгуп чыккан түтүнү терезенин тышындагы чырактык жарыгына чагылыша, форточкадан сыртка кургуйлайт. Менимче, Тимофеич дагын деле уктап атабы же жокпу деп назарын салып жаткандай. Ал ишенип калсын дегенсип мен калп коңурук тартымыш этип койдум.

— Аквариумдан ары тур! — деди Лида тишин кычыратып. — Балыктар өлүп калат.

— Баарыбыз өлөбүз.

— Сен Пцырохага убада бербедиң беле!

— Сен деле мага бирдеме убада кылгансың...

...Ошентип, биз Жаңы Афонго баратканда поезд кайсы бир станцияга токтоп, ысыктан улам ачык турган вагондун терезесине чакалап өрүк жана баштак-баштык карагат көтөргөн жергиликтүү тургундар чурулдап жетип келишти. Үнү жоон бир эжеке бардыгына эртең менен эле каркылдап жүргөн өрдөктүн куурулган этин сунуштап жатты. Жүргүнчүлөр этти жыттап көрүшүп, анын айтканына ишеңкиребей турушту. Валя жеңеге өрүктөр да кычкыл сымал сезилди. Бирок поезд булкунаар замат бардыгы шаша-буша тамак-аштарды калтырбай ала башташты. Өрдөктү талашып өлүп кала жаздашты көрүнөт. Мен ал кезде тамга таанып, анча-мынчаны шытырата окуп калган кезим. Терезеден артка жыла баштаган станциянын атын катуу үн чыгара окуп калдым:

«Пцы-ро-ха».

Вагондун ичи каткырыкка толду. Атургай сатуучудан эки тыйынын кайтарып алууга үлгүрбөй калганына капаланып үңкүйүп отурган эс алуучу дагы ырсалаңдап күлүп ийди. Көрсө бул абхаз станциясы «Псырцха» деп аталат экен. Ошондон соң башка вагондогу тамашакөйлөр дагы мени бир карап алганы биздин вагонго башбагып атышты. Ошентип мен биротоло болбосо да, бир топко чейин «Пцыроха» аталып калгам.

Ушул эле бекен, андан тышкары «делегатор» аталып жүргөн кездерим да болгон. Бир жолу демалыш күнү биз зоопаркка барып, арстандарды, төөкуштарды, пилдерди көрүп, крокодил-аллигаторлорду издеп жүрөбүз. Акыры таптык. Мен эрдемсип кетип, бул желмогузду жакшылап көрүп алыш үчүн атамды жогору көтөр деп суранып, көпчүлүктүн көзүнчө: «Кайда жүрөт бу силердин делегатор?!» деп кыйкырыпмын Эл жапырт бышкырып жиберишти. Анда кезектеги курултай чакырылып жаткан. Радио таңдан-кечке «кучак жеткис Советтер Союзунун бардык бурчтарынан делегаттар Москвага келип жатышат» деп таңшып турган. Мээмде «делегат» менен «аллигатор» кантип «делегатор» болуп чаташып кеткенин түшүнбөйм. Бирок ал ошол жердегилердин баарына жакты. Башашкин бул тууралуу өзүнүн аскер оркестринде чогуу иштегендерге айтып берсе, алар мага салам айтышыптыр. Тилекке каршы, «делегатор» аты мага узакка жабышкан жок. А пионер лагеринде мага «Шаляпин», ал эми эки досума — «Лемешев» жана «Козловский» деген каймана ат каймактай жабышкан. Эмне үчүн дейсиздерби? Ал да өзүнчө таржымал.

Кийинки кездерде үйдө мени кайрадан «Профессор» деп чакыра башташты. Жакында эле мен Башашкиндин коңшусу Сергей Дмитриевич тартуулаган маркаларды кызы-тазыл күйгөн жалпак кытай фонаригине алмашып алып, төшөктүн ичине жашынып китеп окучу болгом. Буга атамдын кыжыры кайнайт. Мурдагүнү жуурканымды сыйрып ыргытып, фонаригимди тартып алды.

— Укта, батыраак!

— Уйкум келбейтат!

— Деги бизди уктатасыңбы сен!

— Мен эмне, тоскоол болуп атамбы. Жууркан чүмкөнүп жатам го.

— Тумчугуп каласың!

— Тумчукпайм.

— Тоскоол болуп атасың!

— Тоскоол болбойле турам.

— Балага берчи ай, фонаригин! Мейли, кичине окуп алсын...

— Жок, мейли эмес! Чоң атасычылап көз айнек кийип калат кийин. Көрбөй калса — аны сен багасыңбы?

— Сокур болбойм! — деп катуу убада бердим мен.

— Уктагын! Келе бери китепти!

— Өзүң эчтеке окубайсың, уулуң окусун. Жөн койчу аны! — деп мени түшүнүксүз жагдайда жактай кетти Лида.

— Мен азыр бардыгыңарды окутам! — деп күңкүлдөгөн Тимофеич транзисторду күйгүздү да, анысын кырылдатып-шырылдатып спорттук берүүнү издей баштады.

— Ии, демек, завком белек кылды дейсиңби? — бул суроосу кайдыгер көрүнсүн дегендей эстемиш эте сүйлөнүп калды Лида.

— Баягысы кайра башталды! — деп атам кызарып кетти. Каптагы тамекинин калдыгын кагып алып, терезеге жөнөдү.

Кызыгы, «Сокол» кабылдагычы сыяктуу пайдалуу буюмдун ушунчалык жаманчылык алып келерин билбептирмин! Мынакей, азыр дагы бечара Тимофеич папиросун ышкырта чегип, калдыгын форточкадан ары чертти эле, анысы ок учкандай болуп караңгыга сиңип жок болду.

— Профессор эми даана уктады... — деди ал апама мунайым жалынычтуу үн менен. — А Лид!

— Жок! — деп тырчый кетти апам.

Атам тишин кычыратып, үстөлгө чалынып-чулунуп, сыйпалап издеп атып ак сүлгүнү араң таап, анысын ийинге арта сала тышка жөнөдү. Босогодо туруп алып демите сурайт:

— Сага кезек алып коёюнбу?

— Жок, бүгүн адистигимди жогорулатуу күнү. Тогузда барам. Кичине уктап алайын...

— Укта, укта!

Ал эшикти тарс жаап, жуунуп-кырыныш үчүн ашканага бет алат. Эгер дааратканада кезек жок болсо, он мүнөттөн соң кайра келет.

— Күлтүктү чыгарып кой! — деп кыйкырып калат Лида кандайдыр күнөөкөр кейипте, анан акырын үшкүрүнүп төшөгүн кымтынат.

Мен өзүмдү айыпкер сезе көздү чылк жуумп Шураны ойлойм. Сабакка кетээр алдында тамдын үстүнө чыгып, эгер үлүл кабыгынын жыты кетип калган болсо «токой мектебинен» кайтышынын урматына ага тартуулап коюш керек. А, кокус, жыты кетпей калса кантем? Анда майонездин банкасындагы гуппинин кызгылтым куйруктарын берип койсо болот. Андай балыктар менде толтура: алар балдарын тирүү тууйт жана бат көбөйүшөт.

Аңгыча кулагыма таң калычтуу үн угулуп, көзүм умачтай ачылды: карасам Лида керебетте ич көйнөкчөн отуруп, колуна «Сокол» радиокабылдагычын кармап алып ыйлап отурат. Иш жаман! Кесип алган жаагына, адаттагыдай эле, гезиттин айрыгын жабыштырып коюп «Шипр» атырын буркуратып Тимофеич кайтып келет эмеспи.

— Ыйлап атасыңбы? — деп сурайт ал.

— Дагы эмне! — деп жооп кайтарат мунусу.

Ошентип алар кайрадан пландоо бөлүмүндөгү Тамара Саидовна тууралуу талашып-тартышып, уруша кетишет. Атам керебеттин астынан кыры жылтырак темирлүү чамаданын сууруп чыгып, Чешихадагы Аня чоң эненикине кеттим деп кийимдерин чогултуп, ушундай уруш чыккан сайын каяккадыр жоголуп таптырбай койчу жападан-жалгыз галстугун издеп кирет узакка.

— Мен сенин Чешихаңды билем го. Бар, бара бер!

— Дагы башталдыбы! Мен буга бээ десем, бул мага төө дейт!

Муну өткөрүп жибериш мүмкүн эмес. Мен азыр эле ойгонуп кеткенсип, керилип-чоюлуп, көздөрүмдү ачып-жуумп коём. Лида көзүнүн жашын аарчый салып, жуурканын кымтылана кетет:

— Ойгондуңбу, Пцыроха?

— Ага...

— Кечегүнү жатаар алдында эмнени айткың келди эле?

Кечээ мен ага көгүш короз балыктын ургаачысы тууп өлүп калды, ошондуктан Канаттуулар базарына барып былык сатып алыйын, ошого элүү тыйын берчи деп айтайын дегем. Алты тыйын трамвай менен барып-келишке, кырк тыйын — балыкка, а төрт тыйыны — газдалган таттуу суу үчүн. Бирок бүгүн таптакыр башкага бурдум.

— Сен урушпайсыңбы?

— Эмне үчүн экенин карап көрөм да... — деп алаңдай түштү апам.

Мен туруп, терезе парданы ачтым — ачуу тийген электр жарыгы бөлмө ичин каптады. Апамдын көздөрү кызарган. Ал жаздыгынын алдына атамдын галстугун уурдана катып атыптыр. Мен жүзүмдү болушунча кайгылуу көрсөтүүгө чымырканып, чаң толгон дивандын астынан ушунчалык оор, көгөрө баштаган ным свитеримди сууруп чыктым.

— Мунуң эмне, ботом!? — деп чочуп кетти Лида.

— Валя таеженин свитери...

— Оо, азап! Атаң азыр өлтүрөт!

Албетте, мени эч ким өлтүрбөйт. Балким, сабаар. Тимофеич шыр эле Котовский кылычын кынынан сууруп чыккансып шымынан курун сууруп чыгат да, мени диванга жыгып алып, эптеп эле сабамыш болот, а апам болсо анын колдоруна асылып жалбара баштайт:

— Болду эми, Миш, жетишет! Бала эмеспи...

Бирок мен көбүнесе менин жылаңач куйругума шапалак тийе электе короого чыга качууга үлгүрөм. Кыязы, Тимофеич курун атайылап эле көпкө чейин таптап мага ошондой шарт түзөт өңдөнбөйбү. А мен короодогу жаңиктердин арасына жашынып жатып алып, кылыктары үчүн кыздарды, маселен, Казакова Шураны ата-энеси сабайт болду бекен деп ойлонуп кайгы тартам. Эгер сабай турган болсо, аларды секиргич жип менен сабаса керек. Мен жарым сааттан кийин кылтыйып кирем үйгө, анткени сабакка барыш керек. Тепкичтен, балким, жумушуна кечигип жөнөгөн шайыр жүздүү атамды кезиктирип калышым ыктымал. Ал шыпылдай түшүп келатып желкеге акырын чаап өтөрү анык. Мен таарынган кейипте тескери карап, ошону менен эки-үч күн балыктарым менен гана сүйлөшүп калам. Анткен менен ата-энелерим урушпай, Чешихага эч кимиси кетпейт.

Билбейм, мен жаза алгандан кийин эле алар эмнегедир элдешип калышат...