Евгений Чигрин
1961-жылы Украинадагы Кировоград облусунун Мала Виска шаарында туулган. «Айдоочу» (2012), «Уйкусуз булуң» (2014), «Суу астындагы Шар» (2015), «Көрүнбөгөн жандоочу» (2018) аттуу төрт ыр жыйнактын автору. Россиялык жана эларалык поэтикалык фестивалдардын катышуучусу. Ырлары бир канча батыш жана чыгыш элдеринин тилдерине которулуп, Польша, Украина, Сербияда өзүнчө китеп болуп да жарык көргөн. Сахалин маданият фондусу сыйлыгынын, Эларалык Артий сыйлыгынын, Константин Симонов атындагы сыйлыктын, Арсений жана Андрей Тарковский атындагы Эларалык сыйлыктын, Горький сыйлыгынын, Павел Бажов атындагы Бүткүлроссиялык адабий сыйлыктын, «Алтын Дельвиг» сыйлыгынын, Сергей Аксаков атындагы сыйлыктын лауреаты. Эларалык ПЕН-клубдун жана Москва Жазуучулар союзунун мүчөсү. Москвада жана москва алдындагы Красногорскиде жашайт.
Сынчы Павел Басинский белгилегендей: «Чигриндин жеке поэтикалык темасы, жеке поэтикалык географиясы, атүгүл өзүнүн Индиясы, Чыгышы, Крымы бар... Анын ырлары Чыгыштын Күнүндөй, Крымдын шарабындай күчкө эгедер. Анан да өтө чебер усталыгы суктандырат...»