Калжың кеп
Трепанг булуңубу, ким билет,
Түшүндө толкун минген адам бар:
Дүңгүрөп деңизге да тил кирет,
Көгүлтүр терезеде аралдар.
Жаткандай кино тасма уланып,
Ачтыбы шапитону бир акмак:
Жарк этет күлкүчү куш сыланып,
Чапанчан кулунтайы сырактап.
Бул түшкө куудул кирет айныган,
Жээги жок сөзү кумга аралаш,
Суктана карап коюп чайды улам,
Билгени чоор сыйкырын жарабас —
Кир чочко апельсинди билгендей.
Карталар бүт чатышкан өңдөнөт,
Ошентип барат турмуш иргелбей,
Тескери айлангандай дөңгөлөк.
А балким, дөңгөлөк оң айланды?
Көктөгү периштеби муну айтчу,
Же мени жетелеген Айбанбы,
Тозокко түз алпарып муңайтчу?
Эски арал — аябаган чоң балык,
Ихтиандр аны кайдан ууламак...
Калганы — жасалмалуу жалганып,
Д. у. с. ж. б. сырттан уланат.
Түшүндө толкун минген адам бар:
Дүңгүрөп деңизге да тил кирет,
Көгүлтүр терезеде аралдар.
Жаткандай кино тасма уланып,
Ачтыбы шапитону бир акмак:
Жарк этет күлкүчү куш сыланып,
Чапанчан кулунтайы сырактап.
Бул түшкө куудул кирет айныган,
Жээги жок сөзү кумга аралаш,
Суктана карап коюп чайды улам,
Билгени чоор сыйкырын жарабас —
Кир чочко апельсинди билгендей.
Карталар бүт чатышкан өңдөнөт,
Ошентип барат турмуш иргелбей,
Тескери айлангандай дөңгөлөк.
А балким, дөңгөлөк оң айланды?
Көктөгү периштеби муну айтчу,
Же мени жетелеген Айбанбы,
Тозокко түз алпарып муңайтчу?
Эски арал — аябаган чоң балык,
Ихтиандр аны кайдан ууламак...
Калганы — жасалмалуу жалганып,
Д. у. с. ж. б. сырттан уланат.




