Тимошкино ак бороондон бошонбой...
* * *
Евгений Рейнге
Тимошкино ак бороондон бошонбой,
Бир топ өзбек карын күрөйт корооңдун.
Красногорск да бурганактап ошондой,
Чоор үндөнөт саундтреги бороондун.
Карды Кудай чарк көпөлөк айлантып,
Ru нокотко жазган адам табылбай,
Россияда жапа-жалгыз калгансып,
Вери гуд деп орусча айтам жаңылбай.
Эч ким жок го «алыс кет!» деп салганга,
Артынан мен барбайт белем жай калкып...
Кыш сүйрөлөт кандайдыр бир айбанга,
Өлбөстүк да, өлүм да баш айлантып.
Жашоо кечте жылаңачтап көргөзөт:
«Бул — учкул доор, бул — кечээги сүйүүң» деп.
Азайып нур, карайып түн жер кезет,
Саундтрек да тып басылат күүгүмдөп.
Жашоо дымып, акын айтат: «бу жерден
Уркилериң ырдап мурда келишкен.»
...Ак шыбактуу аяндуу түш жиберген
Ананайын асмандагы периштем.
Евгений Рейнге
Тимошкино ак бороондон бошонбой,
Бир топ өзбек карын күрөйт корооңдун.
Красногорск да бурганактап ошондой,
Чоор үндөнөт саундтреги бороондун.
Карды Кудай чарк көпөлөк айлантып,
Ru нокотко жазган адам табылбай,
Россияда жапа-жалгыз калгансып,
Вери гуд деп орусча айтам жаңылбай.
Эч ким жок го «алыс кет!» деп салганга,
Артынан мен барбайт белем жай калкып...
Кыш сүйрөлөт кандайдыр бир айбанга,
Өлбөстүк да, өлүм да баш айлантып.
Жашоо кечте жылаңачтап көргөзөт:
«Бул — учкул доор, бул — кечээги сүйүүң» деп.
Азайып нур, карайып түн жер кезет,
Саундтрек да тып басылат күүгүмдөп.
Жашоо дымып, акын айтат: «бу жерден
Уркилериң ырдап мурда келишкен.»
...Ак шыбактуу аяндуу түш жиберген
Ананайын асмандагы периштем.





