Суу болгон кара ок дары, ным болгон бенгаль оту...

* * * Суу болгон кара ок дары, ным болгон бенгаль оту, ширенке күйүп бүткөн, эрмен, зире, долоноту — качандыр бир карасаң мейкиндикти, ал капилет кадалат кара тешиктей сени тиктеп. Кыйкырасың эстен тана, сезбестен бутту, колду: — О кудай, жүрөгүмү ал, өзүмдү оозуңа сал! — чайнагын сагыз кылып, анан болду, жарып сал шарик кылып үйлөп туруп!