Суу болгон кара ок дары, ным болгон бенгаль оту...
* * *
Суу болгон кара ок дары, ным болгон бенгаль оту,
ширенке күйүп бүткөн, эрмен, зире, долоноту —
качандыр бир карасаң мейкиндикти, ал капилет
кадалат кара тешиктей сени тиктеп.
Кыйкырасың эстен тана, сезбестен бутту, колду:
— О кудай, жүрөгүмү ал, өзүмдү оозуңа сал! —
чайнагын сагыз кылып, анан болду,
жарып сал шарик кылып үйлөп туруп!





