Чамдайлы...
* * *
Чамдайлы
жупуну дасторконду көркөмдөп,
мына, кызыл помидор,
тармал петрушка, укроп да көрсөң көп,
сарымсак,
жыттуу мурч, пияздын да кезеги,
быдырала бадыраң бар,
дарбызды тилке-тилке кесели.
Янтардай май
күнгө жаркып, уялтат го көздү-дой,
убагы келип калды,
кара нанды туурап, тузду кой,
аянбайлы,
көрүш керек даамын татып да —
толо жүзүм ширеси
чоң бөтөлкө болбос ашыкча,
көз кубанып,
курсак тойсун, чаңкоо кансын деп жатам,
төгүлүп күз келгени
бүгүлүп багынбайбыз эч качан!
Багынбайбыз:
бүт жараткан Кудай үчүн азыр бу
шоктонгон кумаржандар
ичи тар түнт жандардан кадырлуу.



