Чамдайлы...

* * * Чамдайлы жупуну дасторконду көркөмдөп, мына, кызыл помидор, тармал петрушка, укроп да көрсөң көп, сарымсак, жыттуу мурч, пияздын да кезеги, быдырала бадыраң бар, дарбызды тилке-тилке кесели. Янтардай май күнгө жаркып, уялтат го көздү-дой, убагы келип калды, кара нанды туурап, тузду кой, аянбайлы, көрүш керек даамын татып да — толо жүзүм ширеси чоң бөтөлкө болбос ашыкча, көз кубанып, курсак тойсун, чаңкоо кансын деп жатам, төгүлүп күз келгени бүгүлүп багынбайбыз эч качан! Багынбайбыз: бүт жараткан Кудай үчүн азыр бу шоктонгон кумаржандар ичи тар түнт жандардан кадырлуу.