Айлана ээн — жакындар жок жан тарткан...
* * *
Айлана ээн — жакындар жок жан тарткан,
Жалаң гана деңиз көзгө тартылат.
Күн бийикте түшпөчүдөй хан-тактан,
Жол талашкан толкун туйлап чарк урат.
Эч бир жан жок (чөйчөктө уу — таза арак),
Кеч киргени — кара түндүн учундай
Жашоону жаап, жатканыбы жазалап? —
Бир сыйкырчы айткан эле ушундай,
Бир кинодо (тасма кимдин эсинде?)
Жүргөн аңчы — кудум дүйнө Эгеси...
Эч бир жан жок, түнт бөлмөнүн четинде
Жоо элчиси окшойт алда немеси.
Ортосунда аркы, берки дүйнөнүн
Жарык күнүң, кара түнүң ортоктой,
Толтосуна сүңгүп кирип бийлегин
Каарман болуп баатырдай же коркоктой.
Издеп күндүз жандырсаң да чырагың,
Өткөн тура тууган, досту тапчу кез.
Жылдыз нуру, анан колдо арагың
«Алтын каттай» ачуу да эмес, таттуу эмес.
Турам канча күзөтүндө Кастальдын?
Баш-казанда кандай шумдук бүтүм бар?
Яхва кудай — ар тамгада жаткан дың,
Иргеш кыйын — кызыл-жаян бүт ырлар.
Тагдыр пири мойра менен баарыбыз
Үн алыша түгөлдөсөк заманды,
Вермеерден бизге калган аруу кыз
Желпингичи алсыратып шамалды,
Булут болуп көрүстөндү айланган
Кибиреген периштедей сүр менен,
Хоспис Кара көпүрөгө жайланган
Туугандашып тунжураган түн менен.
Айлана ээн — жакындар жок жан тарткан,
Жалаң гана деңиз көзгө тартылат.
Күн бийикте түшпөчүдөй хан-тактан,
Жол талашкан толкун туйлап чарк урат.
Эч бир жан жок (чөйчөктө уу — таза арак),
Кеч киргени — кара түндүн учундай
Жашоону жаап, жатканыбы жазалап? —
Бир сыйкырчы айткан эле ушундай,
Бир кинодо (тасма кимдин эсинде?)
Жүргөн аңчы — кудум дүйнө Эгеси...
Эч бир жан жок, түнт бөлмөнүн четинде
Жоо элчиси окшойт алда немеси.
Ортосунда аркы, берки дүйнөнүн
Жарык күнүң, кара түнүң ортоктой,
Толтосуна сүңгүп кирип бийлегин
Каарман болуп баатырдай же коркоктой.
Издеп күндүз жандырсаң да чырагың,
Өткөн тура тууган, досту тапчу кез.
Жылдыз нуру, анан колдо арагың
«Алтын каттай» ачуу да эмес, таттуу эмес.
Турам канча күзөтүндө Кастальдын?
Баш-казанда кандай шумдук бүтүм бар?
Яхва кудай — ар тамгада жаткан дың,
Иргеш кыйын — кызыл-жаян бүт ырлар.
Тагдыр пири мойра менен баарыбыз
Үн алыша түгөлдөсөк заманды,
Вермеерден бизге калган аруу кыз
Желпингичи алсыратып шамалды,
Булут болуп көрүстөндү айланган
Кибиреген периштедей сүр менен,
Хоспис Кара көпүрөгө жайланган
Туугандашып тунжураган түн менен.




