Биздин күндүн алтындан баалуулугу...
* * *
Биздин күндүн алтындан баалуулугу
Чапкан кезде ырдалат темир капкан.
Биздин күндөр буудайдай жетилүүдө
Таңдан кечке термелип — эрип абдан.
Көлөкөлөр жылаңач болсо дагы
Ийне сайса кан чыкпай — кейип аткан.
Аттап чыгып кунарсыз босогону —
Жер жайнаган жемишке туш болобуз.
Баарын топтоп — кысылтып, майдалаган
Вагонго окшош эмеспи бул корообуз?
Акыркысы болчудай жыт урууда,
Буюрса экен кийин да бутка оролуш.
Мекен толук ырдалып бүтпөйт дечи
Улуу, шыдыр ыр менен өрүм чачтай.
Таңкы үрүлдө трамвай бурчтан чыгып —
Даңкылдап бир жүгүргөн көрүндү аттай.
Трамвайдын акыркы вагонунда
Келатабыз, балким, биз көп үн катпай.
Муздак тыйын кокомду турат кысып
Кар кете элек таңында май айынын.
Жолубуз түз — а бирок учундабыз
Календардын айрылар барагынын.
Календарь ал — китеби Теңиримдин,
Кайда жүрсөк дагы биз — саламы миң.
Биздин күндүн алтындан баалуулугу
Чапкан кезде ырдалат темир капкан.
Биздин күндөр буудайдай жетилүүдө
Таңдан кечке термелип — эрип абдан.
Көлөкөлөр жылаңач болсо дагы
Ийне сайса кан чыкпай — кейип аткан.
Аттап чыгып кунарсыз босогону —
Жер жайнаган жемишке туш болобуз.
Баарын топтоп — кысылтып, майдалаган
Вагонго окшош эмеспи бул корообуз?
Акыркысы болчудай жыт урууда,
Буюрса экен кийин да бутка оролуш.
Мекен толук ырдалып бүтпөйт дечи
Улуу, шыдыр ыр менен өрүм чачтай.
Таңкы үрүлдө трамвай бурчтан чыгып —
Даңкылдап бир жүгүргөн көрүндү аттай.
Трамвайдын акыркы вагонунда
Келатабыз, балким, биз көп үн катпай.
Муздак тыйын кокомду турат кысып
Кар кете элек таңында май айынын.
Жолубуз түз — а бирок учундабыз
Календардын айрылар барагынын.
Календарь ал — китеби Теңиримдин,
Кайда жүрсөк дагы биз — саламы миң.





