Кайнап жатат казанда...

* * * Кайнап жатат казанда койдун эти эң назик. Дарт дабасы бар анда, даамдап жесең чер жазып. Кандай сонун, аттигиң, өзүнчө эле керемет: сорпосунан таткының жыттуу чөптөн себелеп. Ашканадан чыкпайын, кубалайт деп коркосуң: жок турмуштун жутпайын таза дары сорпосун.