Кайнап жатат казанда...
* * *
Кайнап жатат казанда
койдун эти эң назик.
Дарт дабасы бар анда,
даамдап жесең чер жазып.
Кандай сонун, аттигиң,
өзүнчө эле керемет:
сорпосунан таткының
жыттуу чөптөн себелеп.
Ашканадан чыкпайын,
кубалайт деп коркосуң:
жок турмуштун жутпайын
таза дары сорпосун.




