Олжолонгон замбирек

Толукчумал украин кыздын мамактары сыяктанган кош дөбөнү түптөй агып, жазында күргүштөп кирген, жайында балырлардын алдында жыбылжыган дарыянын аркы өйүзүндө тамдары агарган айыл жер уусуна ыңгайлаша орун алган. Төмөндөп келгенде кош суу жандана түшүп, оргуштаган ылайлуу агымга айланат да, дөбөлөрдүн ортосундагы терең коого бой таштай өз ара кошулуп, ого бетер көбүрүп-жабырып оргуштагыча жээктеги жылаңач бадалдардын түбүн чайкап, былтыркы өлөң чөптөр салбыраган жээкти кытыгылагансып, шамал жапырганда агымга өбөктөгөн камыштарды шуудуратып, ылдыйлаган сайын тикенектүү бадалдарды аралай, акыры көпүрөнүн үстүнөн назик бой сала өскөн, азыр ак күп боло гүлдөгөн талдын көлөкөсүнө кирет.

Көпүрөнү немистер бузуп кетишкен. Дарыя жээгиндеги күзкү чабыктан бери жайдак жаткан кең талаага отуз-кырктай машина, эки чала брондолгон газик, бир нече гаубицадан жана минометтуу замбиректен турган батарея, жабууланган «катюшалардын» дивизиону, дагы башка бирин-экин техника жайгашкан. Колоннада бир дагы сапёрдук бөлүк болбогондуктан ортодо «көпүрөнү ким оңдойт?» деген келишпестик жаралды. Каалоочулар табылган жок. Жоокерлер машиналардан түшүп, былтыркыдан калган чабындыга чалкасынан түшө жатып, саман тиштегилегиче көгүлтүр асманга көз жүгүртө үргүлөштү.

Аңгыча майор Проскуряков колонна аркылуу бакылдай сүйлөп буйрук берип, сөз арасында энеге асылбай сыйда сөгүнгөн ал көпүрөнү оңдотуш үчүн ар бир бөлүктөн же дөбө түбүндө топтошуп турган калдык бөлүктөрдөн бештен киши алып түзүлгөн топту көпүрөнү оңдоого чегерди. Ошентсе да эРеСчилер менен ашатып сөгүшкөнгө туура келди. Булар согуштун эркелери болчу, анткени «катюшаны» көргөндө жашынан карысына чейин баарысы жалдырап калмайын эмдигиче таштай албай жүрүшөт, андыктан төрөлөргө жагалдангансыгандай сыпайылык менен аларга кандай жол болбосун бошотуп беришчү.

Майор Проскуряков машинадан кууп түшкөн эРеС капитаны эми кол алдындагы кекирейген ток пейил солдаттары менен кара жаны үчүн катуулай иштөөдө. Майорду баары башчы катары тааныгандыктан, эми ага гана кайрылып жатышты. Ал мындан улам ачуулуусуна тарта түштү белем, аскер кербенинин аяк-башына чейин кыдырып, ороңдой кыйкырып, ар кайсыга кийлигишип жүрдү. Ар бир машинанын жанына нөөмөткер дайындап, не бар, не жок, аба коркунучу болуп калса алдын-ала билиш үчүн байкоочуларды коюуну буюрду. Ушуну эле күтүп тургансып, кайдан-жайдан мойнунда дүрбүсү бар кенже лейтенант Растягаев чыга калып, бул коргонууну жетектеп берерин жарыялады.

Майор Проскуряков ичип алган, бирок деми күчтүү лейтананттын тамылжыган жүзүнө чытылган кабагын кайпытып өтүп, кыйгачынан курчанган гимнастеркасына, кончун кооздоп бүктөгөн өтүгүнө көз жүгүртүп алып күңк этип: «Мм... мейли», — дегенинде лейтенант такасын так эттирип алып, жанындагы эки солдаты менен колхоздун чатыры жок үрөн кампасы үтүрөйүп турган, алардын көлөкөлүү көмүскөсүндө атаар тумшугу жер сүзгөн, чириген камыш менен жарым-жартылай жабылган жетимиш беш миллиметрлик немис замбиректеринин батареясы турган көпүрөнү көздөй жөнөп кетти.

Бул жерди биздин чабуулчу самолеттор аткылап өткөндө имараттардын чатыры ыргып, жүрөгү түшкөн немис артиллеристтери куралдарын жардырганга жарабай, ал тургай замбиректердин окчонтойлорун да жаппастан, мээлегичтерин гана алып качып кетишкен.

Кичи лейтенант менен кеткен солдаттар Проскуряковдун дивизионунан эмес, кандайдыр адашып келгендей немелер экен. Алар сырткы кебетесине караганда запкы жеп шалдырап шайы кеткендей көрүндү, жетери менен сарайдан жайлуу орун таап жыгылышчудай. Ал эми лейтенант сөрөй болсо эмне кыларын билбей көпүрөнү тынчы кете кайтарып, каршылаштар тууралуу олуттуу ойлонуп, кыялданып да жиберчүдөй неме болчу.

Майор Проскуряков командирлерди бизде кандай тездик менен бышырып жатышканына, алардын ийинине көп учурларда жөндөн-жөн эле жылдыз чапташса, андан арбын кездерде патриоттук демде айтылган кооз сөздөр үчүн жана кызматы өтпөгөндөргө деле сыйлык берилип жатканына дагы бир ирет таң калып, итатайы тутулду. Анан дагы адамдарды айып роталарына оңой жана жөн-жай эле жиберип жатышканы фронттон байкала баштады, мындан улам «айыпкер» деген сөз мурда чочутса, азыр көнүмүшкө айланып, көптөрдү чочутпай калган.

Хасан дөбөсүн алуудагы кан төгүүгө катышкан, ал жерде жарадар болуп, сыйлык да алган майор Проскуряков сыйлыкты, наамды, ыраазычылыкты, ал тургай сөгүштү да татыктуу түрдө алып көнгөн. Эбак эле чыныгы жоокер менен согушумуш эткен немелерди айырмалап калган.

Бул колоннадагы төрт батарея — анын дивизиону болчу. Ар бир батареяда кошумчасы менен алты замбирек бар. Алты жерде төрт канча? Жыйырма төрт. Замбирекчилердин саны толук эмес, дивизиондун взводдорунда адамдар таптакыр жетишпейт, тимеле мышык ыйлагыдай. Бирок, бул — зор күч! Ишке киришип, аткылаганда душмандын чабуулу токтойт. Жаз болгону үчүн да, белчеден баткак болгону үчүн да согуш токтойт. Анын үстүнө, бүткүл кыш бою чабуул коюшту, адамдар чарчашты. Ал тургай, эбак чарчабай калган, арызданганды унуткан майор Проскуряков да чарчады.

Бирок күүсү менен эле кетип баратышат, армия болгон үчүн эле, тытмаланса да, чачкын болсо да, чарчап-чаалыгып, үргүлөп жер сүзсө да кетип баратышат, душман дагы кетип баратат, анда-санда тиш ырсайтып айбат кылып коёт, чарчаңкы тарткан ал да көп учурларда бетме-бет кездешкиси келбейт, кара баткакка айланган талаа менен батышты карай сойлогондон сойлой качып баратат.

Кээде эле биздикилер буктурмалуу тоскоолдукка же брондолгон топко учурайт, болбосо немистин айласы кеткен аскер бөлүгүнө жолугуп, согуш оту дүрт эте түшөт.

Душмандын согушсуз качып баратканына көнө түшкөн, булчуңу бошоп, сактыгын жоготкон биздин жоокерлер, орус Ивандары тубаса жалкоолуктары, бейкапардыгы менен күтүүсүз чабуулга чыдай албай калат, дал ошондо... аларга колдоо керек болот. Ошондо анча көп эмес ок-дарысы бар жыйырма төрт замбирек душмандын чабуулун токтотот, өрттү өчүрөт, фронттун бул бөлүгүндө пайда болгон жыртыкты жамаачылайт.

Мына ошондуктан бул жолу да бригаданын командири бардык батареялардан снаряддарды, машиналардын майын чогултуп, штабдагыларды кубалап чыгып, алардын баарын майор Проскуряковдун карамагына берди. Айтор, алга барышы үчүн аны жабдыды. Калган дивизион эптеп сандалып жетээр дешти. Комбриг да, майор Проскуряков да, дегеле фронттогу бардык офицерлер эгер душмандан азыр жерибиздин бир бөлүгү алынбачу болсо, кийин аны көп кан төгүп атып араң алышарын аңдап турушту.

Мындай чабуулда баарын жумуш чечет. Андыктан комбриг майор Проскуряковду двизиону менен алга жиберди. Анткени ал иштерман болчу. Эгер дивизион танктардын чабуулун токтотууга барышы керек болсо, анда комбриг майор Проскуряковго тиймек эмес. Анткени аны эски офицер катары аячу. Мындай айыгышкан кармаш үчүн башка кызуу кандуураак командирлерин жиберчү. Андай командирлердин сыйлыктары майор Проскуряковдукуна караганда көп болчу. Башкы командачылыктын көңүлүндө майор Проскуряков эмес, башка командирлер эле.

Алар азыр фронттон алыста, эмен багында кийимдериндеги битти отко куйкалап жатышат, жуунуп, кырынып, түшкү тамакты күтүп отурушат. Дагы бир азаматты самогонго шайлап жиберишсе, ал жаман көпүрөдөн өтө албай кармалып калды... Өзү болсо солдаттары болуп машиналарды жана замбиректерди дээрлик кол менен жылдырып баратат. Бригададан бөлүнгөндөн бери өзү замбиректен бир эле жолу ок чыгарды, анткен менен кырктай жоокери менен тең снаряды кемиди. Дээрлик тамак жебестен, уктабастан дагы канча жүрүүгө туура келет?

Азыр жоокерлер машиналарда жана жакын арадагы баткакка аралашкан эски саманда жатышат. Устав боюнча укташкан жок, жөн гана татыктуу түрдө эс алышууда. Солдаттардын бут кийими небак түшүп калган, гимнастеркалар жон ылдый дал-далынан кетип, кимдир бирөөсү четинен бүрүп алышкан, чулгоосун жамаачы кылып алгандар да бар. Биринчи майга чейин дагы жыйырма күн бар — ошондо гана жаңы жайкы кийимди беришет. Биздин армиянын жайкы-кышкы кийимдерди алмаштыруу мөөнөтү улуу майрамдарга туураланат: 1-май — жайкы, 7-ноябрь — кышкы. Ушул жааттан алып караганда да булар чыныгы майрамдар. Солдаттар майрамга бир сүйүнсө, кийимге эки сүйүнүшөт. Анткени биздин жоокерге кийимди майрамдан майрамга чейин, жаздан күзгө чейин кийүү тапшырылган. Согушта бул кийимдер аралык мезгилди жашаш өтө кыйын.

Майор Проскуряков суунун боюна ыңгайлуу жайгашкан кыштакты карап турду. Бул айылды согуш таптакыр тынчсыздандырбагандай. Ал чоң жолдордон окчун жайгашкан, алыстан да көрүнбөйт, анда коргоп, коргонгудай деле орчундуу курулуш жок. Ортодогу чиркөөнүн гана куполу коңгуроо каккычы менен бирге алынып салынган, кыдырата тизилген шыңга бой теректер чиркөөнү согуштан коргоп турушкансыйт.

Кыштактын бир дагы үйү талкаланбаган, чарбагында бомба түшкөн чуңкур жок. Ушундан улам ал тынч сыяктуу, болгону тышкы таасирден улам муңайыңкы жылмайып тургансыйт. Кадимки айылдардагыдай короздор чакырып, көчөсүнөн адамдар азырынча көрүнбөсө да, аларды чакыргансып саала элек уйлар мөөрөшүүдө. Адамдар жашынып калышкандай, терезелерин жаркыратып, үйлөр күнгө жылмайышкансыйт, кыштакча өзүн бошотчу солдаттарга күлө бага карап, салам айта учурашып, өзүнө чакырууда.

Майор Проскуряков бул кыштакты карап туруп, тымызын кубанды, анда жашагандарга ичи тарый жаздады, ушул учурга жетпеген, жер алдынан сызылып чыккан мөлтүр булак көлмөчөгө мелтирей толуп, мына-мына тунук-таза көз жаш сымал мөлт деп тамчудай болуп турса, суу чулдуктар үстүнөн айлана учуп, үйрүлө түшүп үн салганын, дарыядан аркы шиберлүү айдың көз кубанта көгүлжүмдөнгөнүн, үйлөрдүн айланасындагы алчалуу бак гүлдөөр алдында кандайдыр ойлуу тарткансыганын, бул көрүнүшкө күбө болбогон жоокерлерди аяды, четки үйдүн алдында оттогон кызыл короз мекиянын кеминде үч же төрт айланта кубалады, анысы ал байкушту аягандын ордуна, чанып атат.

Майор Проскуряков тек гана жакында курман болгон солдаттар менен командирлер тууралуу ойлонду. Аларды даана эстеп турду, ал тургай жүздөрү көз алдына элестеди, анан кандайча курман болгондору эсине кылт этти. Башкаларды, согуш жылдарында өзү менен бирге кыйынчылыктарды бирге өткөргөндөрдү, дивизионго чейинкилерди, госпиталда бирге жаткандарды майор эми бир-бирден эстей да, элестете да алмак эмес. Өзүнөн кеткен адамдарды батырар эс-тутуму, көңүлүндө сактаар орду менен убактысы жетишсиз эле. Анткени, алар өтө эле көп болчу.

Анан майордо кадимки күйгүлтүктүү сөз айттырып, көзгө жаш келтирчү аёо да жок болчу. Майор Проскуряков жөн гана адамдар тетигил жерге чейин жетип, сөңгөктүү аңызда жатып, тамак жана жеңиш тууралуу кыялданышын каалады. Майордун эскерүүлөрүндө тирүү болушса да, аларга эми эч кандай күйгүлтүгүңдү жеткире албайсың. Ал досторун дайыма эстей берет, басылбаган көңүл оорусу менен жашап жүрөт. Дагы эле болсо аларга каяктадыр сыйлоо баракчалары жазылып бекитилүүдө, каяктадыр тирүү деп катталуу бойдон, каяктадыр аялы же энеси уктаардагы акыркы тилегин арнайт, күбүрөп бейпил түн каалайт.

Кайсы бир убакка чейин ушундай болот, андан соң маркумдар үчүн баары токтойт, ал тургай эскерүүлөр да жашоонун аркы четине сүрүлүп чыгат, эгер аларды эстей турган болушса, анда жер казган, кызытылган темирге бит кактаган, Гитлерди ашата сөккөн, жакшы тамактанып, көбүрөөк уктагысы келген жөнөкөй солдаттар Ваньканы, Васьканы, Петьканы жалгыздан эмес, жалпы-жонунан эстешет. Аларды согуштун катышуучулары катары эсептеп эстешет, балким баатыр катары санашат. Ал эми алар өзүлөрүн мындай деп эч качан аташпаган, эч ким тирүү кезинде минтип бааланбаган. Ошентип Ванька, Васька жана Петьканын жүзү эстен өчөт, дагы унутулбастары үчүн таштан олдоксон жонуп жасалган эстелик орнотулат, калдайган каска кийген, чоочун кебетедеги ага адамдар кайдыгер карашат.

Майор Проскуряковду ушундай узун, кыжаалат ойлор тунжуратты. Ал «студебеккердин» отургучунда көзүн жарым жумган бойдон кыңая жатты, уктап жаткансыганы менен ошол эле учурда баарын көрүп-угууда. Көпүрө оңдоп жаткандардын иштегенге караганда көбүрөөк тамеки түтөткөндөрүн, шайыр-шаңдуу тарта түшкөндөрүн байкады, демек алардын арасында ар бир рота же взводдо боло жүрчү тамашакөй бирөө бар. Мындай маскарапоздорду майор жаман көрчү. Анткени алар көп учурларда өз жумушун жоошторго кылдырган арамзалар жана жалкоолор болуп чыгышчу.

Бирок майор Проскуряков көпүрөгө түшүп баргысы келген жок. Убакыт түш ооп бараткан, ачыккан аскер бул кыштакка кирсе чыгаруу мүмкүн эместигин, аш таап жеп, уйкусун да кандырарын ал билип турду. Ал эми бул жердин көрүнүшү токпейил да, жайлуудай да экен. Андыктан мында түнөп чыгууга туура келет. Ушундан улам ал күзөтчүлөрдүн окобун кайда казып, нөөмөтчү батареяны кайда коюш керектигин, кожоюндарды биротоло курутпаштары үчүн жоокерлерди үй-үйлөргө кандай жайгаштырып, тойгузганы менен согушка жарабагыдай деңгээлде мас кылбаш керектигин, анткени өздүк курамды кайсы убак болсо да чогултуп, согушка көтөрүш негизги милдет экендигин, анткени мына ушул сыяктуу мээримдүү, ак көңүл кыштакчаларда, дал азыркыдай бейкут учурларга ишенип бүткүл дивизионду, кыштакты, ага кошуп өзүңдү дагы күм-жам кылып алышың турган иш экендигин жакшы билет.

Майор Проскуряков өз чарбасынын айланасында, согуштун анча чоң эмес бир бөлүгүнүн тегерегинде ойлонуп пландагыча кенже лейтенант Растягаев көзүнөн дүрбүсүн албастан айлананы тинте карап отурду. Ал анын согуштан тапкан алгачкы олжосу — өзүнө чекпесе да берилген тамекини жана аскердик мундирди ушуга алмаштырып алганы болду. Азыр канчалык тигиле караса да айланадан душман көрүнгөн жок, кенже лейтенантты бул бушайман кылды. Миңдеген чакырымдардан немистерди көрүш үчүн ушундай согушка келсе алар жөн көз тургай, куралданган көзгө урунбай жаткандарын карасаң.

Райкомдун дарсын уккан кыштактык сабаттуу дыйкан Сергей Потапович Растягаевдин уулу Сергей Сергеевич уктап жатса да өзүн согуштан көрчү, бир гана жаш курагы — 1925-жылы туулгандыгы аны тылда кармап жүрдү. Ал аскер бөлүмүнө ай сайын кайрылчу, бирок жашы жетмейинче аскерге алышкан жок, орто мектепте окууга аргасыз болуп, кийин аскердик жана саясий даярдык боюнча сабакты артыкчылык менен окугандыгынан ушул эле мектепте аскер жетекчиси болуп иштеди.

Аны акыры аскер окуу жайына кабыл алышканда апасы төшөккө жатып калды, атасы ачууланды: «Келесоо! Фронтто сенин арка-мойнуң астыңда калат. Мектепте иштей турбайт белең, анан...»

Сергей бул «ананды» жакшы билчү, анан «сен оорулуусуң, сага болбойт» дешмек. Бул «анан» бала чагынан бери өзүн ээрчип келатат. Ал небак эле балалык оорулардан арылган. Азыр таштай муздак сууга жуунат, турникте ар түрдүү көнүгүүлөрдү жасайт, чуркайт, секирет, атат, бирок эми карабайсыңарбы «натыйжаны...» Бул эмне деген комиссия: жаратуучу, интеллигенттердин үйүндө туулупсуң. Алар сени ичиңден билишет, артыңда турушат, сен үчүн жасашат. Ах, ох, өңүң кубарыптыр, чарчаптырсың, курсагың тойбой атыптыр...

Тажатышты!

Окуу жайдан Сергей ата-энесине токтоо түрдөгү, дээрлик катаал мүнөздөгү каттарды жаза баштады. Алар өзүнөн кыйкырчаак старшина Закорюченко «жогорку билимди» сыгып чыгарганын билишкен жок, эч качан билишпейт дагы, ачкалыкка көнбөгөн өзү курсагы тойбогондугунан жабыркаганын, анан дагы интеллигенттик жосундары үчүн, «сиз», «сураныч», «уруксат этиңиз», «боорукерлик кылыңыз» деген сыяктуу сөздөрү үчүн андан да көбүрөөк запкы жегенин
жашырды.

Анын алаксыганы, ал тургай, ашыкча болчу — биринчи сүйүүсү арыкчырайынан келген ачуулуу Валя деген студент кыз эле. Эртең фронтко кетем деген күнү алар дарыянын жээгине чыгып калган эски баржага жашынып алып дүүлүккөнчө ысык-ысык өбүшүшкөн, ошондо тиштене сүйлөнгөн Валя патриоттук маанайда акыл айткан: «Сен аларды сок! Аёосуз талкала!» Андан соң кумга кыңая жатып, бир гана өзүнө тиешелүү болууну кааларын, бул үчүн бардыгына даярдыгын билдиреген.

Сергей негедир уялган, тартынган, кечирим сурап баштаган, ошентип алар жээктен унчукпастан уялыңкы түрдө алысташкан. Валя фронттон ага күн сайын кат жазып турган, алардын сүйүүсү каттан катка өсүп жүрүп отурган. Ошол күнү баржадан жөн-жай кетип калгандарына Сергейдин көңүл түпкүрүндө кандайдыр өкүнүч катылып калган. Анан да калп айта албагандыгынан улам согуштагы өзүнүн иштери тууралуу орчундуу эч нерсе жаза албаганына өкүнүп жүрөт. Ал солдаттардын алыскы сүйгөндөрүнө согуш тууралуу апыртып жазгандарын ачык жектечү, тигилер да жооп бергендерине караганда булардын апыртмаларына ишенип, эрдиктерине суктанып, өмүрлөрү үчүн коркуп жүрүшкөнү
байкалат.

Кыскасы, Сергейдин фронтко келгенине болгону бир жума болду, ал үгүт бригадасына толуктоо катары келди, чынында, дайындалган жерине түшпөй калды. Анткени жалпы аскердик даярдыктан өткөнү өзүнө колунан баары келгендей, көптү билгендей сезилип турган, чынында көптөгөн өзү теңдүүлөр сыяктуу акылы толушу керек болчу, согуштук кырдаал жол берсе, командирлер биринчи эле согушта аны, али өтө көк бойдон келген эр жүрөк немени айдактап зыян келтирбесе, андан башка да жагдайлар жол берсе тажрыйбага ээ болуп, чыныгы жоокер болуп чыкмак.

Дарыяны кечип өтүүдө майор Проскуряковдун башкаруусундагы дивизионго караштуу взводдун командиринин астынан муз жарылып, куралы менен кошо чөгүп кеткен. Кийин муздун алдынан офицердин сөөгүн да, анын куралын да алып чыгышкан. Куралды тазалап, майлап ордуна коюшту, офицердин зыңкыйган денесин кийимчен жерге беришке туура келди. Жоокерлер өз командирин көп эстебегендери менен, жаңысына анча ичи чыкпагандыктан көңүлдөнбөй баш ийип, кыйгач карай мамиле кылып жүрүштү, кээде айтыша кетишчү да болду. Майор Проскуряков мындай мамилени байкамаксанга салды.

Үчүнчү күнү болгон согушка кенже лейтенант катышкан эмес. Майор Проскуряков аны бригадага билдирүү менен жиберип, бош жащиктерди, бочкаларды, гильзаларды ала барууну буюрган. Бул калдыктын баарын жеткирип, ордуна катырылган нан, бир нече куту снаряд алгыча атышуу токтогон, курман болгондор жерге берилип, жеңил жарадарлар тылга жөө да, жолулаш машина менен да жөнөтүлгөн. Анткени майор Проскуряков майды, ок-дарыны, снаряддарды алып калып, оор жарадарлар үчүн дөңгөлөгүнө чынжыр оролгон бир гана машинаны берген.

Кенже лейтенант Растягаев бүт айлананы баштан-аяк изилдеп чыкты, ал тургай алга барчу, кайра чегинчү жолдорду, үстүнө чыгып байкоо салса боло турган имараттар менен бактарды эсепке алды, душманга кол салып зыянсыздандырыш жолдорун, кыйын кыйчалыш учурда аны кандай ишке ашырышты ойлонуштурду. Бул аймактан бир гана жол өтөт экен. Бардык булактар кошулган суу төмөнкү көпүрөдөн өткөн соң теректерди аралап отуруп, жалгыз аяк жолдорду бириктирген дөңсөөгө жеткенде солду карай ойт берип, анан арылап барып көрүнбөй
кетет экен.

Дал ошол дөңсөөдөн кашкайып көрүнүп турган жолдон азыр кенже лейтенант кандайдыр чүмкөмө машинаны капысынан көрүп калды. Ал ордунан жыла албай тыгылып калыптыр, чимирилип жаткан дөңгөлөгүнөн түтүн чыгып, чачырандылар артка ыргып жатыптыр, күрөк көтөргөн кандайдыр бир адамдар айланасында күйпөлөктөп жүрүшүптүр. Машинанын мурду чыкпаганы көзгө башкача көрүндү. Айдоочу да отурушу керек болгон жерге орун албаптыр. Кенже лейтенант Растягаев баш чулгуп алып, капысынан бул жөн гана көрүмчү эмес экенин, бул немис машинасы, душман техникасы экенин түшүнө калды. Ал дүрбүнү көзүнөн алганда машина алыс ыргып, чемодандын көлөмүндөй боло түштү, адамдар чымындар сыяктанды.

— Жолдоштор! — басыңкы үн менен кыйкырды кенже лейтенант. — Немистер!

Чатырдан түшүрүлгөн бооланган камыш менен чопо дубалдын ортосуна жашынууга аракет кылып жаткан эки жоокер секирип туруп, мылтыктарын издей башташты.

— Кана немистер? — дешти алар айланага элеңдей карап.

Кенже лейтенант алгач колу менен жаңсап көрсөтүп, анан өзүнө жакын турган жоокерге дүрбүнү сунду. Бирок тигил командиринин колун колунун сырты менен түртүп, алаканын чекесине такай калып карады.

— Тыгылып калыптыр, — деп күңкүлдөй сүйлөп жолдошуна кайрылган ал оозуна тиштеген жыгачтын учун түкүрүнө кетти, анан чимкиринип алып, тамекинин чогунан тешилген гимнастеркасынын жеңи менен мурдун сүрттү. Анын жолдошу эриниңки түрдө кыймылдап, тамеки чеге баштады.

— Кандайча эй!.. Кетип калат да! — деп өзүн жогото түшкөн кенже лейтенант Растягаев ишенимсиз түрдө күңкүлдөдү. — Немистер, фащисттер кетип калат деп жатам! —анан өзүн тоготпогондоруна арданган ал дүлөйлөргө кайрылгандай кыйкырды.

— Шайтан алсын ошолорду! — солдаттардын тамеки чегип жатканы өзүнчө сүйлөнгөнсүдү, беркиси камыш үстүнө оңтойлонуп жата кетти, анын көзү жумулуп, ылдыйкы эрди бошоң тартканына караганда дароо уктап кеткен сыяктанды. Бул кенебестик кенже лейтенантты таптакыр эле таң калтырды.

— Кандайча... Билдириш керек да... Фащисттер да...

— Алар алыс кете алышпайт, эй, — командирин тынчтандыргысы келген солдат колун шилтей ишенимдүү сүйлөдү, — а билдириш керекпи? Эмнени билдирмек элек? Көрүп атышат, сокур эмес.

— Көрүп атат? — таң калды кенже лейтенант. — Көрсө да... эч нерсе... Эч кандай чара көрүлгөн жок!

— О, Кудай, дагы каяктагы чараны айтасың? Өзүңдү карма кенже лейтенант, согушуп үлгүрөсүң.

Кенже лейтенант эми чындап кармана албай калды:

— Биринчиден, «сен» эмес, «сиз!» Экинчиден, — кенже лейтенант солдатты көзүн жүлжүйтө карады, — экинчиден, тамекини ташта. Ордуңдан тур! Тур деп жатам!

Жоокер ызалуу жылмайып, ордунан эриниңки турду, бирок тамекисин жең ичине катты, эми түтүн гимнастеркасынын жакасынын жыртыгынан мордон чыккансып буркурай баштады.

— А силерге өзүнчө буйрук бериш керекпи?! — деп кыйкырды кенже лейтенант экинчи солдаттын уктабай эле, уктамыш болуп жатканына чындап ишенип тургандай.

— Игнат, — деп биринчи солдат уктап жаткан жолдошун буту менен түрттү. — Тур! Катарда басуу менен машыгабыз...

— Ары баргылачы эй, — деп буркулдады Игнат. — Тамашалашкандан башка кыларга ишиңер жокпу?

— Эмне-е! Тамашабы? Тургун!

— Турдум, турдум! Кыйкырыштын эмне кереги бар? — солдат өйдө болуп отура берип, камыштын арасына түшүп кеткен пилоткасын издей күңкүлдөдү. — Бирдеме болуп кеткенсип кыйкырат тимеле. Кыйкыргандан бирдеме чыкса да...

Ал арада немис машинасы ордунан козголуп, дөңсөө аркылуу жылып, бир жүткүнсө эле көздөн кайым болгону калды. Ушул ирмемде кенже лейтенант кампанын артында турган замбиректи эстей калды.

— Артымдан! — заардуу кыйкырып солдаттарга команда берген ал жөнөп калды. Экөө ийиндерин куушуруп алып, мылтыктарын жонго ыргытып, дээрлик бош калган баштыктарын көтөрүп артынан жөнөштү.

— Күрөгүңөр барбы? Кана анда, таканчыгын казып чыгар! Куралды бур! Атууга!

— Атууга арзыбайт, кенже лейтенант.

— Жап оозуңду!

— Жаптым, жаптым!

Жашыраак солдат лейтенанттын аракетине кызыгы арта түшүп, жандуу кыймылдап замбиректин сокочосун каза баштады.

— Эмне экен? Биз азыр аны... Кандай дейсиң, Игнат?

Игнат унчуккан жок, шеригине баш чулгуп алып, экөөнө жардам бергиче душмандын замбирегине үчөөлөп өбөктөй берип, бири-бирин сүрөй үн салып, тигил жакты каратышты. Игнат немис замбирегинин сокочолорун орното баштады

— Кантип атабыз? Кароолун немистер алып кетишкен да.

— Стволу менен болжоп атабыз, жолдош жоокер, — деп кенже лейтенант Растягаев манжаларын шак эттирди. Ал эми ачууланбай да, ызылдабай да калды. Ага бул тоң моюн Игнат жага баштады. Баарын көргөн, изилдөөдөн өткөргөн фронтовик ушундай болушу керек. Кенже лейтенант Растягаев ачууга алдырса эмне экен, согуштагы кыйчалыш кырдаалда эмнелер гана болбойт.

— Ствол менен тийгизиш кыйын. Аны менен кинодо эле атышат. Ал тургай кароол менен тийгизгенге караганда көбүрөөк жаза атышат...

— Силер эмне эле наалып атасыңар! Снаряд! Окто! — бакырып буйрук берди кенже лейтенант.

— Ме сага, согушуп жаткылачы! — деп Игнат учунда снаряды бар узун жезди замбиректин оюгуна тыгып жиберип, оозун шарактата жапты.

Экинчи жоокер тутканы айлантып, замбиректин оозун бура баштады, кенже лейтенант Растягаев анын учун карап, бир заматта кубара түшүп команда берди:

— Өйдө, өйдө. Кичине жогору. Токто! Кичине солго. Токто! Атам! — деп ал сыйпалап кнопканы таап, мына басып жиберчүдөй сөөмөйүн такап, үстүңкү эрдин гана кыймылдата кошумчалады: — Атууну ишке ашырам! — ал көзүн жүлжүйтө берип кнопканы басып калды.

Замбирек катуу үн чыгара атылды. Снаряд дөбөчөдөн алыс түшүп жарылды, жеңдей түтүн асманга атырылып чыгып, жаңырыктап жеткен үнгө аралаш козу карындай болуп чатырай ачылды. Мындай козу карынды Растягаевдин мекенинде жаман көрүп «бздех» деп аташат.

Дөңсөөдөгү тумшуксуз машинанын айланасындагы адамдар ары-бери чуркап, карбаластай түшүштү.

— Аа-а! — жаш солдат менен көздөрү жалжылдап кеткен командир жарыша кыйкырып жиберишти.

— Жолдош жоокер, окто! — команда берди Растягаев.

— Сиздин атыңыз ким, жолдош кенже лейтенант? — жаш солдат командирине баёо түрдө суроо берип, жоопту күтпөстөн өзүн тааныштырды: — Менин атым Леонид, демек Ленка десеңиз болот.

— Аб-бдан жакшы! Согуштук кырдаалда таанышканыма кубанычтамын. Менин фамилиям Растягаев. Кенже лейтенант Растягаев, — дароо үнүн көтөрүп буйрук берди: — О-окто!

— Атканды балким токтоторбуз, каршылашты каршыктырбайлык, — тигил тараптан көзүн албаган Игнат күңкүлдөй сүйлөй көңүлсүз кыймылдап, замбиректи октоду.

— Чын эле сага эмне болгон! — эми чындап жинденген кенже лейтенант мээлөөнү жүргүзүүнү унутуп кнопканы басты.

Катуу атылган үн жаңырыктап басылганда Игнат колун өкүнүчтүү жайды:

— Мына эми, үйгө тийгизиптирбиз, анда адамдар, балдар болушу мүмкүн болчу...

Болуп өткөнгө ишенгиси келбеген кенже лейтенант Растягаев алдыдагы аймакка көз жүгүртүп, күтүүсүздөн саманы карайган чатырдан көгүш түтүндүн шыйпаңдаган ак куйругун көрдү, ошол замат дүрт эткен кызыл жалын байкалып, күн нурунан бат эле өңү өчтү.

— Бериңизчи андан көрө мен, — деп кенже лейтенантты замбиректен сүрүп чыгарган Игнат бат да, эпчилдик менен да ата баштады.

Снаряддар дөңсөөгө тийип жарылганы менен машинага жакындаган жок. Ошентсе да кенже лейтенантка мына-мына душмандын машинасына сөзсүз тийчүдөй боло берди. Бул машина жөн эмес, радиоборбор сыяктанды, анткени үстүнөн антенна көрүнүп тургансыды. Радиоборборду тейлөөчү тобу менен жок кылышса кандай жакшы болмок. Машинанын айланасында бештен кем эмес адам карбаластап жүргөнсүдү. Акыркы снаряд жакын түшкөндө алар жолдун баткактыгына карабай жерге жабыша калышты.

Замбирек ачууланып жаткандай, нааразы да болгондой күрсүлдөп жатты. Снаряддар бутадан алыс түшүүдө. Колоннадан кол булгалап, манжаларын түтүк кыла бирдеме деп кыйкырып солдат келатты. Атууну токтотуп күтүп калышты.

— Эй, эмнеге болбогон ишке асылып атасыңар! Жолдош майор сөгүнүп, токтотсун деп атат, — деп кыйкырды ал.

— Жолдош майорго айтып кой, — көзүн жүлжүйтө берип мыскылдай сүйлөдү кенже лейтенант Растягаев, — душман багынбастан өз техникаларын алып баратканда, жолдош Алексей Максимович Горький айткандай, аны токтотуп жок кылыш керек. Уктап жатпастан... Анда эмесе ушуну айтып бар... Артка-а!

Игнат күлүп жиберип, башын чайкады. Ленька боюн түзөй берип тамаша-чыны билинбеген суроосун узатты:

— Дагы аткылап, ыштандарына толтурталыбы?

— Дагы!..

Алар дивизиондун чабарманы Проскуряковдун машинасына кайтып барып, майорго кенже лейтенанттын айтканын айткандай жеткиргиче эки жолу атып жиберишти. Майорго көптөн бери кызмат кылган, бул кызматка бекем отурган, аны эти менен сөөгү турмак, чучугуна чейин жакшы билген чабарманга эч ким көптөн бери мындай «Артка!» деген буйрукту минтип орой бере элек эле.

— Эмне— е! — деп ачуулуу кыйкырды майор. — Анда кайра барып тигил баатыр сөрөйдү мында чакыр, тезирээк келсин деди де!

Солдат тапшырманы орундатышка кубанган бойдон жөнөп калды, бирок ушул ирмемде алыскы дөбөнүн артынан татыраган катуу үн чыкканда машинанын алдына кире качканга араң үлгүрдү. Минтип алты аткычтуу минометтук колоннадан ок жаадырылып бүткүчө майор Проскуряков өзү отурган «студебеккерден» чыга качканга араң жетишти. Анткени аткылоо кандай башталса, ошондой токтоду. Бир заматта баары тынчыды. Ыргыган баткак, чачыраган ылай жерге түшүп, чаң менен түтүн отурду. Бир гана аткылоо. Немистерге да ок-дары жагынан кыйын болчу. Бирок ушул бир аткылоо эле колоннаны кескелдириктен бетер бөлө чапты. Соккунун орчундуусу тийген жүк ташуучу машина артына очорулуп, түтөй баштады, жарадарлардын аянычтуу кыйкырыгы угулду. Күйгөн «ЗИСтин» алды-артындагы унаалар өрт жабышпасы үчүн алыстай качышты. Жоокерлер анын үстүнөн курман болгон эки жигитти алып түшүштү. Жол боюнда дагы бир нече мүрт кеткен киши жатты. Жарылган машинадан чачыраган майдан алардын гимнастеркалары менен кошо чачы да күйүп кетиптир, буруксуган сасык түтүн айлананы
каптады.

Төмөндө, көпүрөдө иш шашылыш жүрүп жатты, аткылоо мажбурлады окшойт, айдоочулар машиналарды көздөн далдаа жер издеп талаа менен айдап жөнөштү, «катюшалар» да дан кампаларынын артына далдаланышты, солдаттар автоматтарын октогуча азыр эле аткыланган замбиректи карай умтулушту. Мунун баарын жерден туруп келе жатып майор Проскуряков көрүп, эмне үчүн жоокерлер автоматын кезей чуркап бара жатканы мээсине тык дей түшүп, кыйкырып
калды:

— Токто!.. Эй токто деп жатам!

Аны угушкан жок, уккусу да келишпеди. Бардык катарлардан олжолонгон замбиректи карай көп кишилер куралдарын кезей сөгүнгөн бойдон жөнөп калышты.

Майор Проскуряков буларды кыйкырып токтото албасын капысынан түшүнө калып, өзү да замбиректи карай чуркап жөнөдү. Талаптагыдай кийинген ал катуу түнөрүп алган эле, анан көптөн бери мындай чуркай элек болчу. Анткени фронтто командирлер артка чегингенде гана чуркашат. Ал эми чабуулда катардагы солдаттар буйрук менен чуркашат, көбүнчө кандайдыр иш менен буйругу жок деле жүгүрө беришет. Майор жоокерлерди кубалап жете албасын, өзгөчө, жаштарды кармашка өзүнүн ылдамдыгы аздыгын, кенже лейтенант Растягаевке кыйын болуп калганын, бүткүл божомолу боюнча анын согушуп бүткөнүн жакшы
түшүндү.

Ошондо ал чуркап баратып кабына жабышып калган тапанчасын кыйынчылык менен чыгарып алып, өзүнө көңүл бурдуруш үчүн, адамдарды бир саамга болсо да алаксытыш максатында болгон огун асманга аткылады. Бирок бул да жардам бербеди. Куралын көпчүлүккө аралашканда ката салган анын кулагына шак
этти:

— Досто-ор, аяп койгула... — үн аянычтуу да, пас да чыкты, бул үндө үмүтсүздүк бар болчу, минтип адамдардын табиятын жакшы билген киши кыйкырмак.

Бул кыйкырык Проскуряковду селт эттирди. Кандайдыр күч таап, ал жоокерлерди түрткүлөп ортого кирип барды. Жаш жана картаң — эки солдатты уруп жатышыптыр. Жерде жаткан кенже лейтенант Растягаев бооланган камышты сүзгүлөй тизесине турганы өмгөктөп, бир колу менен жарылган мурдун сыйпалап, башкасы менен кабынан чыкпай жаткан колдонуудан калган наганын тарткылап жатыптыр. Дагы бир ирмем болгондо эч ким эч кимди токтото албай калмак.

— Токтоткунуң! Токто! — демиккенден кысылган үнү менен буйрук бере кыйкырган Проскуряков комвзводко умтулуп, анын колунан наганды жулуп алып, командирлик көнүмүшү менен чайылдай кыйкырды: — Какайгыла! — демейде жөнү жок сөгүнүүнү жактырбай айланасындагы богооздор менен урушса да, азыр көкшүнү суубай калчудай болуп ашатып алды. — Какайгыла! — деп анан заарын азайта буюрду. — Баарыңар какайгыла!

Ачуусунан кубарган, калчылдаган солдаттар ыргылжыңдана түшүшүп, жерде жаткан эки жоокерди ары-бери тоголото тепкилегендерин токтотушту. Азыр бакырчаактар кайра үнүн көтөргүчө бул чарчаган, ушундан улам да аскердик топту эмес, жинденген көпчүлүктү токтоосуз түрдө канааттандырышы керектигин түшүнө калды. Майор болушунча катаал үндө, бирок үнүн анча көтөрбөстөн бакылдады:

— Кенже лейтенант Растягаев сиз камалдыңыз! Пищенко! — деп өз жардамчысын чакырды. — Кенже лейтенантты алып жөнө!

Пищенко каяктандыр бир заматта пайда болуп, колун пилоткасына коюп:

— Жарайт! — деп заңк этип, анан тишин кычырата ызырынды: — Кана шүмшүк, баскын! Итирейген каракчы, азыр сени мончого салам!

Токмок жеген эки солдат ушул ыңгайдан пайдалана өйдө болуп, жерге отурушту. Алардын кичүүсү гимнастеркасынын айрылган чөнтөгүнөн түшкөн катын, карточкаларын алып жатып өксүй ыйлап сурады:

— Игнат аба, эмне үчүн бизди урушту? Эмне үчүн, а?

Игнат гильзадан көө болгон колу менен гимнастеркасын бүчүлөмөк болуп кайсалады, бирок топчусу жалгыз калгандыктан аны улам бүчүлөп кайра чече берди. Анын бырыштуу көзүнүн алды көгүш тарта шишип чыкты, бул мурутчан багжайган жүзүнө таптакыр жарашпай турду.

Айлананы кыйкырык жаңыртып турду. Солдаттардын кол кычуусу канбай калганда ушинтип оозунан күчүн чыгарышат:

— Согушкуңар келеби, канчыктар!

— Как баш, сени да жөнөтүш керек ошо жакка!

— Силердин айыңардан канча киши мерт кетти...

— Акмактар! Майорго рахмат айткыла, болбосо...

— Оюнчук таптыңарбы? Согуш менен ойногулары бар!

— Жетишпей калышчудай болуп!

— Лейтенантым, орден тагынгың келеби?

— Ооба, бир орденди тумшугуна илди!

— Бул го жаштыгынан жиндиленди, а мобул как баш кайда башын тыгат?

Көп сөз айтылды, сөгүнгөндөр андан бетер көп болду, бирок башкысы өтүп кетти, кызуулангандар демин басты, тикчиңдегендер жоошуй түштү. Эски солдат муну сезип, дагы бир жолу кечирим сурады:

— Кечирип койгула, жигиттер. Күнөөлүүмүн. Кенже лейтенантты токтото албадым. Мынабу суумурун да бир жагынан, — деп жолдошун көзү менен көргөздү. — Баралы эми...

Ачуусу менен замбиректи тегеректегендер үрпөйө карап кетпей турушту.

Майор Проскуряков токмок жеген үчөө кеткиче карап туруп, үнүн көтөрө өтүндү:

— Тарашыңарды суранам, жолдоштор, жүрүшкө даярдангыла.

— Менин кетким келген жок. Барбайм! — кенже лейтенант балача чыйылдай кыйкырды. — Мен эч жакка барбайм. Мен согушам, мен акыркы демим калганча кармашам!

Пищенко аны түртүп жибергенде, аз жерден жыгыла жаздады. Түшүп кеткен пилоткасын ала калып, тизесине чапкылай күбүп, мурдагыдан да катуу кыйкырды. — Төрт жылдан бери согушуп атасыңар, дагы он жыл согушасыңарбы...

Майор токтоп, кенже лейтенантты бутунан башына чейин ченегендей карап, баары уккандай так-так сүйлөй:

— Бок-мур-ун! — деп күркүрөп-шаркырап от алып турган «студебеккерди» карай тез-тезден басып кетти.

Пищенко да катаал үндө баары уккандай айтты:

— Баргыла, тезирээк кабинага киргиле, болбосо замана саат болуп турганда, кишилердин түбүнө жетесиңер же алар силердин согуш мөөнөтүңөрдү кыскартат!

— Кандайча кыскартат?

— Опоңой эле! Чокуга чаап, силердин айыңардан мерт кеткендер менен чогуу көмүшөт дагы, тактайга: «Гитлердик баскынчылар менен кармашта баатырларча курман болду», — деп жазышат. Ал эмес апаңарга да кантип өлгөнүңөрдү айтып жүрбөйт. Өлдү, бүттү!.. — Пищенко наалыма адам болчу. Ал майорду жакшы көрүп мактай берчү, азыр да бурула берип кошумчалады: — Жолдош майор, керек болсо, Хасанда эле жарадар болгон, — дагы унчукпай туруп калып: — Жолдош майор чынында эле сейрек сөгүнөт.

Растягаев машинада кечке чейин отурду. Күүгүм кире көпүрө оңдолуп, колонна Грицев кыштагына кирди. Ал жакта башка тез аракетке барган аскер бөлүктөрүнүн жоокерлери үйлөрдү бөлүштүрүп, бийиктеги коргонууну бекемдешиптир, артиллеристтер менен байланыш түзүлүп, снарядга, майга жана азык-түлүккө унаа жөнөтүлдү.

Кенже лейтенант Растягаевке наганын кайтарышты, ага взводдун башкармалыгына өзү отурган унаа менен барып-келүү буйругу берилди. Өзүм билемдик кылбай жооптуу тапшырманы так аткарып, кандай болбосун снаряд менен катырылган нандан көбүрөөк алып келүү буйрулду. «Майор Проскуряков жолдо-ката бүгүнкү жоругуңдун үстүнөн жакшылап ойлонсун деди», — деп кошумчалады Пищенко.

Мурду шишиген кенже лейтенант Растягаев газиктин эшигин карс эттире жаап, айдоочуга жолго чыгуусун буюргуча, коштошордо Пищенконун майордуку катары айткан сөзү аныкы эмес, өзүнүкү экенин боолголоду, ошентсе да ага муну акылдан өткөрүшү зарыл болчу.