Акыркы элегия

                         Quid mihi vobiscum est, infelix cura, libelli...
                                              Ovid, Tristia, II, 1
                         (Азыр сизге табым жок, каражолтой китепке, ырга да?
                                             Овидий. «Күйүттүү элегиялар» китебинен)

Кош бол эми, менин байкуш китепчем,
барактарың шуудуратып түшөт дем,
     бир кампайып, бир жалпайып көөрүгүндөй кыяктын;
ага-ини болуп Лета жээгинде
бариктерин шуудураткан кээ бирде
     эми өзүңдөй шордуу жетим теректерге ынаксың.

Аркы жээкке жолум эмне жакынбы,
көпкө сүзөм унутканча атыңды,
     эстен чыкчу ага-иниң, бир тууганың азбы анан;
жүрөк муздап, аркы жээктен бүтөт жер,
түтөп айтам: каргыш тийгир китептер,
     шуудураба, мен силерди эч убакта жазбагам!

Сен ыйлаба, эстебе да, кайгырба,
унут мени, бак-дарактар айлында
     шордуу жетим ага-иниң менен кошо титиреп...
Жакында кыш: жалбырактар күбүлүп,
коён, түлкү карды жирей жүгүрүп,
     айлананы аппак уйку басып баарын бүтүрөт.